www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

31-август эгемендүүлүк күнүбүз чукулдап келатат. Бийлик кандай кадамдарга барыш керек? Талгарбековго окшогондордун пикири боюнча бийлик тарыхий чечимдерге барыш керек. Ал элди тике карап эгемендүүлүк күнүнүн алдында: "Мен колуман келишинче иштердин бардыгын жасадым, эми өз каалоом боюнча кызматымдан кетем" десе, Кыргызстан мамлекети жана элдери үчүн  абдан чоң пайда алып келмек.

Талгарбековдун оюу боюнча анда бийлик башын тике көтөрүп кетмек. Бирок бийлик мындай чечимди кабыл алабы? Патерналисттик лидер үчүн мындай чечимди кабыл алуу трагедия же өлүмгө барабар. "Мен элимди багыш үчүн күнү-түнү эмгектенип жатам" - деген ой бийликтин мээсине орун алып калган. Анын «күжүрмөн» кошоматчылары: Аскар Салымбеков, Адылбек Касымалиев, Бакыт Төрөбаев, Эдил Байсалов, Алмаз Бакетаев, Эмил Абдыкадыров жана башкалардын ойлорунда алгач «оптом» сугунуу, андан кийин гана элди ойломуш болот.

Албетте, Аскар Салымбеков бийликте эмес, бирок "Сал, сал салбилек, Салымбековго бар билек" деп, дайым бийликтин тегерегинде. Ким бийликти алса Аскар Салымбеков дайым даяр болот, ал эми эски бийликти тытмалап жеп, желмогуз кылып салат. Азыркы бийлик кетсе деле, Салымбеков кийинки бийликтин «кол баласына» айланып, бул бийликти шыбай баштары айдан ачык.

Бир гана нерсени ойлош керек, кытайлыктар Маодон ал өлгөн соң гана кутулушкан. Ал эми азыркы бийликти алсак терең ойлонор деп үмүт артып жаткандар бар. Отуз бир жылдык тажрыйба көрсөтүп кетти, президенттер кошоматчылардын гана кебин угушуп, жарды көздөй түртүлөрү бышык. Ошондуктан, Талгарбековдун оюу боюнча бизге башкача Кыргызстан керек, азыркы курулуп жаткандай эмес.

Эгер ал айткан чечимди бийлик кабыл алса күзүндө кайрадан президенттик шайлоолор болот да, талапкерлер өздөрүнүн жаңы программалары менен чыгат. Кыргыз эли өлкөнү өнүгүү жолуна алып чыгууга даяр мамлекеттин жетекчисин шайлап алыш керек. Талгарбековдун оюу боюнча жок дегенде бийлик өзүнүн саясатын кайрадан карап чыгышына үмүткөр.

Азыр өз командасын топтоп алган Талгарбеков алдыга жыла бермекчи. Ал маалыматты тейлеген Назаркул Жоошбаевди, Мамбетжунус Абыловду, Исмаил Исаковду жана башкалар менен келечек жөнүндө ойлогонду жакшы көрөт. Алардын кээ бирлерин ээрчитип, Кегети жайлоосун "жылаңайлак" кыдырышып, күздөгү биригүүнү катуу  талкуулашты.

Экс-министр Бекболот Талгарбеков күзгө карай оппозициялык ишмердигин чыңдап, бир топ материалдар менен иштеп атканын эшиттик. Кыраатына келтире күтүүсүздөн “бомба” жара турганы байкалууда. Кандай "бомба" жарылар экен? Калың элдин төбө чачы тик турушу мүмкүн. Кандай аргумент, компроматтар менен иштеп атканын ачыктай албайбыз. Өзү маалын күтүп аткандай.

Бийлик менен ачык күрөшкө чыккан Бекболот Талгарбековдун саясый рейтинги көтөрүлүп, эл оозунда уу-дуу болуп турган кези. Мындай ыңгайды коё бермек беле? Олуттуу анализ жасап, курч сын-пикирлерди токтотпой, күзгө чейин күрөшөрүн уктук. Ошондо Бекболот Талгарбеков жай саратанда саясаттын казанын боркулдатып, "бомба" жарууга белсенип калганы ыраспы? Учурда көйгөйлүү маселелердин үстүнөн иштеп, көшөрүп, каршылашууга катуу даярданып калганы жөн жерден эмес го?

Убагында Алмазбек Атамбаев түрмөгө салганда да майтарылбай, чыйралып, кайра курчуп чыккан. Ошондо экинчи президент менен айыгышкан кармашы кандай аяктайт болду экен? Шакирти Камчыбек Ташиев эмне дейт? Коомчулук да ушул өңүтүн күтүп жаткандай. Эмесе, Бекболот мырзанын "шырп" эткен дабышын тыңшап туралы.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости