www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Деги Бажыда коррупция жоголобу? Бажыда коррупция күрөшүүнүн, контролдук –пропускттук пункттарда  катуу автоматташтырылган системага  өтүш керек. Ооба, мындай чаралар Бажы кызматынын Кыргызстандын чек арасында орнотулган, бирок алар мамлекет үчүн иштебей ар кимдин капчыгы үчүн иштеп жатканына жол болсун.  Мисалы Кытай менен чектешкен «Торугарт» өтмө пунктунда кандай? 60 миң долларлык кийимдерди жүктөп алып фура келип жатат. Бул жүктөр үчүн өздүк наркынын 10 пайызын бажы пошлинасы үчүн жана 12 пайызын кошумча нарк үчүн салыкка төлөш керек. Орто эсеп менен 12-13 миң долларды. Аларда мындай схема түзүлө калат, бул жерде эч кандай кийимдер жок, банандар жүктөлгөн. Банандар эч кандай 50-60 миң доллар боло алышпайт, көп болсо 10 миң доллар болушат. Ошол үчүн бюджетке төлөй турган 12-13 миң сомдун ордуна, көп болсо бир жарым, эки миң доллар төлөп коюшат. Ал жми Бажычы кур калмак беле, товардын наркын түшүрүп бергени үчүн жүк ташып бараткан адам сүйүнүп туруп анын чөнтөгүнө мамлекеттин көзүн будамайлап тиешелүү нормадагы акчасын салып берет.

Каржы министринин орун басары Жибек Дүйшеева бажыдан түшпөй калган каражаттар салыктык эмес кирешелердин эсебинен жабыларын кошумчалады. «Бюджеттин тартыштыгы 9 млрд сомду түзөт. Жылдын аягында көбөйүшү мүмкүн деген коркунуч бар. Салыктык эмес төлөмдөрдү алуу жана баалуу кагаздарды чыгаруу менен жаап салабыз», - деди ал. Бажы кызматында быйылкы жылга коюлган план аткарылдыбы? Мындай суроону депутат Мирлан Самыйкожо Жогорку Кеңештин жыйынында бажы кызматынын башчысынын орун басары Алмаз Салиевге берди. Быйылкы жылдын планына 98,5 миллиард сом коюлган, бирок азыркы учурда аткарыла элек, деп жооп берди орун басар. Депутат декабрдын аягына чейин аткаруу мүмкүнбү, деп суроо берди. 

Азыркы учурда планга кайрадан өзгөртүүлөрдү киргизип, жаңы план коюлуп жатат. Ошону аткарабыз деп жооп берди Салиев. Депутат план аткарылбай калса өзгөртүүлөрдү киргизип, 98,5 миллиарддан ылдый түшүрүп койсо боло береби, деп кайра суроо салды.

Бажы кызматынын башчысынын орун басары буга көп себептер бар экенин билдирди: "Биздин иш-аракетибизге байланышы жок себептер болуп жатат. Мисалы, Кытай тараптан пандемия, андан сырткары Оруісия менен Украинада болуп жаткан согуштун айынан келбей калган пошлиналар себеп болууда. Белгилүү болгондой, согуш башталгандан кийин беш өлкөнүн ичинде 1300 товарга боштондук берилген. Ошолордун себебинен план аткарылбай калып жатат". - деди Алмаз Салиев.

 Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров учурда бажы тармагы эң чоң көйгөй болуп жатканын айтты. Парламенттин Экономика, бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында депутат Айбек Алтынбеков Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабековдун ишине нааразычылыгын билдирген: "Баарыбыз чогулуп бажы инспекциясында тартипти орнотушубуз керек. Бизде азыр эң талылуу көйгөй Бажы кызматында болууда. Керек болсо "за державу обидно" (мекен үчүн күйгөн — ред.) деген балдарды алып келебиз. Урматтуу Садыр Нургожоевич менен дагы сүйлөштүм, керекпи, бүт бажычыларды бир күндө иштен бошотуп туруп, алардын ордуна жаңы институтту бүткөн балдарды киргизгенге биз даярбыз. Азыр ошого системаны даярдап жатабыз", — деди Жапаров.

Ошондой эле өкмөт башчы бажыдан былтыркыга караганда 50 миллиард сом көп чогултуу планы коюлганын, бирок 26 миллиард түшүп жатканын белгиледи.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg     

 

Последние новости