www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Азаттык» үн алгысы принципиалдуу, калыс болууга тийиш эле, бирок андан тайып АШАны колдогондун бир себеби бар. Кеп АША ушул тапта бийликте болбогонунда эмес, АША бийликте болгондо да «Азаттык» үн алгысы аны кош колдоп колдоп келген.Негизи «Азаттык» үн алгысы Атамбаевдин Кыргызстандагы рупоруна айланган. АША каалабаган адамдарды сындайт, ал колдогон адамдарды колдойт. Али Токтакунов деген «Азаттык» үн алгысынын жетеленме журналюгасы бар, бир кезде Өмүрбек Текебаевдин  партиясына кирип парламентке аттанып жеңилип калган. л өз баракчасына Атамбаев, Текебаевди коюп көкөлөтөмактап, анын душмандарын коюп жер-жебесине жетип турат.

Мадумаров депутатка жетпей жүргөндө, парламентти чаңдатып жүргөн Текебаев деген бар. Бул алыста бугуп жатып алып, Кыргызстанга көз салып отурат. Азыркы чыр-чатактын башында Кимсанбаевич турганы анык, ошол себептен «Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт» дегендей Чиркешович Мадумаровко далдаалангысы келбеди окшойт. Болбосо, Германиядан Өмүрбек Текебаев учуп келип, партиялаштары, саясаттагы санаалаштары менен акылдашып, камалган үзөңгүлөштөрүн колдоо таризинде бир чечимге келишмек. Жыйын же кайрылуу кылышат беле? Ага жеткизбей ИИМдин тергөө башкармалыгы шашылыш суракка чакырып, көп пландарын бузуп койгон сыңарындай.

“Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев 2017-жылы Европадан мындайча айтканда Белизден учуп келгенде камакка алынган. Ошондо арбын тарапташтары колдоп чыгышкан эле. Алардын сап башындагы Асия Сасыкбаева, Гүлнара Журабаева, Канат Исаев, Жеңиш Молдокматов, Кеңешбек Дүйшөбаев, Рита Карасартова, Мамбетжунус Абылов, Бектур Асанов, Равшан Жээнбеков, Клара Сооронкулова сыяктуулар болгон. Текебаевдин «любимчиги» Рыскелди Момбековду таластык туугандары сактап калса, Сыймык Жапыкеев да аралаша жүрүп, шопурунун аркасы менен камакка түшпөй калган. Чыр дегенде жантыгынан жата калчу Текебаевдин желдети Али Токтакунов да көрүнбөйт. Кызыгы, Текебаев бүгүн Кыргызстандын Германиядагы элчиси болуп отурат. Кечээги кыйын кезде арка-жөлөк болуп келген партиялаштары, тилектештери камалып калышты.

Тагдырдын тамашасын карабайсыңбы, эмне үчүн Текебаев жалындуу сөзүн айтпай, жылуу -жумшак жамынып жатат? Же кырдаалдын ыңгайын күтүп атабы? Эгерде саясый санаалаштарына чындап күйсө, сатпаса, анда кызматын таштап туруп баса бермек да, туурабы? Элчилик креслону кармап калуу ушунча маанилүү беле? Баарынан да адамгерчилик, туруктуу мамиле маанилүү эмеспи. Мындан аркысын чечмелөөнүн кажети жок го. Кыйын кезеңде жакын адамдардын ички дүйнөсү бат эле ачыкталат тура.

Чыр-чатак дегенде кырынан жата калган Текебаев ичим тап болуп турган убагы. Тарых алдында жүрөктөгү акыйкаты буулуп, убактылуу тыныгуу алган кербези. Бир эсе жаш курактын келип калганы, алтымыштан ашканы ичтен тизгин тарттырып, токтотуп турса керек. Арийне, алтымыштан өтсө деле Текебаев жөн жатмак эмес. Турмуш үйрөтүп ал терең ойлонуп «жети өлчөп бир кесип» акылга салгандай. Тергөөнүн алкагында кандай “соодалашуулар” жүргөнү белгисиз, сыр катары айтылбайт эмеспи. А назилинде Текебаевдин унчукпай туруусу, кечээги досторун, кыйбастарын колдоого албай, саясатты козутпай тынч отурганы бийлик үчүн пайдалуу. Бери карап күлүп, ары карап ыйлагандай болуп, Өмүкенин соңку абалы чатак сымал.

Бийлик менен кагылышса эмне болорун билет. Элчилик кызмат көздөн учуп, темир тор көрүнүп калышы ыктымал. Тек гана кала берсе, эртең эл эмне дейт? Кыскасы, Текебаев саясаттагы туңгуюк жолго кептелип калгандай. “Солго барсаң атың, оңго бассаң өзүң...” дегендей.

Текебаевдин Германияга элчи болуп кетиши менен отуз жылдык эски доордун иши бүткөн. Жапаров -Текебаев  кайым айтышы 2020-жылдын октябрынан башталган. Көпчүлүк бийликке баш оору болуп келген Текебаев “музоо кезинде сүзүп койойун” деп Жапаровго асылган. Ал кездеги өкмөт башчысы Жапаров “Текебаев Маевскийден 1 млн. доллар пара алган” деп, аны Көтани сыяктуу бир топ кошоматчылар далилдеп беребиз деп колдоп чыгышкан. Ошол замат  “Азаттык” үналгысына курган маегинде Садыр Жапаровдун “Текебаев Маевскийден 1 млн. доллар пара алган” деген сөзүнө жооп берген. Журналисттин суроосуна сунуш менен кайрылган Текебаев аны Жапаровго берүү керек экенин ишарат кылган: “Садыр Жапаров сотто далилдеймин деп сотко түздөн-түз көрсөтмө берип жатат. Сиз ошол суроону Жапаровго берип көрбөйсүзбү. Эгер Текебаев Маевскийден 1 млн. доллар алган болсо, Кыргызстандын байлыгын чет элдикке бекер кармата коем деп жүрсө, анда эмне үчүн түн катып үйүнө барып, аны менен сүйлөшүп жатасың, эмне үчүн эл алдында 5-6 жолу жолугуп сүйлөшүп жатасың деген суроону ага берсеңиз болот”, - дейт Текебаев.

2021-жылы  да урматтуу Чиркешович  Германияга элчи болуп кетет деген ушактарга чекит коюп, шайлоонун шайтан жүрүштөрүн баштаган. Анын эң алгачкы искеп, эңсеп келген Курсан Асанов 2020-жылы парламенттик шайлоого акча чачып, ЖКга өткөн, шайлоону жаратпай койгон соң «элдикмин» деп жар салган «Бүтүн Кыргызстан» менен чыгып, бийлик алмашар менен Ички Иштер министрлигин басып алып, тез эле ал жерден куулуп чыккан. Курсан Асанов Текебаевге добуш алып берген эмес, арийне Текебаевдин кайырмагына түшкөн. Бирок Текебаев компромисске келип эми өзү Германияга элчи болуп кетсе, Курсан Асанов үй камагына бошотулган. 2021-жылы шайлоодон соң таламандын тал түшүндө Текебаевге чүйлүк жигит кол салып телефонун тартып кеткени бар. Андан да оозун канжалата койгонун карасаң. Деги жүрөгү тоо жигит экен, же Текебаевди «темселетип» атак алайын дегениби? Анда парламенттик шайлоодон өтпөй калып Текебаев Али Токтакунов менен катуу кыжырланып жатышса, анын телефонун тартып алганы чын. Чырдын башы Али Токтакунов чыр-чатак жок акчасы жок калды, Текебаев болсо Германияда...

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости