www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай Тайвандын согуштук машыгууларын тоготобу?

Крыловдун тамсили бар кандек пилге үрүп жаткан. Пил болсо аны тоготуп да койгон жок. Ошол сыңары Кытай Тайвандын согуштук машыгууларын тоготобу?

Тайван Кытайга каршы аскердик машыгууларды өткөрдү. Украинаны Орусия басып алгандай Тайванды Кытай басып алса не болот? Тайванды тегерете учуп жүргөн кытайлык учактар ал жерди заматта эле басып алышы ыктымал. Кытайдын элдик боштондук армиясы Тайвандын аймактык сууларына жана аба мейкиндигине жакын жерде аскердик машыгууларды өткөрүп жатканын Кытайдын маалымат каражаттары жазып чыкты. Элдик боштондук армиясы Чыгыш аскер округунун командованиеси машыгууларды комментариялоо менен алар "Тайван кысыгына жакын жерде улуттук суверенитетти, тынчтыкты жана стабилдүүлүктү сактоо" үчүн бардык зарыл чараларды көрө тургандыктарын көрсөттү.

Кытайдын Global Times басылмасы кытайлык коргоо кызматкери У Цянга шилтеме жасап, "Элдик боштондук армиясы Тайванга көз карандысыздыкка жетүү аракетин чечкиндүү түрдө басат, ошондой эле чет элдик кийлигишүүгө каршы турат" деп билдирет. Белгилей кетсек, сенатор Эд Марки башчылык кылган АКШ Конгрессинин делегациясы Тайванга эки күндүк визит менен келди.

Марктан тышкары Тайванга дагы 4 сенатор келди. Пекин Вашингтонду өлкөнүн ички иштерине кийлигишүүнү токтотуп, "бирдиктүү Кытай" саясатын карманууга чакырат. Дипломат америкалык конгрессмендердин Тайванга болгон жаңы сапары тууралуу комментарий берген. Буга чейин ЖМКлар АКШ Конгрессинин сенатору Эд Марки башында турган делегация Инди-Тынч океан регионуна жасалган сапардын алкагында Тайбэйге келгенин жазган: "Бул — от менен ойногон сыяктуу өтө кооптуу кадам. От менен ойногондор күйүп өлөт. Биз дагы да тийиштүү өлкөлөрдү Тайванга байланыштуу маселени чечүүдө "бирдиктүү Кытай" саясатын карманууга жана Пекиндин ички иштерине кийлигишүүнү токтотууга чакырабыз", — деди Пекин.

Ошондой эле ал кимде-ким Кытайды кайра бириктирүүгө тоскоолдук кылууга аракет кылса өлкөнүн 1,4 миллиарддан ашуун жашоочусунун колунан жасалган улуу чеп менен кагышарын белгилеген.Буга чейин Пекин Пелосиге жана анын жакындарына каршы санкцияларды жарыялаган. Анын Кытайдагы Тайванга сапары "жийиркеничтүү жана чагымчыл" деп мүнөздөлгөн. Кытай бийлиги америкалык саясатчы «Кытайдын ички саясатына катуу кийлигишкен» жана анын "мамлекеттик суверенитетине олуттуу зыян келтирген" деп эсептейт.

Тайвандын айланасындагы кырдаал АКШ Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси келип кеткенден кийин оорлошуп кетти. Бул жогорку даражалуу америкалык саясатчынын акыркы 25 жылда аралга жасаган биринчи сапары болуп калды. КЭР төрагасы Си Цзиньпиндин "келип от менен ойнобошу керектигин" эскерткенине карабастан мындай кадамга барган АКШ "бирдиктүү Кытай" саясатын колдой турганын айтып келет.

Кытай Тайванды өз провинциясы деп эсептеп, дипломатиялык алакасы бар мамлекеттердин Тайбэй менен кандайдыр бир алака түзүүсүнө каршы. Америкалык чиновниктин сапарына жооп кылып Пекин ок атуу менен коштолуп, аскер техникасы тартылган масштабуу машыгуусун баштаган.

Кытай Тайвандык 7 саясатчыны аралдын эгемендүүлүгүн жактагандардын тизмесине киргизди. Аларга каршы санкция киргизилген. Чектөөлөр Тайвандын АКШдагы өкүлү Сяо Майкинге, АКШ палатасынын спикери Нэнси Пелоси менен жолугушкан Тайвандын парламент төрагасынын орун басары Цай Зичанга жана башка саясатчыларга таасирин тийгизди. Кытай аларды "өздөрүн көз карандысыздыгын колдогон ашынган сепаратисттер" деп атады.

Белгилей кетсек, сенатор Эд Марки баштаган АКШ Конгрессинин делегациясы Тайванга эки күндүк иш сапары менен келген. Марктан башка дагы 4 сенатор Тайванга келди. Бул сапарга жооп иретинде Кытайдын Элдик боштондук армиясы Тайвандын аймактык сууларына жана аба мейкиндигине жакын жерде аскердик машыгууларды баштады. Кытайдын Тышкы иштер министрлиги америкалык конгрессмендердин сапарын от менен ойноо катары баалады. Пелосинин сапарынан кийин кытай армиясы күжүрмөн даярдыкка өттү. Армия Тайвандын айланасындагы бир нече пункттарда аскердик машыгууларды баштады.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости