www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз эли эмки шайлоодо энеси башка улуттагы Бабановду да, Төрөбаевди да президент кылууга добуш беришкиси келбейт. Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов азык-түлүк коопсуздугу боюнча базарда ундун баасы кескин кымбаттаганын айтып, өкмөттү сынга алды. Бул тууралуу: “Өкмөт, министрликтер кыштан кантип чыгуу боюнча план коюш керек. Казакстанга сууну каалагандай бердик. Ошентип жатып азыр суудан же ундан жок болуп атат. Күз башталбай жатып, бир кап ун миң сомго кымбаттады. Биз буга чейин азык-түлүк кымбаттап жатканын айтып келгенбиз. Элден кантип акча жыйнашты билебиз, аларды кантип багышты билбейбиз. Пенсиясына 500 сом кошконубуз менен унга эле бир күндө миң сом кошулуп жатпайбы”, - деди Икрамов.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, мурунку Икрамовдун «Өнүгүү –Прогресс» партиясы боюнча жетекчиси Бакыт Төрөбаев өлкөдө буудай тартыштыгы жок экенин, казак уну темир жолдогу сезондук тыгындан улам кымбаттап жатканын айткан. Кыргызстан буудайды негизинен Казакстан менен Орусиядан алып келет. Мурда эки өлкөнүн буудай импортундагы үлүшү дээрлик теңме-тең болчу, Орусиядан 55%, Казакстандан 45% келчү. 2022-жылы бул көрсөткүч кескин өзгөрүп, Орусия 97%, Казакстан 3% үлүшкө ээ болгон.

 2015-жылы «Өнүгүү –Прогресс» партиясынан шайлоо «рингине» жол ачкан Стамкулов деген кемпай Тазабек Икрамов деп өзгөрүлүп алган. Жалал-Абад облусунда Сузак районунда «Өнүгүү –Прогресс» партиясынын өкүлү Тазабек Икрамов (мурунку фамилиясы  Стамкулов) баштаган топ 2015-жылдын 5-августунда «Бир бол» партиясынын өкүлүнө кол салган. Албетте, күч органдары «Өнүгүү –Прогресс» партиясын калкалап, байкоочу катары унчукпай калган. Төрөбаевдин «Өнүгүү –Прогресс» партиясына кире качкан Тазабек Стамкулов (Икрамов) Сузак районунда 1974-жылы туулган. Ал 2009-жылы ЖКнын СДПК фракциясынын депутаты Жээнбеков Жусупжан Амиржановичтин уулун уурдап барып, көзүн тазалаган иш боюнча күнөөлөнгөн. ЖК депутаттары СДПКчы Руслан Шаботоев менен кошо СДПКчы Жусупжан Жээнбековдун уулу 2008-жылы сентябрда жок болуп кетип, 2009-жылы анын сөөөгүнүн калдыктары Кеминден табылган. Милиция тарабынан Амиражановдун өлүмү боюнча күнөөлүүлөр Зикирбаевдин тобундагы 3 адам табылып. Андан соң ММКларда бул өлүмдү заказ кылган Тазабек Стамкулов экени белгилүү болгон. Ички иштер министрлиги тастыктагандай Тазабек Стамкулов криминал дүйнөсүндө белгилүү УКТ (ОПГ) мүчөсү болсо, бир тууганы Кумарбек Стамкулов «Замандаш» партиясынын тең төрагасы болгон. «Өнүгүү –Прогресс» партиясына оогон Тазабек Стамкулов шайлоо мушташын ачып берди. Төпөштөлүү кезеги кимде болду экен?

Андан соң жөн калбай «Ата-Журт» партиясы менен жакалаша кетип, РАЖ фракциясынын теңтөрагасы Ташиевди баса жыгылган. Ошол кармашта БШК Ташиевге каршы иштеп Ташиевди депутатка талапкер катары полномочиесин жокко чыгарган.

Төрөбаевдин тагдыры азыркы миллионер-олигархтардын тагдырына окшош. Мектепти кыйратып бүтүрбөй, кыргызча чала сүйлөп, арифметикадан сабатсыз Бакыт Төрөбаевди депутат атасы Эргеш Төрөбаев акчанын күчү менен жогорку окуу жайынан окутат. Арифметиканы билбегени менен тагаларын тартып пул санаганды ой-да үйрөнүп  Бакыт мирза фирмага атасынын жөлөгү менен келет. Ачыгын айтыш керек улуту башка болсо да энеси ыраматылык жакшы киши эле, Эргеш Төрөбаевчилеп энергетиканы казып жеген жок.  Өзбек электоратын бир канаты катары эсептеген Бакыт Төрөбаев аллах ыйман берсин, энесине куран окуп турганы менен аркы дүйнөдө жөн жаткызбады. Кайсы өзбек махаллясына барса да: «Менин анам кыргыз эмес» - деп баса белгилеп, улут аралык касташтырууга жар чакырып келүүдө. Ушундай хамалеондордун айынан эки ирет 1990-жылы жана 2010-жылы этникалык кагылыштар чыкканын, аны Ташиевге окшогон кыргыз жигиттери ок кубалап жүрүп токтотконун эрен албаган Төрөбаев өзбек махаллясына барып кыргыз элин ушактаганы аз келгенсип, кыргыз тили мамлекеттик тил экенин да эсинен чыгарып салат. Болбосо, 2015-жылы парламенттик шайлоодо  буту үзүлгүчө чуркаган Бакыт Төрөбаев эмне үчүн рекламаны өзбек тилинде жазган. Мунун негизги себеби, биринчиден, тагалары аркылуу добуш топтоо болсо, экинчиден, партия лидери болсо да сабатсыз Төрөбаев  мыйзамдарды түшүнбөйт. Ага мыйзамдан пул жогору турарын, тил боюнча мыйзамда Кыргызстанда кыргыз тили мамлекеттик тил экенин окуп да көрбөсө керек. Мейли Төрөбаевдин  махалляларын сыйлайлы, өзбек калкы ортодо «чп» болуп кеткени болбосо тагдырлаш калк. Бир гана ичтин күйгөнү эмне себептен аларга барып тынч жүргөн кыргыз элин ушактайт? Бүгүнкү күнү да Бакыт Төрөбаев ушагын баштады, эми Камчыбек Ташиев аз келгенсип Садыр Жапаровдун үстүнөн ушак айта баштады. Сабаты али жоюла элек Төрөбаев сабатын жоюп деле ийбептир, Төрөбаев дагы чоңойсо асмандагы айды алып берет экен. Эмне кимге? Өзбек «ашыналаргабы?», аларга Төрөбаев жээни жок эле, Акаев «асмандагы айды алып берген.  Азыр Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары катары кортеж сыяктуу машиналарды ээрчитип жүргөн Бакыт Төрөбаев бийликке келсе «кортежи» жок жүрөт экен.  Мейли «кортежи» жок жүрсүн, бирок анын 6 тамгадан бир ката кетирип турганы үчүн президент кылабызбы? Же бир ууч өзбек махаллясы сыйлайт деп дагы чоңойтолубу? Бакыт Төрөбаевдин калпына тоюп бүттүк, кана 2015-жылы парламенттик шайлоо убагында сүйүнчүгө 50 миң сом берем дегени? 2016-жылы Бишкек шаардык кеңешине шайлоо учурунда кокус өтсөк Бишкекте жүрүү бекер болот деп добулбас урбады беле? Бекер жүрөбүз деп ишенгендер «Өнүгүү-Прогресс» партиясын Бишкек Кеңешине шайлап койду эле, эми алар ушул шайлоо бүтсө жол жүрүү баасын кымбаттатканга добуш берген. Депутат Төрөбаевдин уулу, «ашыналардын» жээни депутат Төрөбаевдин демагогдук саясаты ушундай.

Шайлоого байланыштуу ушуга окшогондор Жириновский сыяктуу «Ысык-Көлгө» акаарат айткан саясатчыларга жетип барышып пул сурашат экен. Ордуна кокус президент болуп калса, кыргыз жеринен беребиз дешип. Эмне кыргыз жери талаада жатыптырбы? Муну маркум Жириновский маалымат каражаттарында балп эттирип салган, бирок ким экенин даана айткан жок. Буюрса жакында анын да аты угулат. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары катары кыргыз тилине ыдык көрсөтүп келаткан  Бакыт Төрөбаевге айтарым, сизди махалляга «президент» кылып алышсын, «майли кортежи жокта барың, майли кортеж менен барың, лекин» ортого от жаккандай болбоюн, кыргыз эли эмки шайлоодо энеси башка улуттагы Бабановду да, Төрөбаевди да президент кылууга добуш беришкиси келбейт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

 

 

 

Последние новости