www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

7-кабатта депутаттын иш бөлмөсү бузулуп, анын буюмдары сыртка алынып чыкканы туура эмес. Бул жалпы 90 депутатты сыйлабагандык. Мындай пикирин депутат Сүйүн Өмүрзаков бүгүн, 24-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Урматтуу Нурлан Тургунбекович сиздин төрага болуп шайланганыңызга аз эле убакыт болду. Биз сизге ишеним көргөзүп көп пайыз менен бир добуштан шайлап бердик. Сиз отурган 7-кабатта депутаттын иш бөлмөсү бузулуп, анын буюмдары сыртка алынып чыкканы туура эмес. Бул бардыгыбызга тиешелүү. Бул жалпы 90 депутатты сыйлабагандык. Биз эл өкүлдөрүбүз. Бир муштум, бир билек болбойлубу? Чет жакта уруштар, согуштар, чоң державалардын эмне болуп жатканын көрүп жатабыз. Биздин ынтымагыбыз жоктугунан бизге да сырт жактан таш ыргып, канчалаган жарандарыбыз каза болуп жатат. Ынтымакка убакыт келди го. Сиз президенттен кийинки экинчи адамсыз. Сизден азыр көп нерсе талап кылынат. Президенттин аппаратынан келип 15 мүнөт маалымат берип коюшсун. Депутатка эмне себептен мындай мамиле кылгандарын түшүндүрүп беришсин. Алар эмнеге сизди уят кылып жатат. 

Биз кичине нерседен чоң ызы-чуу жаратып жатабыз. Бизди канча эл карап турат, иштебейлиби ызы-чуу менен алектене бербей. Анан эми бул маселени көтөрбөсөк дагы болбойт. Ачык эле айтайын Жогорку Кеңештин ичинде чыңалуу пайда боло баштады, топ-топко бөлүнүшүп. Ошолордун башын бириктирген сизсиз да. Чакырыңыз, отчёт берип коюшсун бизге", - деди Өмүрзаков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости