www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айтканынын бары калп Бажы кызматынын төрагасына генерал-майор наамы ыйгарылды. Ал эми Самат Исабеков Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы кызматына 2022-жылдын январь айында дайындалган. Ал дайындалган жылы Бажы кызматында акча желдей учуп, план аткарылган жок. Мурун дайыма аткарылып турган план эмне үчүн аткарылган жок? Бажы кызматында мыйзам бузуу фактысы аныкталып жатат. Толугу менен айтканда Түштүк-Батыш бажысынын кызматкерлери тарабынан бажы мыйзам бузуу фактысы аныкталды. Маалыматка ылайык, 2019-жылы Кореядан Кыргызстанга "О.К." ЖЧКсынын дарегине Салык кодексинин 301-беренесине ылайык, КНС төлөөдөн бошотуу менен бетон сордуруучу атайын жабдуу алынып келген. Кийинчерээк бажы кызматкерлери тарабынан аталган ишкана бажы органынын уруксатысыз жана тиешелүү бажы төлөмдөрүн төлөбөстөн, транспорт каражатын үчүнчү жактарга өткөрүп бергени аныкталды. Муну менен ишкана мамлекетке 279 миң 760 сом зыян келтирген. Факт КБР АДС МКЖга катталып, чогултулган материалдар Башкы прокуратурага жана чечим кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилди.
Андан тышкары "Манас" бажысынын кызматкерлери тарабынан бажылык тариздөөгө мониторинг жана талдоо жүргүзүү учурунда бажылык укук бузуу фактысы аныкталды. Маалыматка ылайык, А.С. ЖЧКнын дарегине ИЛ-76ТД аба кемеси товары ташылып келинген жана убактылуу ташып келүүнүн (кирүүнүн) бажы жол-жобосуна жайгаштырылган, ташып келүү мөөнөтү 2022-жылдын 31-декабрына чейин белгиленген.
ЕАЭБдин Бажы кодексинин 221-беренесинин 4-пунктуна ылайык, бажы органы тарабынан белгиленген убактылуу ташып келүү бажы жол-жобосун колдонуу мөөнөтү жактын арызы боюнча бул мөөнөт аяктаганга чейин же бул бажы жол-жобосун колдонулуу мөөнөтү аяктагандан кийин 1 айдан кечиктирбестен узартылышы мүмкүн.
Бирок бүгүнкү күндө А.С. ЖЧК тарабынан убактылуу ташып келүүнүн бажы жол-жобосунун мөөнөтү узартылган эмес жана башка бажы процедурасы тандалган эмес. Ошентип, бажы төлөмдөрүнүн суммасы 1 002 433 сомду түздү. Бул факты каттоого алынып, материалдар КР мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилди.
Деги Бажыда коррупция жоголобу? Бажыда коррупция күрөшүүнүн, контролдук –пропускттук пункттарда катуу автоматташтырылган системага өтүш керек. Ооба, мындай чаралар Бажы кызматынын Кыргызстандын чек арасында орнотулган, бирок алар мамлекет үчүн иштебей ар кимдин капчыгы үчүн иштеп жатканына жол болсун. Мисалы Кытай менен чектешкен «Торугарт» өтмө пунктунда кандай? 60 миң долларлык кийимдерди жүктөп алып фура келип жатат. Бул жүктөр үчүн өздүк наркынын 10 пайызын бажы пошлинасы үчүн жана 12 пайызын кошумча нарк үчүн салыкка төлөш керек. Орто эсеп менен 12-13 миң долларды. Аларда мындай схема түзүлө калат, бул жерде эч кандай кийимдер жок, банандар жүктөлгөн. Банандар эч кандай 50-60 миң доллар боло алышпайт, көп болсо 10 миң доллар болушат. Ошол үчүн бюджетке төлөй турган 12-13 миң сомдун ордуна, көп болсо бир жарым, эки миң доллар төлөп коюшат. Ал эми Бажычы кур калмак беле, товардын наркын түшүрүп бергени үчүн жүк ташып бараткан адам сүйүнүп туруп анын чөнтөгүнө мамлекеттин көзүн будамайлап тиешелүү нормадагы акчасын салып берет.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg