www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиядан Кыргызстанга 120 дарыгер келди. Алар орган алмаштыруу боюнча операция жасашарын президенттин маалымат кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Садыр Жапаров көптөгөн кыргызстандыктардын бөйрөк, боор сыяктуу органын алмаштыруу үчүн чет жакка чыгып, бир топ акча коротуп жүргөнү түйшөлтүп келген.
“Мындан улам ал Кыргызстанда трансплантация процессин жолго коюу боюнча түрк тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн”, — деп айтылат билдирүүдө.
Операция Кыргыз-түрк достугу ооруканасында жасалмакчы. Биринчи операция август айына белгиленген. Түркиялык хирургдар жергиликтүү кесиптештерин окутат. Түркияда 25 миң доллардан жасалган операциянын Кыргызстандагы баасы 7 миң доллардын тегерегинде болору айтылды.
Булак: NazarNews.kg