www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Союз убагында Кыргызстан ГЭСтер менен сыймыктанчу, суу сактагычта 15-16 Млрд.Куб суу дайым турчу. Аскар Акаев президент болгону жүрүп-жүрүп суу 12 Млрд.Кубга түшкөндө элдин эси эңгиреп калган. Атамбаевдин жолдош-жоролору ГЭСтин суусун өзбектерге көрсөтпөй сатышып 11 Млрд.Кубга түшкөндө аны жамандабаган киши калбай калган. 1 Млрд.Куб сууну ажыдар соруп кеттиби дешип. Сооронбай Жээнбеков президент болгону суунун көлөмүн жогорулатып 12 Млрд.Кубга көтөрүлгөн. Эми Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү канча экенин айтууга ооз барбайт.  8 Млрд.Кубга түшкөн...

 Биз тээ ала жаздан бери быйыл кышында электр энергиясы тартыш боло турганын байма-бай жазып коңгуроо кагып келдик. Бийликти элге жагдайды эртелеп туура түшүндүрүп, кышка камылга көрүүгө чакырып, электр энергиясына болгон кризисти ачык айтуу керектигин эскертип жаттык. 

Бирок камырабаган бийлик, айрыкча өкмөт, коомчулуктан чыныгы оор абалды жашыргысы келдиби, негедир баары сонун дегенден башканы оозанбай, Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин мурдун балта кеспей отурду. Натыйжада, тоок туурунда какылыктайт болуп, мына эми араң кышында электр энергиясын үнөмдөгүлө, электр жылыткычтарын колдонбогула деп тыюу салып чебелектей баштады. 

Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев “Биринчи радиодогу” маегинде быйыл кышында үйлөрдү электр энергиясы менен жылытууга тыюу салынаарын жар салды. Оозу-мурду кыйшайбай туруп: “Быйыл биз электр энергиясы менен жылытууга толук тыюу салганы жатабыз. Ар бир кардар белгиленген чекте электр жарыгын алат. Ал алдын ала эсеп менен ар бир үйгө 5 кВт/саат болот", - деп билдирди. 

Талайбек Байгазиев үйлөрдү электр энергиясы менен жылытууга салына турган тыюу боюнча акылдуу эсептегичтер коюлган үйлөрдө электр жарыгы бир саатта 5 кВт/сааттан ашып кетсе, жарык өчүрүлөрүн, ал эми акылдуу эсептегичи жок үйлөрдө рейддер өткөрүлө турганын белгиледи. 

Какаганга муштаган болуп шаарды түтүн-ыш басат деген шылтоо менен Кара-Кеченин арзан көмүрүн жагууга дагы тыюу салынып жатат. Эми ансыз дагы кымбатчылыктан алапайын таппай турган эл Казакстандын кымбат көмүрүн жагышы керек болот. Азыр эле тоннасы 8 миң сом болуп жатат. Бул кимдин элдин жонунан кайыш тилип, акча жасаган лобби долбоору болду экен? Айтор кайда караба Мамайдын көрү дегендей абал. 

Эң эле кооптуусу, быйыл “Токтогул” гидроэлектр станциясында (ГЭС) суу өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик 2 млрд куб метр аз топтолуп, Кыргызстан күз-кыш мезгилинде Орусия менен Түркмөнстандан 3,4 млрд кВт/саат электр энергиясын сатып алуу маселесинде дагы деле орток орток пикир табыла электиги болуп жатат. 

Казакстан дагы транзиттик өткөрүп берүүгө макул болбой убакытты кечеңдетип, кыянаттык мамиле жасаса кандай болот деген дагы суроо бар? Кыскасы, кышында кырдаал өтө оор болоору айкын көрүнүп турат. Эл өз камын эртелеп өздөрү көрбөсө, кылычын сүйрөп кыш келгенде бийликке айткан менен эч нерсе өзгөрбөйт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости