www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экстерден сууга салса чөкпөгөн Туманбаев гана бийликте калкып жүрөт.Салмактуу саясатчылар Талгарбеков, Марат Султановдор  бар. Марат Султанов өкмөт башына келет деген каңшаар тарады. Жүрөктү түшүргөн кышта Жапаровдун жүзүн көрөбүзбү, ким билет? Эптеп «Өлө элек аюунун терисине» качыргандар көбөйдү. Азыркы Минкаб төрагасына ылайыктуулардын бири Марат Султанов. Өлкөдө Түндүк-Түштүк альтернетивасы болууга тийиш, мамлекет башында аркалык тургандан кийин өкмөт башчысы Түштүк тараптан болгону оң. Мындай тартип менен болгондо Марат Султанов  Минкабдын төрагасы болууга ылайык, анын Жапаров сымал минфин болгону белгилүү. Ал үч жолу финансы министри боло электе бул жакты тейлеген. Андан соң спикерликке жетип элдин ишенимине ээ болгон. Көптөн бери бийлик тарапта көп чыкпай жүрөт, мүмкүн өз мөөнөтүн күтүп жүргөндүр. Учурда Акылбек Жапаров иштен алынса ордуна кимди алып келебиз деген маселе дагы чечилип калганы кеп болуп жатат. Ак үй, Көк үйдөгү имиштерге караганда Кабмин төрагасы болуп Марат Султанов келип калышы ыктымал. Бул кадр дагы жөн жеринен тандалып жатпаса керек. Бул жагынан эл кубанып турат мамлекетке пайдасын тийгизчү адам.

Орусия мени колдойт деп Сапар Исаков колун ушалап, чочкодой далысы менен сезип учурун күтө баштады. Анткени Кабмин төрагасы Акылбек Жапаровду кетирсе ордуна Орусия мени койбогондо кимди койот деп Сапар Исаков дардалаңдай баштады. Орусиянын биздин өлкөгө эмне тиешеси бар, баягы Москва билет деген советтик илдеттен кутула албай жүрөбүз. Анын үстүнө анын кадыр-баркы эл алдында нөлдү көздөй салаңдап турат. Ушундай оор ахыбал келе жатканда эл алдында кадыр-баркы жок адамды алып келип бийлик деле баш оорутпаса керек. Сапар Исаков Орусия тараптан делбелектеп чуркап келип калышы ыктымал экен. Анткени менен Акылбек Жапаровдон ашса ашат, асты кем калбаган кыйын «жуликтердин» бири катары таанымал болгон. АШАнын көрүнүктүү кадрларынын бири. Учурунда премьер- министр сыяктуу жогорку кызматтарды аркалаган.

Артыкбаев дикилдел качкысы келип турган АКШнын мамлекеттик карызы 33 триллион доллардан ашты. Бул тууралуу өлкөнүн Каржы министрлигинин сайтында айтылат.Маалыматка ылайык, карыздын суммасы 33,044 триллион долларды түзөт.

АКШнын мамлекеттик карызы 33 триллион доллардан ашты. Бул тууралуу өлкөнүн Каржы министрлигинин сайтында айтылат. Маалыматка ылайык, карыздын суммасы 33,044 триллион долларды түзөт. Август айынын башында АКШнын президенти Жо Байден мамлекеттик карыздын чегин көтөрүү боюнча мыйзамга кол койгон. Бул чара Америка бийлиги үчүн дефолттон качууга мүмкүндүк берди. Ошол учурда бул көрсөткүч 31,95 триллион долларды түзсө, ошол эле айдын ортосунда мамлекеттик карыз 32 триллион доллардан ашкан.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости