www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Башкарма (раис) -деген бир чарбанын бардык жүгүн мойнуна алган өтө түйшүктүү кызмат болгон. Башкарма чарбага гана жооп бербестен, ошол чарбанын элинин ачка, тогуна чейин көз салган. Ачка болсо кошо ачка болуп, ток болсо кошо сүйүнүп турган. Азыркы заманда башкармалар жок эл өз жүнүн өзү жеп калышты. Эл ачка калса ким жооп берет? Нарын тарапта Самаков Садык деген жыйырма жашында эле башкарма болуптур. Ошол мезгилде эле толук элдин жоопкерчилигин мойнуна алып, элдин камы үчүн жанталашып иштеп калган. Ал трайбализмге такап жетигендер үчүн гана чуркабастан бардык кыргыздарды тегиз ойлогон. Самаков Садык колхозду жетектеген жылдары болуп көрбөгөндөй ийгиликке жетишкен. Колхоздун экономикасы облуста алдыңкы орунда болуп, өндүрүштүн рентабелдүүлүгү 45-50 пайыздан кемиген эмес. Элдин айлыгы, кошумча төлөмдөр, колхоздон берилген эмгек күнгө сыйлыктар ошол мезгилдеги Нарындын шартында жакшы көрсөткүчтө болгон.
Колхоздун аймагында биринчи Ильич шамдары тутанып, буга чейин салынбаган кой сарайлар курулуп, элдин жашоосу оңолгон. Самаков Садык айылдагы элдин ошол кезде эле маданий, билим деңгээлин жогорулатууну көздөгөн. Ошондуктан айылдын мыкты балдарын Нарын, Фрунзеден колхоздун эсебинен биринчи ирет окута баштаган. Анын жемишин кийин эл көрдү, Карганбек Самаковго окшогон кыргыз баалуулуктар мурасын ЮНЕСКОго кийирген мамлекеттик адамдар чыкты. Колхоздун малы алыскы Ак-Сай, Соң-Көл жайлооолоруна чейин багылып, ошол кезде кышкы жайыттарды эң натыйжалуу пайдаланган. Кыргызстандын коомдук иштерине, жана айыл чарба өндүрүшүнө көп жылдар боюу кошкон талбас, ак ниет жана жемиштүү иштери үчүн өкмөт менен партиядан көптөгөн сыйга татыктуу болгон.
Согуш убагында ары болду, бери болду, кийин Хрущев бийликти экиге бөлүп, айыл чарба жана өнөр жай району дегенге келген. Ушул мезгилде иштеген кийин Нарын облусунун ГАИсин жетектеген Мамбеталиев Мамбетказы анын көп жакшы жагын айтып калат. 1963-жылы уулду болуп атын Карганбек деп коюп, барыбызды чакырган деп калат.
Тентиев Идин деген да илгери Жумгалда башкарма болгон. Бул кишинин артынан түшкөндөр каматып, Куйручук менен чогуу отуруп калат. Ал жерден бошонуп кайра башкарма болот. Үзүмчүлүк убагында Куйручук түрмөдөн бошонуп келип, козу союлуп жакшы конотолуп, бир кап буудай өңөрүп кетет. Идиновдун небереси Нарын Айып биз менен бирге иштейт.
Башкармалардын мыктылары: Айдаралиев Рысбек, Дайракунов Эсеналы, Бокчубаев Тенти, Бабанов Токтогул, Эсенбаев Келдибек, Саралаев Жумакадыр болушкан. Эсенбаев Келдибек 1959-жылдан 1964-жылга чейин Кочкор районундагы Кара-Суу колхозуна башкарма болгон. Анын машинасын беш күрөң Бейшенбек айдачу экен. Ал киши өзү айтып калчу. Никита Хрущевдин убагында өйдө-төмөн тапшырмалар көп болгон. Ошол мезгилде анын ар бир айткандарын аткарып, колхоз райондогу мыкты колхоз аталган. Илгери анын атасы Эсенбайдын малына кошуп Кара-Суулук жети байдын малын алып барып, Теңдик колхозун түзүшкөн экен. Кара-Сууга эле калтырып коюшса биздин колхоз бай болмок экен. Ага карабай өзүнүн ак ниеттүүлүгү менен Кара-Сууну алдыга сүрөдү, Кара-Суу мыкты колхоз болгон соң, артта калган Жаңы-Жол колхозун кошот. Балким Хрущевдин акыркы көрсөтмөсү колхоздорду ирилештирүү болсо керек. Анын ага чейинки колхоз жерине жүгөрү айдатуу керек деген көрсөтмөсүн аткаруу үчүн Кара-Суу айлына жүгөрү айдатып, андан силос жасаткан. Силос текке кетпес үчүн Чүйгө барып асыл тукумдуу уйларды алып келет. Бул ошол кездеги жакшы идея болгон, ошол үчүн Кара-Суу колхозу Нарын облусунда үлгүлүү колхоз катары семинарлар өтүп турган. Ушундай семинарлар Жумгалда да өтүп атам Шапак уулу Момушту айтат ушул жерге барып келбейсизби деп. Момуш ал жерде чоң жумуш бар сыяктуу баш тартат. Ордуна Шаршенбек байкенин аталары Сейтек кетет. Үч күн семинар болот. Барган жерде эле кой союлуп, эт тартылып Сейтек гүүлдөп келип барганын айтып берсе Момуш: «Менин ушундай тарткылыгым бар, гүүлдөп келе турган жерден баш тартканымды кара» -деген экен. Момуш өзү колхоздун карапайым колхозчусу болгон экен. Бир күнү партияга өтүп алыптыр, ал кезде бир эле компартия болгон. Ага өтүү чоң жумуш болгон. Бир күнү атама келип айтат: «Партияга өтүп алдым эле, сууну сугарып жатсам, эй Момуш сен партиясың башкалардан көбүрөөк сугарышың керек дешет, чөп жыйнаганда да кой кыркканда ушул. Менин агаларым, жеңелерим эл башкарган атка минерлер, алар бүт партияга өтүп алышып, элди ого бетер башкарып жатышат. Эмне, Кеке, мен башка партияга өтүп алгамбы» дейт.
Атам ошол кездеги Канттагы башкармалардын курсунда окуган, сүрөттөрү да бар. Ушул жерде окуп Чүйдө асыл тукумдуу малды көбөйтүп жатканына көзү жетет. Ошондуктан ошол жактан асыл тукум малдарды сатып келет. Асыл тукумдуу уйлары өтө сүттүү келип колхоздун сүт сатуу планын ашыгы менен аткара турган. Аларга жасаган силосу «адам тамшанып жей тургандай эле» болуптур. Баса кийин Матен Сыдыков деген обком болгон. Жумгалга семинар өткөнү баратып Чолпон совхозунан уй фермасын көрүп чыгайын деп кайрылат. Силосту жаман даярдап жатыпсыңар деп аны ээрчип жүргөн райкомдорду жер-жебесине жеткире тилдейт. Ошол жерде айыл чарбасын тейлеген жигит бар экен, тили жөн турбай: «Силос жакшы даядагандай плов беле» дептир. Ошол жерден эле Матен Сыдыков артка Нарынга бурулуп, прокурор, милицияны чакыртып, тиги жигитти кызматта алып аябай жүдөтүптүр.
Атам алып келген асыл тукумдуу уйларда чаарлары бар экен, чаар уйлардын музоолору да чаар болушуп, сүттүү болушуптур. Абдан көп сүт берчү экен, бир сааганда эле бир чакадан. Көрсө азыркы голландиялык голштинг породалары экен. Таргыл уйларынан таргыл музоо чыгып, сүтү азыраак болгону менен, өтө эттүү келишип колхоздун этпланы ашыгы менен аткарылчу. Азыркы Ставрополь породасына кирет. Демек Эсенбаев Келдибектин эмгеги бир жагынан Хрущевдин жүгөрүсүн айдап, силос жасап ошол кезде эле асыл тукумдуу уйларды өстүргөн.
Шаршенбек байке менен курдаш Адүкүн деген бар. Кара-Суу мектебин бүтүргөн эмес, бирок Кара-Суулукмун деп жүрөт. Бир кезде колхоздун бухгалтериясында иштеген, азыр Нарында нотариус экен. Нотариустан бошотуп, анан келиптир, бир топ чабылып-чарпылып, аны бошоткон адам да жоголду. Азыр минюст Баетовдун баласы. Адүкүн байке Эсенбай, Келдибек тууралуу жакшы билет экен. Карыялар айтчу кар жаап калса Эсенбай кардын канча жааганын ченеп отурчу деп. Келдибек башкарма кезинде Каройго арпа айдап калды дейт. Арпаны кечирээк Момуш баштаган адамдар сээп жатса башкарма келип: «Тездеңиздер, түшкө чейин сээп салбаңыздар, түштөн кийинки себилгендер өспөй калат» деп кетиптир. Сепчү жер көп болуп, түштөн кийин да себилиптир. Момуш: «Атасы Эсенбайча билер бекен?» деп, түштөн кийин себилгендерди белгилеп коюптур. Күз келгенде үшүк болуп түшкө чейин себилгендер моюн бербей өсүп кетип, түштөн кийин себилгендер үшүккө кабылыптыр.
Момуш жөнүндө атам көп айтып калар эле. Анткени, Момуштун оозунда тамашалуу кеби бар, атама келип болгонду куудулданып айтып турчу экен. Бир жолу Момуш биртке тыйын-тыпыр таап алсын деп сарайларга кароолчулукка койот.Ошол кезде Кара дөө деп койчу киши да кароолчу болчу дейт. Ажаан аялы болсо керек, бир күнү Мокемдин байбичеси Сагынды басып алып жанчып жатат дейт. Момуш атама айтып атат да: «Бир чети Сагынды сабап атканына сүйүнүп атам, анткени ал деле мени күндө кулагымдын кужурун алып, какылдап турат. Тиги басып алып сабап жатканына табам канып турду. Экинчиден күйүнүп атам, кантсе да менин бир теңим эмеспи. Боор ооруп болушайын десем тигинин аялына алым жете турган эмес. Кеке, же мени, же Кара дөөнү ал жерден кетирбесең, бирибиз өлүп, бирибиз калабыз го» деп.
Бир күнү Момуш Кочкорго жумуштап кетип эле жок дейт. Көрсө Мокең машина менен Кочкорго барат. Кайра тартканда Кочкордун четинен Момушка шопур отонтой Үсөн: «Менин жумушум бар эле, сиз ушул жерге туруп туруңуз» деп коюп кетет. Так ошол жерде Кара-Сууда чоң кызматта иштеген бир орус бар экен. Ал Момушту көрө коюп сүйүнүп кетет, мобул шатыны кармай турчу деп, өзү үстүнө чыгып кетип жок дейт. Момуш шатыны кармап турганда машина келип өтүп кетет. Ошентип, Мокең жөө жалаңдап араң келет. Атама айтып жатат да: «Менин ушундай тарткылыгың бар» деп. Эмне оор жумуш болсо Шапактын кичүү баласы Момуштун мойнуна түшүп калчу экен. Ошондон улам атам бир оор жумуш кылып калсам эле: «Балам Момуш болуп калды» дей турган.
Чоң апам каза болгондо атам башкарма кези экен. Эл көп келди дейт Эсекемдин кемпири деп. Лениндик чоңчарыктар келип ража берип кетти дейт, ошондон кийин алар менен байланыш үзүлүптүр. Чертки да биздин ражада экен. 70-жылдары Тажыбек байкени ража төлөбөйсүң деп урушуп атса: «Чоңчарык деген көп эл экен, көп элден көп киши өлөт» деп, ошондон кийин черткилер бөлүнүп кеткен. Чоң апам Сүйүнгө ылдый жагы Кермакундун, тиягы Айранчынын, биягы Бекдөөлөттүн үйүнө чейин киши кирди деп, атам айтып калчу. Балдар үй жок батпай калыптыр деп, азыркы 90догу адамдарды айтып атпайбы, атам мүчөгө деген акчадан барып куран окуп койгула дегенин айта турган.
Мен бала кезде кемпир -кезек бары «Ак жолтой» деше турган. Кийин Ак жолтой деген кыз бизден кийин окуган соң ичимен чычалачумун. Баса Дүйшөкул байке көзү өткүчө «Ак жолтой» деп жүрдү. Көрсө мунун сыры бар экен. 1964-жылы мен деле башкарманын баласы катары төрөлөм. Мен төрөлгөндөн кийин атам катуу ооруп калып Фрунзеге алып кетиптир. Карой, Алкым тикесинен турду деп калчу таенем жарыктык, көрсө мен бала кезде аз эле убакыт өткөн экен. Ал кезде заман башкача болчу, азыр кишинин эч ким менен деле иши жок, ал кезде Кара-Суунун, Кара-Суунун чеке белиндеги сакалдуулар Келдибектин ден соолугун сурап Фрунзеге чейин барчу экен. Ошондо атам жакшы болуп кетип, мени кемпир-кезек ак жолтой бала болду дешип, «Ак жолтой» деп жүрүшчү тура...
Апам да Фрунзеде, жаңы төрөлгөн мен каякта экеним эсимде жок. Болжол менен Кочкордо болсом керек. Анткени, Бурул эжекем 13-14 жашар кыз үйгө келсе, үй чачык экен, он чакты бала болсо чачылбай коймок беле. Бурул эжеке үй жыйнайын деп керебеттин үстүндөгү одеялды алып ыргытат, одеялда мен жатыпмын, одеял менен кошо тоголонуп түшөм. Мен кичинекей кезде: «Сени Бурул эжеке одеял менен алып ыргытып, ошондон бир шаригиң кем болуп калган» деп ардантышчу.
Атам катуу ооруп жатканда Кара-Суу колхозуна «глассташ» Акылбек Жапаровдун «жалкоо» Жаңы -Жолун кошот. Жапаров экөөбүз классташбыз, ал кызматка келгенде эч кимди карабай калат, кызматтан түшкөндө мени алдырат же чакырат. 2010-жылы «мени актап бер» деп өзү элден качып, жашынып жүрүп Москва көчөсүндө үйүнө алдырыптыр. Экинчи жолу Атамбаевдин финансы министринен түшкөндө «Дасмияга» Элмира Кулуева экөөбүздү чакырып аябай сыйлаган. Проблемаларын бүтүрүп бергенбиз.
Жаңы-Жолду кошкон соң ооруп жаткан атам мектепке ооп, Жаңы-Жолдун башкармасын Ждановко башкарма койгон. Ошол бойдон Жданов колхозу эң начар колхоздун катарында жүрүп, кийин 90 жылдары кайра бөлүнгөн. Анткени Жаңы-Жол Кочкорго катарлаш болуп эли жалкоо болуп бүткөн. Атам Келдибек оорудан согуш илдеттери жүрөктөн алып, бир ажалдан калып, оорудан айыккан соң тынчыраак Кара-Суу мектебинде 20 жыл директор болуп пенсияга чыккан. Өзү айткандай президиумдан түшкөн жок. Математиканы да мээге куюп койчу дешет окугандар, бизди окуткан жок.
Атамдан кийин башкарма болуп сырттан келген, жаңы -жолдуктан соң Макеев Кадыке башкарма болгон. Кадыкенин апасы менен апамдын атасы Султаке бир тууган. Маке болуш болгон. Адыке болуштун иниси Нарынбайдын (апамдын чоң атасы) кызын алган. Булардын үйлөнгөнү өзүнчө жомок, Адыке Түгөлбай Сыдыкбековдун «Зайыптар» романындагы качкан келини Батманы чычырканакка оротуп сабаткан болуш. Апамдын бешинчи атасы Эсенкул, анан Болотбий, Маматкул. Маматкул эл менен кошулуп кымыз улоочу экен, ал кезде кыргыздар Анжиянда тентип жүрүшүптүр. Ошондо бирөө айтат: «Эй Маматкул тебетейди силкип алсаңчы» деп. Маматкул: «Тебетейди силкир убак келет» деп, көп өтпөй калмактарды Ала-Тоодон кубалап чыгат.
