www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аялын сабады деп шектелген жаран Орусияга качып бараткан учурда кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 1994-жылы туулган Б.Ф. атту аял 16-августта Улуттук госпиталга ар кандай жаракаттары менен кайрылган.

Ал 15-августта Сокулук районундагы үйлөрдүн биринде күйөөсү ур-токмокко алганын айтып, арыз жазган.

Б.Ф.нын денесинен алган жаракатынын оордугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалып, кылмыш иши козголгон.

Арыз ээсинин күйөөсү 1989-жылы туулган А.Н., Орусияга кетүүгө аракет кылган учурда шектүү катары кармалган. Ал Сокулук районунун ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иштери уланууда.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости