www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен окуясы боюнча жаңылып сүйлөп, мүдүрүлүп кеткен жаагын жанган Жапаров депутат Өмүрбек Бакировдон кечирим сураганы менен тез эле «хамалеончо» өзгөрүлүп мамлекеттик бажы кызматындагы туура эмес иштерди божурап кетти. Албетте, министрлер кабинетинин жетекчиси катары Жапаров бул жактагы «ЧПларга» өзү да күнөөлүү болсо керек. Ал бул жерге жерге сууга тийгизбей мактап алып келген Адилет Кубанычбеков миллион сомго айып пул салынса ким күнөөлүү болот? Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы жетекчисине 1 млн сом айып салынган.

 Сот Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Адилет Кубанычбековду күнөөлүү деп тапкан. Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, 2022-жылы Адилет Кубанычбеков КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери боюнча күнөөлүү деп табылып, ага 1 млн сом айып салынган.

УКМК Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адилет Кубанычбековго козголгон иштин алкагында жеңилдетилген шарттарда товарларды алып келүүгө катышкан жеке компаниялардын кызыкчылыктарын лоббирлөө фактыларын аныктаган. түзүлүп, бажылык тариздөө мыйзамды одоно бузуу менен жүргүзүлүп, системалуу түрдө пара алуу үчүн бажы администрациясынан товарларды жашыруу схемалары колдонулууда.

УКМК Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адилет Кубанычбековго карата козголгон иштин алкагында жеңилдетилген товарларды алып келүүгө катышкан жеке компаниялардын кызыкчылыктарын лоббирлөө, ал эми бажылык тариздөө мыйзамды одоно бузуу менен жүргүзүлүп, системалуу түрдө пара алуу үчүн бажы администрациясынан товарларды жашыруу схемалары колдонулуп келгени боюнча фактылар аныкталган.

Мындан тышкары, акыркысы жеке баюу максатында мамлекеттин кызыкчылыгынын артына жашынып, туунду компаниялар тарабынан тышкы экономикалык иштин субъекттери үчүн бажы кызмат көрсөтүүлөрүнүн баасын негизсиз ашыра баалаган.

Тергөөнүн жүрүшүндө Кубанычбеков мамлекетке 51 миллион 220 миң сом өлчөмүндө зыяндын ордун толтурган, ошондой эле кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча аныкталган фактыларды мойнуна алып, ага байланыштуу А.Кубанычбековдун баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлгөн.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости