www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Атамбаев эшек минип алып балашкасы Сапар Исаковду жандатып ээрчитип алат. Эл күбүрөйт: «Карасаң уялбай балтыйып эшек минип алыптыр. Тирмийген балашкасы жөө жүрөт»- деп. АША балашкасын артына учкаштырып алат. Эл: «Карасаңар мантайышып балашкасы экөө эшекти минип алыптыр, байкуш эшекке эле убал болду» дешет. АША балашкасын эшекке отургузуп, өзү жөө басат. Эл: «Карасаң 60тан эбак ашкан чалды жөө бастырып, былчыйып балашкасы минип алыптыр» деп. Балашкасы эшектен түшүп, экөө жөө басып, эшекти жетелеп алышат: «Карасаң дандыйган эшеги турса экөө жөө басып алышыптыр» дешет.
Камакта жатканда Атамбаевди сотко күч менен алып келип жаткандыктан анын муун оорулары кармаган деп эсептечү адвокаты Замир Жоошев. Жоош болбой куруп калсын Атамбаевдин убагында май-каймакты жеп жүргөндөрдүн бири. Анын айтуусунда кол тийсе куурап калган Атамбаев № 47 колониянын ачендигине арыз менен анын ден соолугун текшерип берүүнү сурап кайрылган. Атамбаевди үч мүнөттүк жолго машина менен беш жолу алып барып жүрүп жүдөтүштү деп белгилеген Жоошев анын жүрөк оорусунан тышкары муун оорулары кармап жатканын баса белгилеп.
Ал эми Атамбаевдин аппаратын бийлеп турган Фарид Ниязов элдин оозунан эбакта чыккан. Аны Биринчи май райондук соту Сариев, Оторбаев сыяктуу ээликтирбей түрмөдө калтырган. Бирок Акаевди айга теңеп, жүгүрүгүү менен чоңойгон Фарид Ниязов түрмөдө жаткандарды акча менен чыгарам деп, өзү камалып калганы ага ишенген кишилердин жүрөгүн сыздатат. Анткени, ага ушул көйгөй боюнча телефон чалыштын таксасы эле 50 миң доллар болгон. Түрмөдө жатып «вор в законе» болбосо да бир топ өсүшкө жеткен. 2012-жылы Камчыбек Ташиев баштаган көч Ак үйдү алабыз деп тосмодон секиргенде президент Атамбаев жок, премьер-министр Сатыбалдиев колун көтөрүп багынып берген, ал эми Ак үйдү тейлеп калган президенттик аппараттын жетекчиси Нарынбаев Нарынды көздөй качып бараткан жерде «Ташиев президент эмес, эми келиңиз деп» араң алып келишкен.
Атамбаев өзү эсептеген жандосу Путин качан чакырса, Кремлге «ляппай» деп жетип барганы чындык. Аны коштоп Фарид Ниязов жүрчү. Бирок, Атамбаев камалар менен Путин аны эсептен чыгарып салган. «Жамандыкка жакшылык» деген принцип бар, Жапаров камакта жатканда Атамбаев кандай жамандык кылса, Жапаров кечирди. Камактан чыккан Атамбаев Сапар Исаковду колдоп жатат. Албетте, булар мыйзамдуу келишпейт, ошондуктан ким менен болсо да кошулуп, башаламандыкка барышы мүмкүн.
Радикулити, жүрөгү, омурткасы ооруп, операцияга муктаж болгон Алмазбек Атамбаевди эркиндикке чыккан соң даң салып Жапаровду бир аз мактай баштады. Эгерде түрмөдөн ары карап кетсе, анда азыркы бийликке каршы тургандар тарабынан кайрадан нааразычылык акциялар жаралышы мүмкүн эле ошондуктан бошоткону эле оң болду. Азыр камактан бошонуп, аянычтуу үн салган АШАнын өзүндө эместиги, абдыраганы, эмне кыларын билбей калгандыгы сезилип турат. Бир гана ал радикулит (көчүк нервдеринин тамырлары сезгенген) экендигин жаап жашырып тургандай. Атамбаевдин радикулити саясий жактан образдуу келет. Кызыгы мамлекеттик масштабдагы майрамдарда – Эгемендүүлүк күнү, президенттик инаугурацияларда же эл аралык окуянын бири болуп жүргөн Көчмөндөр оюнуна келерде анын радикулити кармап кетип, качан майрам жеке өзүнө арнала баштаганда гана жанат. АШАдан мурунку президенттер да анын оюу боюнча байкуштарга айланган. Аларга салыштырмалуу Атамбаев президент болуп турганда баса калып канчалаган бейкүнөө адамдарды камабады?
Өз кичи мекенинде бууракандап-шаракандап аккан тоонун суусун телмире тиктегенди сүйчү Атамбаевге ал да жок, жанында тайганча шимшилеп жүрчү акча кулдар эбакта из жашырып кетишкен. Бирок бары бир туулган айылынын жыты тартып тургандыр. Бул лирика эмес, түшүнгөн адамга бул трагедия, айрыкча өзүнүн сүйгөн ордунан айрылып камакта жатуу, кандай алаамат. Бөтөнчө жаш улам улгайып бара жатканда. Атамбаев бул тагдырдан кыйгач кетти. Гетенин Фаустунан бир кыскача үзүндү келтире кетели: «Мен – түбөлүк жамандык каалаган жана түбөлүк жакшылык жасаган бир чоң күчмүн» -дейт.
Атамбаевче –бул эмнени билдирет? Кээ бирөө Атамбаев кыргыз жерин гүлдөтүп жаткан дейт. Бирок өзүн ким экенин ал кызматын өткөргөн соң билди. Ага миллиондогон элдин жек көрүүсүнө татып, кийин эмне болот деп күтүп жүрүү абдан оор. Өзүнө - өзү бекем ишенген адамга «Көңүлдө калган из калтыруу», «шок кылуу», «Жүрөк менен маанайын ээлеп алуу» тууралуу көйгөйлөрдүн деле кереги жок, бир гана өзүн примитивдүү түрдө мактап турса болду. Ал мактанганды сүйөт, өзүнүн ийгилигине эч ким курсант болбосо да өзүн-өзү мактаганды сүйөт. АША кезектеги шансын койо берген, анын адамдарды тандай билбегени оор катачылыгы болгон. АШАнын доорундагы аты чыккан бир да адам болгон эмес. Бир адамдан жаңылса болот, мейли экөөнөн, бирок элдин барын тегиз «саткын» деп эсептеген адамды «аянычтуу саясий сокур» деп гана эсептешибиз керек.
Балким бардыгы анда эмес. Атамбаев өзүн «өтө ак көңүл жана ишенчээк» сапатка ээмин деп эсептейт. Ошондон улам боштук, жек көрүүчүлүк, ар кимге асылуу, камоо көнүмүш нерсе болуп калган. АША чет мамлекетке барып, жогорку профессионалдуу врачтардын көзөмөлүндө дарыланып, ден-соолугун чыңдап албаса, анан кайрадан сот процесстерине активдүү катышпаса радикулит жаман. Арийне, төлгө боюнча Атамбаев өз радикулиттен өлбөйт! Балким ал матч-реванш алып, Сапар Исаковдун бучкагын кармап, кайрадан мамлекетти чимиргиси келип жаткандыр.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg