www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шопур Илмияновду койолу, Илмияновдун шопуру Каныбек Туманбаев алтын шилекейин чачыратып, азыркы бийликти солоп турган убагы. Иш башкармалыгын жетектесе да Кыргызстандын президентиндей дымагы бар. Ал эми Сыймык Жапыкеевдин шопуру Талант Эшалиев жөнүндө эмнелер белгилүү. Ал шопур болуп туруп, алган-бергенди билип, жамандарды жалпайта чаап, жакшыларга бүгүлүп жүрүп чоң байлыкка туйтунган. Анан кичинекей кызды зордуктай койом деп, бир топ жерге чейин барып, “тааныштарынын” айы менен ал жерден суурулуп чыккан. Бул да бир кыраан.

2020-жылдын 5-октябрында парламенттик шайлоодон улам Ак үй өрттөлүп бийлик алмашкан. Ушул бийлик менен финполго жеткен Сыймык Жапыкеев таарынычын сыртка чыгарып, бийликти чымчып коюп жаткандай. Ал кезде эч кимге аты, жыты жок подполковник  Сыймык Жапыкеев кухняга далдоолонуп алып ушак айтып жүрчү. Элдин парламенттик шайлоого болгон нааразылыгын туйган Сыймык Жапыкеев баш болгон “куйтулар” култ этип жаткан жеринен шар чыга калышкан да, Ак үйгө чабуул коюшкан. Башаламандык башталар менен Сыймык Жапыкеев Башкы прокурор болом деп эң кымбат машинага эгедер болуп, прокуратураны басып алгысы келген. Арийне, ал кыялы ишке ашкан эмес. Бирок подполковник Жапыкеев бир- эки айда генералды илип ала койду, “таппасаң сыйпалап кал”. Сыймык Жапыкеев, Максат Мамыткановдор  октябрь башаламандыгы болбосо «Чоң Казат» банкрот болмок. Чыр-чатакты эл көрдү, элге кыйын күндөрдү алып келди. Финполдун ордун алган Сыймык Жапыкеев жана вице-премьер болгон Мамыткановдор өз капчыгынын камдарын көрүшүп «Чоң казатты» ошол замат унутушкан. Сыймык Жапыкеев мамлекеттин өнүгүшүн эмес, өз капчыгынын өнүгүшүн каалап иштеди. Фактыларга келели:

Биринчиден, «Кыргыз темир жолу» ишканасынан 250 миң доллар акча талап кылган Мелис Аспеков, УКМКда 250 миң доллардын 50 миң долларын финпол жетекчиси Сыймык Жапыкеевге бергенмин деп мойнуна алган.

Экинчиден, Сыймык Жапыкеев бийлик колума тийсе эле Кубанычбек Жумалиевге окшогон элдин мүлкүн жегендерди кустурам деген. Куспай кара жерге кирсин, финпол 160 миң доллар бер деп жатат деп алар элге кайрылган. УКМК буга чейин депутат Кубанычбек Жумалиевден 160 миң доллар алып кармалган адам Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын башчысынын жардамчысы экенин жарыялаган.

Үчүнчүдөн, Абылгазиевдин өкмөтү учурунда гуманитардык жардам уурдалган, акчалар ысырап болгон, кээ бир жетекчилер бизнес жүргүзүшсө, кээ бирлери белгилүү бир компаниялардын же адамдардын кызыкчылыктарын көздөшкөн. Коронавирустан запкы жегендердин себеби каржылоонун начардыгы, кээ бир жетекчилердин алысты көрө билбегендиги, ач көздүгү болгон. Ошол эле премьер Абылгазиев коронавирус убагында он миллиарддаган пайда бере турган радио жыштыктарын 700 сомго баалап, казак ишкерлеринен 10 миллиард сом пара алганын элдин бары билет, буга финпол Сыймык Жапыкеев тарабынан эч кандай чара көрүлгөн эмес. Балким Абылгазиев кытылдатып койгондур. Бул да УКМК тарабынан кармалып ичип жегендеринин бети ачылууда. Абылгазиевдин өкмөтү учурунда коронавирус болуп көрбөгөндөй апогейине жетип, анын ордун алган Кубатбек Боронов ал-абалды оңдоп келаткан. Арийне, финпол тарабынан эч айыбы жок Бороновго беш саат сурак жүргөн, эмне коронавирусту жоюп келатканы үчүн финпол ушунча кармап турдубу?

Коронавирус илдетин жайылтууда өз салымын кошушкан Руслан Казакбаевдин бир тууган келини ошол кездеги социалдык тармактарды жетектеген вице-премьер Алтынай Өмүрбекова менен саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин финполдон суудан кургак чыгып жатканы, Сыймык Жапыкеевдин капчыгын калыңдатканынан улам болуп жүрбөсүн?

Төртүнчүдөн, тараканга таланып эле эл катары жөн-жай үйдө турчу Жапыкеев өзүнө окшогон акча десе акактаган адамдарды колдоду. Жөнөкөй эле мисал коронавирус убагында спецполиклиниканы жетектеген Гүлмира Баитова өзүнүн жакындарына мыйзамсыз айына 160 миң сомдон айлык чектеп, калгандардын барын акчасыз, кезексиз отпускага айдап жиберген. Андан көрө тегиз эле барына бирдей акча берсе дурус болмок. Бул жерди текшерүүгө келген Сыймык Жапыкеевдин кызматкерлери, эч кандай кылмыш иши болбогондой жаап коюшуп баса беришти. Гүлмира Баитова менин богума ким куурай сая алат эле дегендей атаандаштарын шылдыңдап, капчыгыңда пулуң турганда ким мага даап сөз айта алат деп манчыркап турган убагы. Атамбаевдин “үй-бүлөсү” менен жакындашкан соң 300 миң долларлык эң кооз турак-жайдын ээси болду, Жалга да хансарай салдырат.

Чагылгандай тездик менен финполду ээлер менен Сыймык Жапыкеев капчыгын кеңейтип, генерал наамын алаар менен, элдин башына күн түшүп жатканда ал элди да, бийликти да күйгүлтүккө салып кухнясын көздөй бет алган. Анан элди дүрбөтүш үчүн Кайрылуу жазымыш болуп жүрөт. Сыймык Жапыкеевге окшогон генералдын орду кухняда ушак айтуу эмес, согуш талаасында экенин түшүнөбү? Кеменин жүгү оордогондо келемиштер сайгактап кача баштайт. Сыймык Жапыкеевдин келемиш сыяктуу бийликтен кетиши анын байлык топтоо үчүн башаламандык уюштурганын билдирип койду. Эми ал сөзүн акташ үчүн “отко май тамызып” кайрадан элди дүрбөтүп жатат. Андай болсо полковник чинине жакында эле татыктуу болгон Сыймык Жапыкеев эмнеге генерал наамына ээ болду.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

 

Последние новости