Андан соң башкарма болуп Кекиликов Быкын келди. Муктасын деген жакын жолдошу бар эле башкарма, райкомдордун үзүрүн ошол көрдү. Базарбаевке жаш баглан козунун этин берип жүрүп, Кочкорду өзү билип калган. Базарбаев Кочкор компартиясын жетектеп турганда Жданов колхозунун башкармасы Быкын Кекиликов болчу. Алар Базарбаев болуп отурганда Муктасын табышмак айтат. «Кекиликтин баласын эмне дейт?» - деп. Ошол жерде отургандар «Балапан» дешет, «жок» дейт, «жөжө» дешет, «жок» дейт, эч кимиси таппай коюшат. Муктасын «Кекиликтин баласын Быкын» дейт деп элди дуу күлдүрүптүр.
Дөң-Таш какыраган талаа эле, канал куруп, суу чыгарууну Саралаев ойлогон, бирок Акназаров райондун деңгээлине көтөрүп, анын аты калды.Саралаев Дөң-Ташка суу чыгарып айдоо аянтка айланган, кийин кароосуз калгандай. Саралаев көп жакшы нерселерди ойлоп тапчу, Кара-Суу, Жаңы-Жол, Кара-Кужур биригип койдун башы 60 миңге чыгып кетти. Нарын обкомунун биринчиси айтылуу «Бытпылдыктан» атагы чыккан Матен Сыдыков аны «академик Саралаев» - деп аяр мамиле кылчу экен. Бир маал Кара-Дөбөгө чыккан Саралаев сүрдүү киши болгон, анын машинеси келатканда көчөдөгү көпкөн боз балдар кирерге тешик таппай калышчу.
Саралаевдин ордун Ат-Башынын райкомун мыкчып турган Саринжи Жумагазиев алды. Горбачевдин заманында биринчилерден агрофирма түзүп, арты дайыны жок Бишкекте күм-жам болду. Жданов колхозунун акыркы башкармасы, Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн биринчи төрагасы Эсенбай небереси Сиезбек болду. Анан өкмөт башына Калчаев Талант бир нече жолу шайлоолордо жеңип келет. Таланттан кийин Адыл Салбаров болду. Акыркы 50 жылда бир дагы жолу Жаңы-Жолдон Ак-Кыяны жетектеген адам келген эмес экен. Жаңы-Жолдук Азизбек Садыканов айыл өкмөтүн жетектеп жүрдү. Андан кийин бул жерге Исраилов Сакан келди. 2018-жылдан Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн төрагасы болуп Эсенбайдын чөбүрөсү Турдубеков Тилек болгон.
Алкымда илгери Алкым деген колхоз болуптур, апам айтып калчу: «Ошол кездеги бир колхоз элдин арасынан Жумакадыр экөөбүз калдык» - деп. Эми апам да жок. «Элүү жылда эл жаңырат», азыр Алкымды бойлой ошол кездеги адамдардын урпактары жашап жатат. Ошол Алкымда Саралаев Жумакадыр көпөлөк кубалап ойноп жүргөн бала кезинде эл оозуна алынып калат. Андан келечекте мыкты адам чыгарын сезишкен айыл аксакалдары, атасы Сарала Эсенбай эсепчинин батасын алып калсын дешип жанына бир тууганы Кыдырды кошуп жөнөтөт. Эсенбай эсепчинин батасы тийдиби, же зээндүлүгү, тири карактыгы себеп болдубу бир колхоздун жетекчиси катары көп жыл эмгектенген.
1888- жылы болуш Балбак Төрөгелдинин балдары тарабынан өлтүрүлүп, Кубат уулу жалаага калып, Шиберге айдалган соң Борукчу болуштугу “ач кулактан, тынч кулак” дешип Күн Чыгыш көздөй көчөт. Ал кезде бир айыл чоңчарык, чертки, тоголокту бийлеген Эсенбай жер соорусу экен деп калың чий баскан Каройду ээлептир. Мурун Борукчу болуштугу болсо, кийин Алкым, Карой, Кара-Суу, Жаңы-Жол, Үч-Булак, Тогуз-Булак сыяктуу майда колхоздор Ак-Кыя айылдык кеңешине биригишкен. Бир учурда сельсовет болуп Айнагүлдүн таятасы Малдыбаев Сыдык турган. Бул майда колхоздор ирилешип Кара-Суу колхозуна айланышат. Эсенбаев Келдибек башкарма болуп турган 1964-жылы Кара-Суу менен Жаңы-Жол кошулуп Жданов колхозуна биригишет.1994-жылы Эсенбаев Сиезбек башкарма болуп турганда Жданов колхозу жоюлуп Кара-Суу, Жаңы-Жол айылдары Ак-Кыя айыл өкмөтүн түзөт. Кара-Кужур Сары-Булак айыл өкмөтүнө кошулат.
Атам Келдибек өткөн кылымдын 60-жылдары башкарма болуп туруп согуш илдеттери жүрөктөн алып, бир ажалдан калып, тынчыраак Кара-Суу мектебинде 20 жыл директор болуп пенсияга чыккан. Атамдан кийин башкарма болуп сырттан келишкен, Макеев Кадыке башкарма болгонун айтып калышчу.
Саралаев Базарбаевдин учурунда Быкындан кийин Жданов колхозунда башкарма болуп, Акназаров менен көп жыл иштешкен. Анын ысымы ушул күнгө чейин бир гана биздин айылдын эмес,нарындыктардын оозунда келатат.Нарындык аксакалдар менен жолукканда Саралаев тууралуу бүт жакшы билет. Артта калган Элдин айлыгы жылдык 13 айлык менен, кошумча төлөмдөр, берилген сыйлыктар алдыга чыккан, Чарбанын өз каражатына Жаңы Жол айылына Калинин орто мектеби, көптөгөн стандарттуу кой сарайлар,турак-үйлөр курулган. Колхоздун аймагындагы айылдар 1979-жылы телефондошуп, электр кубаты тоо этектеринде жайгашкан сарайларга чейин жеткен. Колхоздун малы Көл-Үкөк, Кум-Бел, Соң-Көл, Кара-Кече, Кара-Саз жайлоолорунда багылып, алыскы кышкы-жайкы жайыттарды эң натыйжалуу пайдаланган. Колхоздун өзүнүн каражаты мененалыскы кыштоолорго чейин жолдорду салдырып, суу чыгарткан.
Саралаев айылдагы элдин маданий, билим деңгээлин жогорулатуу үчүн бир топ жаштарды колхоздун эсебинен жогорку окуу жайларына жөнөтүп, окутуп, алардын адистик алуусуна мүмкүнчүлүк түзүп берген. Кыргызстандын чегинде көп өнөр жай ишканалары менен өз ара келишимдик негизде кызматташып, элдин, чарбанын керек жарагына байланыштуу иштер аткарылган. Майрам күндөрү колхоздун эсебинен бекер автобустар айылдыктарды борбор шаарга жеткирип турчу. Саралаев Мекени, эли үчүн күжүрмөндүк менен эмгектенип, өзүнүн бүткүл дараметин, кажыбас кайратын, тажырыйбасын өмүр боюу чарбачылык, коомдук иштерге арнаган. Өмүрлүк жары Сыдыкова Уулман Жумакадыр аксакал менен, көп жылдар бирге жашап, бүт өмүрүн үй-бүлөгө байлап, кам көрүп, үй-бүлөлүк түйшүктү өз мойнуна алып, Саралаев Жумакадырдын наамына, даңкына өз салымын кошкон. Айнагүлдүн апасы Сыдык деген даңазалуу сельсоветтин кызы болгон. Чертки уругундагы Малдыбайдын Сыдыгы болуш болсо, Жумалы да атка минер экен. Эчкини жыга чаап көнүп алган Жумалы бир тууганы Сыдык менен «Страстбуй «табариш» Малдыбаев!» деп учурашчу дешет. Сыдык да артында тарыхий из калтырып кеткен адам. Айнагүлдүн апасынын адамкерчилиги, үй-бүлөсүнө кылган камкордугу, сый-урматы жана жөн билгилиги, акыл-парасаты жөнүндө Кара-Суу айылындагы эски адамдар көп айтышат. Кудай кошкон бул эки адам жарыкчылык жашоодо бирин-бири толуктап, бактылуу өмүр сүрүштү. Айнагүлдөн тышкары үч уул, төрт кызды тарбиялап өстүрүп, жогорку билимге ээ кылышып, турмуштун улуу жолуна багыт беришкен. Улуу баласы Турат 1954-жылы туулган, Кара-Суу орто мектебинде биология сабагын берип жүрүп, жаш кезинде шооласы үзүлүп калган. Келечектен көптү үмүттөндүргөн адам болчу. 1957-жылы туулган Роза да жогорку билимдин ээси. 1959-жылы туулган Фарида медициналык институтту окуп жүрүп Эсенбай эсепчинин небереси Замирбек менен 1979-жылы баш кошушкан. Эмил деген ишкер уулу бар. Милициянын генералы экс-министр Мелис Турганбаевдер менен гана учураша турган Айтбек 1961-жылы туулган. Айтбектин келечектен чоң үмүт кылган Илим деген баласы бар, билим башатын Кара-Сууда Секин эжеден баштаган. Айнагүл 1964-жылы туулуп, мектепте 1971-жылдан 1981-жылга чейин жалаң отличник окуп, класста класском, отряд советинин председатели, комсорг болуп жүрдү. Экономикалык факультетти бүтүрүп, жубайы менен бактылуу үй-бүлө курган. Айнагүлдүн Сайрагүл, Нургүл деген сиңдилери, Мирбек деген иниси бар.
Анын атасы алгач башкарма болгондо райком Базарбаев экен. Ушул Базарбаев Кочкорго райком болуп келип жерди кыдырып жүрсө, эгин талаасында торпоктой болгон ириктер оттоп жүрөт. Оозун ачкан Базарбаев ошол ириктин барын айдап барып, жок кылгыла деп койот. Райкомдун сөзү жерге калчу беле, заматта эгиндин четинде жайылып жүргөн семиз ириктерди союп жок кылышат. Кызыгы анан башталат, көрсө, бул ириктер республиканын жетекчисинин атасы Усубалы аксакалдын ириктери экен. Райком келер менен Усубалынын ириктерин жок кылып койгону, райком эмес балакет болсо да ал кездеги республика жетекчисинин атасынын ириктерин сойдуруп салганы кандай? Усубалынын ириктери экенин угар менен жанталашып түнү боюу Ысык-Көлгө чейин чапкылап семиз ирик издеп Усубалы аксакалдын ириктерин толуктап берген.
Саралаевдин ордун Ат-Башынын райкомун мыкчып турган Саринжи Жумагазиев алды. Горбачевдин заманында биринчилерден агрофирма түзүп, арты дайыны жок Бишкекте күм-жам болду. Жданов колхозунун акыркы башкармасы, Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн биринчи төрагасы Эсенбаев Сиезбек болду. Ал башкарма болоордо аким Алтымыш Шаршенбаев колдогон «Шамшынын» башкармасы, биздин айылдык Шарше Асыралиев менен «дуэлге» чыгып, оомат ага оогон. Деги эле биздин мамлекетте биринчи таймаш талашуу болгон. Буга чейин райкомдор, партия башкарманы дайындап койчу.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg