www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ: Белгилүү манасчы Шапак Рысмендеев

Аттиң, дүйнө дейсиң! Шапактын бир чүрпөсү жаш эле туруп бул дүйнө менен кош айтышты. Жаткан жери жайлуу болсун! Шапактын уулу Момушка Иса сыяктуу теңтуш абышкалар: «Момуш сен жаш балдар менен жакшы болуп кетти деп угабыз» дейт. Момуш: «Анын чындыгы бар. Мен өлсөм силер отуруп эмне союптур, казысы канча чыгыптыр, канча чучук чыгыптыр деп кажылдайсыңар. Мени көтөрүп көмө турган ушул балдар» - деп моюн сунбай коюптур.

Момуш деген аксакал болор эле, биз Армияга кеткен 1983-жылдары каза болуптур. Момуш  да тамаша менен жүргөн адам болгон.  Акылбек байкелер жаш кезинде Момуш көк дүкөнгө эшегин минип келгенде, эшегин жетелеп барып катып коюшат. Момуш чыкса эле эшеги жок, анан издешип, «араң» таап келишип, сүйүнчүсүнө деп Момуштан бирдеме алдырып ичет. Асанбек байке айтып калчу Акылбек болуп Момуштун үйүнө чейин жеткирип барчубуз деп. Сагын апа жактырбаса да  Акылбекти сыйлап дасторкон жайып, Момуш: «Беркиден алып келсеңчи» деп, ичкен убактар да болгон деп. .

  Акылбектин атасы Келдибек 1959-жылдан 1964-жылга чейин Кочкор районундагы Кара-Суу колхозуна башкарма болгон. Анын машинасын беш күрөң Бейшенбек айдачу экен. Ал киши өзү айтып калчу. Никита Хрущевдин убагында өйдө-төмөн тапшырмалар көп болгон. Ошол мезгилде анын ар бир айткандарын аткарып, колхоз райондогу мыкты колхоз аталган. Илгери анын атасы Эсенбайдын малына кошуп Кара-Суулук жети байдын малын алып барып, Теңдик колхозун түзүшкөн экен. Кара-Сууга эле калтырып коюшса биздин колхоз бай болмок экен. Ага карабай өзүнүн ак ниеттүүлүгү менен Кара-Сууну алдыга сүрөдү, Кара-Суу мыкты колхоз болгон соң, артта калган Жаңы-Жол колхозун кошот. Балким Хрущевдин акыркы көрсөтмөсү колхоздорду ирилештирүү болсо керек. Анын ага чейинки  колхоз жерине жүгөрү айдатуу керек деген көрсөтмөсүн аткаруу үчүн Кара-Суу айлына  жүгөрү айдатып, андан силос жасаткан. Силос текке кетпес үчүн Чүйгө барып асыл тукумдуу уйларды алып келет. Бул ошол кездеги жакшы идея болгон, ошол үчүн Кара-Суу колхозу Нарын облусунда үлгүлүү колхоз катары семинарлар өтүп турган. Ушундай семинарлар Жумгалда да өтүп атам Шапак уулу Момушту айтат ушул жерге барып келбейсизби деп. Момуш ал жерде чоң жумуш бар сыяктуу баш тартат. Ордуна Шаршенбек байкенин аталары Сейтек кетет. Үч күн семинар болот. Барган жерде эле кой союлуп, эт тартылып Сейтек гүүлдөп келип  барганын айтып берсе Момуш: «Менин ушундай тарткылыгым бар, гүүлдөп келе турган жерден баш тартканымды кара» -деген экен. Момуш өзү колхоздун карапайым колхозчусу болгон экен. Бир күнү партияга өтүп алыптыр, ал кезде бир эле компартия болгон. Ага өтүү чоң жумуш болгон. Бир күнү атама келип айтат: «Партияга өтүп алдым эле, сууну сугарып жатсам, эй Момуш сен партиясың  башкалардан көбүрөөк сугарышың керек дешет, чөп жыйнаганда да  кой кыркканда ушул. Менин агаларым, жеңелерим эл башкарган атка минерлер, алар бүт партияга өтүп алышып, элди ого бетер башкарып жатышат. Эмне, Кеке, мен башка партияга өтүп алгамбы» дейт.

