www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бизде 2005-жылы 24-мартта бийлик алмашканда Мухтар Аблязов 30 млн доллар жардам берген. Кийин 2010-жылы бийлик алмашканда да оппозицияны каржылаган, бирок канча бергенин бир Атамбаев билбесе, ким билет. Казакстан 2022-жылдын январындагы ызы-чуудан кийин Назарбаевди алка –жакадан алып жоготту. Жылдын этегинде же 2022-жылдын 20-ноябрында Касымжомарт Токаевди 70 пайыз элдин катышуусу менен 81 пайыз добуш менен кезексиз жети жылга президенттикке шайлап беришкен. Эми президентти шайлагандан көп убак өтпөй Батыш колдогон Мухтар Аблязов президенттин ордун алам деп, митинг уюштура баштады. Мухтар Аблязов казак бийлигин кетирүү тууралуу элине жар салып, 17-мартка митингге чакырган. Ал өз сөзүндө тез аранын ичинде казак президентин тактан кулатып, жаштарды бийликке алып келүү керектигин айтты

2022-жылдын мартында Тони Блинкен деген Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы келип Токаевге көп канааттанбай кетти. Себеби, Орусия менен чектеш Казакстандын беш облусуна орустар сук көздөрүн кадай баштаган. Аларга Орусиянын паспортторун таратып, бирок жогору жакта көп сөз боло элек болчу. Казактар артында НАТО турган Украинадай мамлекет беле, орустар аскерин кийирсе бир жумада басып алат. Украинага окшоп ядролук куралдарын Орусияга берип койгон. Бирок,орустар аскерин казактарга азырынча бурбайт. Себеби, Токаев Орусия менен кетебиз деп Кошмо Штаттарга моюн толгоп турат. Ошол үчүн Батыш 2022-жылдын январында Токаевге сес көрсөттү, эми  Мухтар Аблязовду колдоп Казакстанда бийлик алмаштырабыз деп түлкүчө бөжүп турушат.

Франция өлкөсү казакстандык качкын банкир жана оппозиционер Мухтар Аблязовго башпаанек берүүдөн баш тарткан. Соттун чечимине ылайык, Мухтар Аблязовдун жактоочусу Карим Бейлуни Франциянын Качкындарды жана жарандыгы жок адамдарды коргоо башкармалыгынын 2018-жылдагы ага саясий качкын макамын берүүдөн баш тартуу чечимине каршы даттанган. Бул даттанууну Франция четке каккан. Бирок толугу ал жактан чыгарылган жок, себеби Касымжомарт Токаевдин ордуна Мухтар Аблязовду алып келүү тилеги Батыштын № 1 тилеги болуцп баратат. Орусияда Путинди Батыш жыкса Казакстан эмне деп турушат.

Казакстанда Аблязов БТА Банктан 7 миллиард долларга жакын акчаны уурдаганы үчүн сыртынан 20 жылга эркинен ажыратылган, ал эми 2018-жылы банкир Ержан Татишевди өлтүрүүнү уюштурган деп өмүр бою эркинен ажыратылган. Аблязовго Орусия менен Украина да акча каражатын уурдаган деген шек менен издөө салган. Мухтар Аблязовду колдогон Заманбек Тлеулемов митингге миңдеген жарандар чыкса бийлик өзү кетет, деген пикирин айтууда.

Талкуудагы айрым жарандардын пикирин окурмандарга жарыялайбыз.

Жаран: — Канчалаган элдер митингге чыкты, баары камалды?

Заманбек Тлеулемов: — Аз эле чыксаңар албетте камап коет.

Жаран: — Элди митингге чакырып атасыңар, өзүңөр кайсы шаарда жүрөсүңөр?

Заманбек Тлеулемов: — Биздин эфирдин темасы, “Казакстанга өзгөрүү керекпи же керек эмеспи?” деген талкуу.

Жаран: — Албетте өзгөрүү керек, бирок...

Мухтар Аблязов: — Өзгөрүү митинг менен гана өзгөрөт. Бизде баардыгы аманат. Ошон үчүн митинг өзгөрөт. Ушул жылы бийликти кулатуубуз керек.

Магжан Жегипаров активистке: 

— Заманбек сиз митингди баштап жатасыз, кайсы калаага баруу керек. Ал митингди ким жасайт. 

Заманбек Тлеулиев: — Мен бара албаймын, барсам камап коет. 

Магжан Жегипаров: — Митингге келе албасаң анда неге элди чакырып жатасың? Лидер болушу керек го. 

Жаран: — Макул, бийликти алмаштырдыңар, ким бийликке келет?

Мухтар Аблязов: — Баардык маалыматтарды социалдык баракчабыздан алыңыздар.

Мухтар Аблязов учурда казак элин бийликти төңкөрүш жолу менен алмаштыруу керек экендигин ачык жарыялоодо. Анын айтымына караганда бийлик толугу менен 17-марттан 19-мартка чейин алмашат. Казакстандын мурдагы банкири Аблязов ар кайсы өлкөнүн 100дөн ашык жаранынан турган кылмыштуу чөйрөнү ири өлчөмдөгү акча алдамчылык үчүн түзгөн деп айыпталган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

Последние новости