www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөнүн жети облусунда 120дан ашык санарип QR-код иштелип чыкты. Бул тууралуу Экономика министрлигине караштуу Туризм департаменти билдирет.

Маалыматка ылайык, департамент эл аралык өнөктөш ACTED менен Түркиянын кызматташтык жана координациялоо боюнча агенттиги (TİKA) биргеликте санариптик туристтик көрсөткүчтөрдү иштеп чыккан.

"Учурда санариптик туристтик көрсөткүчтөр жергиликтүү бийлик тарабынан жер-жерлерде монтаждоо, орнотуу иштерин жүргүзүү үчүн аймактарга өткөрүлүп берилүүдө. QR-кодду сканерден өткөрүп, туристтик жай жөнүндө, анын кыскача тарыхы, архитектуралык өзгөчөлүктөрү, саякаттоо маршрутун мерчемдөө жана башкалар жөнүндө маалымат алууга болот", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, QR-коддор туристтерге керектүү маалыматты түздөн-түз мобилдик телефондон алууга жана туристтик жайларга барууга ыңгайлуу шарттарды түзөт.

 

Последние новости