www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ: Байден Кытайдан чоочулап турат

Кытай менен алака тээ байыркы учурда башталган. Кытайда CCTV  деген дүйнөлүк абдан чоң маалымат империясы бар. Бул империя жөн кишилер менен кызматташтык кылбасы белгилүү. Ушул маалымат империясынын көзү Кыргызстанда NazarNews  маалымат агенттигинине  түшүп калыптыр. Ойлонуп көрсөк NazarNews маалымат агенттигине бул эң жогорку баа. Анткени Батыштын сөзүн сүйлөгөн, алардын айтканын жадыбалдай кайталаган «Азаттык» сыяктуу маалымат агенттиги толтура. Аларга салыштырмалуу Кытай азырынча Орусия менен Украина салгылашуусунда бейтарап мамлекет. Бир аз жакында болгон сүйлөшүүлөрдөн соң Орусия тарапка ооп турганы менен, биротоло ооп кете элек. Дүйнөгө өзүм ээ болом деп турган АКШ канчалаган маалымат агентчилигин каржылап турганы менен шайы оой баштады. Алардын «Азаттык» сыяктуу үн алгысы Кыргызстандын соту тарабынан кодуланып турат. Байден Кытайдан чоочулап турат, кокус Кытай Тайванга кол салса иш чатагынан чыгат.

   CCTV NazarNews маалымат агенттигинин жетекчилиги менен кытайлык CCTV жана CCTV+ медиа корпорацияларынын ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигинин башкы редактору Гүлжан Шерипбаева билдирди. Кол коюлган документке ылайык, тараптар маалымат жана видеоконтент алмашуу боюнча кызматташат. Мындан тышкары Кыргызстандын аймагындагы окуяларды биргелешип видео көрсөтүүнү жүргүзүү пландалууда. Ошондой эле NazarNews кызматкерлери үчүн да, кытайлык CCTV жана CCTV+ медиа корпорациясынын кызматкерлери үчүн да тажрыйба алмашуу жана стажировкаларды уюштуруу мүмкүнчүлүгү талкууланууда. Белгилей кетсек, NazarNews маалымат агенттиги Кытайдын CCTV-plus медиа корпорациясы менен кызматташууну 2021-жылдын июль айында баштаган.

Гүлжан Шерипбаева: «Кыргыздардын тарыхы бир нече миңдеген жыл»

Жашоонун маңызы, кыскача айтканда логика, мыйзамдуулук тууралуу жеңил эсеп сөзсүз өткөрүлө турган шайлоонун мөөнөтү тууралуу айтып жатат. Бирок жашоонун маңызы менен эрдик жанаша болбойт. Адинай – Кыргыз Элинин Кызы жашоонун маңызы тууралуу ойлоду бекен. Бул чыныгы баатырдык! Жашоонун маңызы ага «отур үйдө, оору жуктуруп аласың,сага болсо жашоо керек» демектир. Жашоонун маңызынан улам канчалаган адамдар үйлөрүндө «менин үйүм четте дейм, мен эч нерсе билбейм» -деген принцип менен отурушат. Жашоонун маңызынан биздин чоң аталар фашисттерди жеңе алмак эмес. Штык менен танкты көздөй аларды жашоонун маңызы эмес, аларды Дух, баатырдык, тилектештик, Мекенге сүйүү, элге берилгендик көтөргөндүр,бул баалуулуктар, мыйзам жана жашоонун маңызы менен жакындап коюшпайт.Тарыхты мыйзамчылар эмес, баатырлар түзөт. Адинай кыргызстандыктардын эсинде түбөлүккө калат! Мыйзам же жашоонун маңызы аны эрдикке түрткөн жок, аны баалуулуктар түрттү. Ата-энеси аны ушундай тарбиялашкан.

Эмки бийликти эпидемия менен чыныгы күрөшкөн студент-волонтерлор, ким азыр алдыңкы саптарда болгондор менен түзүш керек, анткени алар мыйзам жөнүндө ойлонушпайт, алар эч ойлонбой туруп эли жана мамлекети үчүн эрдикке барышат!

Бийлик системасы, укук тармагы, жалпысынан мамлекет менен коомду түзүп жаткан система алмаштырылыш керек, алардын ичинде биздин Кыргызстанда да, бул мезгилдин талабы. Эртең мыйзамдар алмашат, бирок адамгерчиликтүү, моралдык, адеп –ахлактык баалуулуктар кала берет. Баалуулуктар дайыма мыйзамдан бийик турат, биз аны жетекчиликке алышыбыз керек. Башмыйзамды 30 жыл ичинде канча ирет жазып чыгышпады, канча жолу эрежелер алмашпады, эми да депутаттарды чогултуп алып мыйзамдардын нормасын кайрадан жазса болот, анын ичинде шайлоо тууралуу мыйзамды, ошондо жашоонун маңызы диаметралдык жактан өзгөрүп кетеби? Адамзаттын баалуулуктары өзгөрүлбөйт, ал түбөлүктүү.

Албетте бардыгы өзүнүн кезеги менен болот деп айтсак болот.Кырдаалды түшүнсө болот, көңүл айтышыбыз керек, мыйзам талап кылып жаткан соң –шайлоону өткөзүш керек. Ооба, мүмкүн. Мыйзамдын тили менен алганда эч ким эч кимди күнөөлөй албайт.Ал эми моралды, адеп-ахлакты, жогоруда айтылган баалуулуктарды эмне кылабыз? Мына ушундай «мыйзамдуулуктун» позициясы коомдогу моралды тебелеп –тепсеп келген, ошол себептен биз маңкурттарга, маңыроо,акыл-эсибиз шал адамдарга айланып баратабыз. Ушунун айынан биздин кайгы тартуулаган саясатчылар, биздин мыйзамдын окумуштуу сөрөйлөрү биздин бийликти атка минер –биороботтору менен жаны жок зыянкечке,тойбос машинага айлантты.   

Эмне үчүн биздин бийлик зыянкеч? Көп негиздери бар, бирок бул өзүнчө тема. Бардыгын бир нерсе чырмалыштырган, аларда  жоопкерчилик деген жок, анткени бардык атка минерлер убактылуу - «Убактылуу өкмөт». Билесиздер, К.Боронов баш болгон Өкмөт билет, шайлоодон соң алардын бары отставкага кетишет, анткени Башмыйзам боюнча жаңы парламент жана көпчүлүктүн жаңы коалициясы Өкмөттүн жаңы курамын түзүшөт. Эгер үч ай эле калганын билишсе, ким иштеп бермек эле.  Мамлекеттин аппаратындагы атка минерлердин бары түшүнүп турат, эгер жаңы начальник келе турган болсо, ал бардыгын кубалап чыгып, өз кишилеринен жаңы курамды түзөрүн.

Макул, кайрадан жашоонун маңызына келели. Парламент 120 депутаттан турса ушул жашоонун маңызыбы? Ушул акыйкатка жатабы, ушул мамлекеттин өлчөмүнө барабарбы же жашаган кишилердин санынабы. Мыйзам токуп жатканда бардык саясий күчтөрдүн өкүлчүлүгү тууралуу айтып кереги жок. Башка мамлекеттерде өкүлчүлүк жана мыйзам чыгаруучу процесс биздикинен кем эмес. Ушунчалык көп бийликтин аткаруу органдары менен,ушунчалык сандагы атка минерлер менен ушунчалык чоң өкмөттү түзүү ушул жашоонун маңызыбы. Бийлик органдарынын көпчүлүк функциялары бири –бирин кайталап турат, ушул жашоонун маңызыбы. Бийлик органдарынын аппаратын кармап туруу үчүн эле бюджеттен өтө зор чыгымдар жумшалат, ушул жашоонун маңызыбы.

Жазында биз эки айдын ичинде бир нече ондогон мекендештерибизди жоготуп, ЧП режимин кийирип, жергиликтүү бийлик органдарына  боло турган шайлоолорду токтотконбуз, ал эми азыр ошондой эле жоготууларга дуушар болуп болгонубуз менен, шайлоону көздөй бекемдик менен бара жатабыз,  мыйзамдуулук жана жашоонун маңызы эмне кылабыз? Логика деген каякта эгер кичинекей ресторандарды жаап, көзү өткөндөрдү кара ашы жок узатып жатабыз, ал эми курултай жана үгүт-насыят иштери үчүн макулбузбу? Добуш берген күнү, элдин жыкжыйма чогулганына макулбузбу?

Дагы бир логика бар, эгер биз шайлоону токтотсок, анда биз өзүнүн чабал сапаттарын көрсөтүп жаткан азыркы бийликти кандайдыр бир убакка чейин сактап калабыз. Ошондуктан кайталап кетейин биринчи кезекте моделди –бийликтин системасы алмаштырыш керек, андан кийин гана шайлоону өткөзөбүз.

Биз туңгуюкка барып такалып турабыз: шайлоону токтотуп, чабал бийликтин жашоосун узартабыз, бирок кийин бары бир ушундай эле чабал бийликти шайлап алабыз же шайлоону ушул бойдон тим коюп чабалдыгын билгизген ушундай эле бийликти түзөбүз. Эки вариант тең жарамсыз.

Бийликтин бардык аракети келемиштин чуркаганын эске салат.Бирок бир гана нерсе даана белгилүү болуп турат –эл ойгонду жана эми өздөрү менен эсептешпегендерге жол бербейт.Бардыгы башкача болот.

Кыргыздардын тарыхы бир нече миңдеген жыл, биз мындан кыйын мезгилдерде деле жашап кеткенбиз. Эми да биз жеңебиз, себеби бизди «мыйзамдуулук» менен «жашоонун маңызы» башкарбайт, бизди ата-бабалардан калган баалуулуктар башкарат, ошолор биздин жашообуздун негизги эрежелери болуп калды, ошол үчүн биз жеңебиз!

2020 жылдын ысык «ызгаардуу» жайы биздин Элибиздин жана Мекенибиздин турмушунда чукул өзгөрүштүн жылы болот, биз ишенебиз, бизди улуу, бурулушка шыкак берген революциялык өзгөрүүлөр күтүп турат!

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

 

Последние новости