www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаардык мэриясы тогузга чыкканга чейин мектепте такыр окубаган бала тууралуу социалдык тармактарда тараган маалыматтардан улам түшүндүрмө берди.
Маалыматтака ылайык, Биринчи май райондук администрациясынын тиешелүү кызматкерлери бала жашаган үйгө барганы, аны учурда энесинин бир тууганы багып жатат.
"Баланы багып жаткан жаран ал Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы Чоң Кызыл-Суу айылында жашаган бир тууган эжесинин уулу экенин, 2014-жылдан бери асырап алуу максатында багып келатканын айтты. Ошондой эле былтыр баланын өз атасы уулун мектепке киргизүү үчүн көлгө алып кеткени менен Чолпон-Атадагы реабилитациялык борборго түшүп калганын, мындан улам жээнин кайра Бишкекке алып келишкенин билдирди.
Учурда баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү, анын асырап жаткан тайкесинин паспорту жок экени белгилүү болду. Баланын документин, аны мектепке жайгаштыруу маселелерин чечүү үчүн тиешелүү органдарга материалдар жөнөтүлдү", - деп айтылат мэрия тараткан маалыматта.
Булак: NazarNews.kg