Атам ошол кездеги Канттагы башкармалардын курсунда окуган, сүрөттөрү да бар. Ушул жерде окуп Чүйдө асыл тукумдуу малды көбөйтүп жатканына көзү жетет. Ошондуктан ошол жактан асыл тукум малдарды сатып келет. Асыл тукумдуу уйлары өтө сүттүү келип колхоздун сүт сатуу планын ашыгы менен аткара турган. Аларга жасаган силосу «адам тамшанып жей тургандай эле» болуптур. Баса кийин Матен Сыдыков деген обком болгон. Жумгалга семинар өткөнү баратып Чолпон совхозунан уй фермасын көрүп чыгайын деп кайрылат. Силосту жаман даярдап жатыпсыңар деп аны ээрчип жүргөн райкомдорду жер-жебесине жеткире тилдейт. Ошол жерде айыл чарбасын тейлеген жигит бар экен, тили жөн турбай: «Силос  жакшы даядагандай плов беле» дептир. Ошол жерден эле Матен Сыдыков артка Нарынга бурулуп, прокурор, милицияны чакыртып, тиги жигитти кызматта алып аябай жүдөтүптүр.

Атам алып келген асыл тукумдуу уйларда чаарлары бар экен, чаар уйлардын музоолору да чаар болушуп, сүттүү болушуптур. Абдан көп сүт берчү экен, бир сааганда эле бир чакадан. Көрсө азыркы голландиялык голштинг породалары экен. Таргыл уйларынан таргыл музоо чыгып, сүтү азыраак болгону менен, өтө эттүү келишип колхоздун этпланы ашыгы менен аткарылчу. Азыркы Ставрополь породасына кирет. Демек Эсенбаев Келдибектин эмгеги бир жагынан Хрущевдин жүгөрүсүн айдап, силос жасап ошол кезде эле асыл тукумдуу уйларды өстүргөн.

Адүкүн деген бар. Кара-Суу мектебин бүтүргөн эмес, бирок Кара-Суулукмун деп жүрөт. Бир кезде колхоздун бухгалтериясында иштеген, азыр Нарында нотариус экен. Нотариустан бошотуп, анан келиптир, бир топ чабылып-чарпылып, аны бошоткон адам да жоголду. Азыр минюст Баетовдун баласы. Адүкүн байке Эсенбай, Келдибек тууралуу жакшы билет экен. Карыялар айтчу кар жаап калса Эсенбай кардын канча жааганын ченеп отурчу деп. Келдибек башкарма кезинде Каройго арпа айдап калды дейт. Арпаны кечирээк Момуш баштаган адамдар сээп жатса башкарма келип: «Тездеңиздер, түшкө чейин сээп салбаңыздар, түштөн кийинки себилгендер өспөй калат» деп кетиптир. Сепчү жер көп болуп, түштөн кийин да себилиптир. Момуш: «Атасы Эсенбайча билер бекен?» деп, түштөн кийин себилгендерди белгилеп коюптур. Күз келгенде үшүк болуп түшкө чейин себилгендер моюн бербей өсүп кетип, түштөн кийин себилгендер үшүккө кабылыптыр.

Момуш жөнүндө атам көп айтып калар эле. Анткени, Момуштун оозунда тамашалуу кеби бар, атама келип болгонду куудулданып айтып турчу экен. Бир жолу Момуш биртке тыйын-тыпыр таап алсын деп сарайларга кароолчулукка койот.Ошол кезде Кара дөө деп койчу киши да кароолчу болчу дейт. Ажаан аялы болсо керек, бир күнү Мокемдин байбичеси Сагынды басып алып жанчып жатат дейт. Момуш атама айтып атат да: «Бир чети Сагынды сабап атканына сүйүнүп атам, анткени ал деле мени күндө кулагымдын кужурун алып, какылдап турат. Тиги басып алып сабап жатканына табам канып турду. Экинчиден күйүнүп атам, кантсе да менин бир теңим эмеспи. Боор ооруп болушайын десем тигинин аялына алым жете турган эмес. Кеке, же мени, же Кара дөөнү ал жерден кетирбесең, бирибиз өлүп, бирибиз калабыз го» деп.

Бир күнү Момуш Кочкорго жумуштап кетип эле жок дейт. Көрсө Мокең машина менен Кочкорго барат. Кайра тартканда Кочкордун четинен Момушка шопур отонтой Үсөн: «Менин жумушум бар эле, сиз ушул жерге туруп туруңуз» деп коюп кетет. Так ошол жерде Кара-Сууда чоң кызматта иштеген бир орус бар экен. Ал Момушту көрө коюп сүйүнүп кетет, мобул шатыны кармай турчу деп, өзү үстүнө чыгып кетип жок дейт. Момуш шатыны кармап турганда машина келип өтүп кетет. Ошентип, Мокең жөө жалаңдап араң келет. Атама айтып жатат да: «Менин ушундай тарткылыгың  бар» деп. Эмне оор жумуш болсо Шапактын кичүү баласы Момуштун мойнуна түшүп калчу экен. Ошондон улам атам бир оор жумуш кылып калсам эле: «Балам Момуш болуп калды» дей турган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости