www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек мэриясынын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы милиция кызматкерлерине айып пул салды. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, аталган инспекцияга Аламүдүн РИИБдин жанында жашаган тургундардан арыз түшкөн. Кайрылууда милиция кызматкерлери айланадагы таштандыларды такай өрттөшөрү белгиленген.

Текшерүүдөн кийин Жибек-Жол проспектиси 68 дарегинде жайгашкан РИИБнин жетекчилигине 23 миң сом өлчөмүндө айып салынган.

Тартип сакчылары мыйзам бузууну тааныган жок, административдик комиссия ишти карайт, деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости