www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунда төрт баланын энеси күйөөсү тарабынан катуу сабалып, ооруканада жатат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жабырлануучунун агасы Заир Абдурахманов билдирди.

Анын айтымында, окуя кечээ болгон.

«Жээнимди түндө күйөөсү ур-токмокко алган. Ал азыр ооруканада. Жээним Фархонанын атасы, бир туугандары жок. Бир гана апасы бар. Анын дагы жашы жете элек төрт баласы бар. Милиция ал кишини таап, жоопко тартуусу керек. Эгерде чара көрүлбөсө, качандыр бир күнү биздин Фархананы жөн эле өлтүрүп коёт», - дейт Заир Абдурахманов.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, жабырлануучу Ф.Б. күйөөсүнүн үстүнөн арыз менен милицияга кайрылган. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Последние новости