www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кемпир-Абад боюнча келишимге каршы добуш берген депутаттарды коркутуп-үркүтүү болуп жатат. Мындай билдирүүсү депутат Эльвира Сурабалдиева бүгүн, 24-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында сүйлөп жатып билдирди.

Сурабалдиева ЖК төрагасына кайрылды.

«Урматтуу спикер, эмне үчүн сизди шайладык? Бизди коргой албасаңыздар. Кечээ менин туулган күнүм болчу. Камчыбек Кыдыршаевич (Ташиев) мага кылган белегиңизди эч качан унутпайм. Менинин иниме кылмыш ишин козгойм деп коркуткан УКМК кызматкерлерин да эч качан унутпайм. Бирок, мен 5-октябрда 2020-жылы окуясынан кийин эки жылдан кийин парламентке келсем УКМК коркутат деп ойлогон эмесмин. Кечээ депутаттар менен сүйлөшсөм жакын туугандарынын баары кызматтардан алыныптыр. Менин эми жакын туугандарым мамлекеттик кызматтарда жок экен, алыскыларын да жумуштан алып жатышыптыр. УКМК ушундайга барганы уят. Мындай Бакиевдин да заманында мындай болгон эмес», - деп нааразы болду ал.

Ошондой эле Сурабалдиева ушул жылдын жай айларында да текшерүүлөр болгонун айтты.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости