www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ: Бишкекте суу жетишпей турат

Суу тартыштыгы Бишкек шаарында сезиле баштады, муну Бишкек мэри Эмил Абдыкадыров билсе да байкамаксан. Суу тартыштыгы биринчиден жалпы дүйнө жүзүндө климаттын өзгөрүшү менен, жылдар өткөн сайын суунун азайып бараткандыгы менен байланыштуу. Экинчиден бизде, суунун башында турган Кыргызстанда суунун тартыштыгы болуп жаткандыгынын эң негизги себеби - эгемендик алгандан бери Кыргызстанда, айрыкча Чүй өрөөнүндө бир дагы БСРдин, БДРдин, суу сактагычтын курулбагандыгы (ред:. БСР – күн сайын жөнгө салынуучу бассейндер (бассейны суточного регулирования)). Илгерки союз мезгилинде курулган БСРлер гана иштеп турат. Эмдиги жылдан баштап БСРлерди курууга бардык күчтөрдү жумшайбыз. Акчалардын баарын ушул тармакка бөлөбүз. БСРлерди курабыз. БСРлер курулгандан кийин суу көйгөйү чечилет.

БСРлер жетишпесе Чүй өрөөнүн, Бишкек шаарды суу менен кантип толук камсыз кылмак элек? Мен “жардын кырына келген” Кыргызстанды колума алгам. Четинен бардык проблеманы командабыз менен биргеликте чечип келе жатабыз. Кудай буюрса алдыда келе жаткан жылдарда бардык проблемаларды, анын ичинде суу маселесин да чечебиз. Эгемендүүлүк алган 33 жылдын ар бир жылы бирден БСР, бирден эле ГЭС куруп турушканда азыр 33 ГЭС, 33 БСР иштеп турмак. 33 ГЭС бери дегенде 300 мегаватт электроэнергия берип турмак. Мен бир эле тармак боюнча мисал келтирдим. Айта берсем маселе көп. Чыдаш керек. Чечебиз баарын. Убакыт керек.

Бишкектеги үйлөр күчү 8-9 баллга жеткен жер титирөөгө туруштук берет, деп билдирди Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров маалымат жыйынында. Түркия менен Сирияда кайра-кайра жер титиреп көргүлүктү көрсөтүп жатат. Үйлөр быркырап канчалаган адамдар жан таслим болуп, канчалаган адам үй-жайсыз калууда. Эмилбек Абдыкадыровдун бул айткандары туура эмес. Ылайым бизде жер титирөө болбосун, эгер кокустан 8-9 баллдык жер титиресе Бишкек туруп берет деп эч ким кепилдик бере албайт. Же Эмилбек Абдыкадыров айткан деп кокустан 8-9 баллдык зилзала болсо Бишкек туруп берсе, анда барыбыз Бишкек мэрине рахматыбызды айтабыз. Бул да бийлик тарапка жагынуунун, кошоматтын бир түрү.

Тарыхка кылчая карасак, Пишпекте же Чүй жергесинде  1911 жылы 8-9 баллга жеткен жер титирөө болгон. Ал кезде кыргыздардын көпчүлүгү боз үйдө жашагандыктан көп деле запкы көргөн эмес. Көп кабаттуу тамдар дээрлик жок болгон. Болсо орус көчмөндөрү курган эки кабаттуу там болгондур, алар деле саналуу болушкан. Столыпин деген Орусияда өкмөт башчысы болгон. Саратовдо губернатор болуп турганда мыкты иштегендиги үчүн эл оозуна алыныптыр. Аны ак падыша Николай экинчи өкмөт башчысына алып келет. Өкмөт башчысы болоор менен ал реформаны баштайт. Анын реформасынын калдыктары ушул күнгө чейин калдырап-шалдырап иштеп жатат. Ошол мезгилдин алдында 1861-жылы орус калкы крепостнойлуктан бошотулат. Крепостнойлуктан бошотулуп эмне кыларын билбей калган орустар Столыпиндин убагында жер-жайнап кеткен.

Столыпин өкмөт башчысы болор менен акылга салат. Бул крепостнойлуктан бошотулгандарды Борбордук Орусиядан жок кылыш керек эле. Столыпин «Бир ок менен бир нече койон аткан». Биринчиден, крепостнойлуктан бошотулгандарды алыс жакка айдай баштайт. Айрыкча жаңыдан ээлик кыла баштаган Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга жөнөтөт. Бул «мужуктар» салыктын бардык түрүнөн бошотулат да өзү барган жерде «Өзү бий, өзү хан» болот. Ансыз деле каякка болбосун баш калкалаган орустарга бул майдай жагат. Кечээки кулчулуктун деңгээлинде крепостнойлуктан бошотулгандар башка Кыргызстан сыяктуу кенен, жылуу жерге келишип тез эле байышып кулактарга айланышат. Алардын көзү тойбой кыргыз элин тоо-таштарга сүрүшүп жерлерин тартып ала башташат.

Экинчиден, жаңы басып алган Кыргызстан сыяктуу колонияларга өздөрү таянган «улутташ» элдерди алып барып Столыпин көп нерседен уткан. Анткени, кыргыздарга караганда орус «мужуктары» өздөрү таянган эл, алар титулдук калктын өкүлдөрү баш көтөрүшсө орус бийлигине тирөөч болуп турат. Орусияда «осургандан» башканы билбеген «крепостной» орустар жерлерин кеңейтип кыргыздарды улам тоо-ташка сүрүп, четинен жоккыла баштаган.

Үчүнчүдөн,  салыктардан бошотулган, барган жеринен канча болсо да жер алганга укуктуу бул орус «мужуктарына» барган жерде жакшылап оокат кылсын деп мамлекет көп жылга насыяларды берген. Мына Столыпиндин реформасынын сыры. Элдин Столыпиндик агрардык реформаны  кубаттаганын жөнү бар. Анткени бул реформа Орусиянын алдыга жылышына чоң себеп жараткан, прогрессивдүү реформа. Ошол кезде эле Столыпинге он бир жолу өмүрүнө кол салуу болуп, акыры 1911 жылы аны жок кылышкан. Ал өкмөт башчы болуп беш жыл эле иштеген.

Столыпиндин реформасынан жана башка себептер менен Кыргызстанда орустар көбөйүшкөн. Бирок эгемендүүлүк келгени алар Орусияны көздөй чилдей тарап, орустар чакан калышканы менен орус тили өз дараметин жоготкон жок. Орус тилдүүлөр шаарларыбызда, анан Чүй өрөөнүндө көп эмеспи, ата-бабаларыбыз шаар курган эмес, ары-бери көчүп жүрүп алышыптыр. Орустар көчүп келишиптир, шаар куруптур, кыштак салыптыр, кыргыздын мыкты жерлерине орношуп алыптыр. Ошон үчүн Сары –Өзөн-Чүйдө, борбор калаабыз Бишкекте  Кыргызстанда кыргыздар жалпы калктын 26 пайызын түзүп, орус тилдүүлөр көбөйүп кеткен. Негизги көйгөйдүн бары ушунда турат. Кыргыздар тоо-таштан түшүп келип, алар түз жерге куруп койгон шаарларды карасак эле орус көп. Анан, эмне үчүн орус көп, эмне үчүн орус тили өкүм сүрүп кеткен деп, орус салган тамга кирип, орустар куруп койгон мектеп, университеттен окуп, анын тилин үйрөнүп алып чатак салып жүрөбүз.

Эми кайрадан Эмилбек Абдыкадыровго келели: «Биздин үйлөрдүн курулуш сапаты жакшы, абдан жакшы. Ар кандай курулуш компаниялары бар. Ири курулуш компаниялары эртеңки күндү ойлошот. Документтер жүз жыл сакталышы керек, эсептөөлөр бар, алар экспертизадан өткөн. Бирок чакан ишканалар да бар. Куруучу эместер үй салып баштаганы тууралуу маалымат бар. Айрымдар жоопкерчиликти түшүнсө, кээ бири түшүнбөйт», - деди мэр.

Буга мисал катары Абдыкадыров арматуралар экспертизадан өтүп жатканын айтты. «Бетондун сапаты да текшерилет. Үйлөрүбүздүн каркасы, конструкциясы жакшы», - деди ал. Бирок мэр бетон жана арматураны үнөмдөгөн курулуш компаниялары бар экенин моюнга алды. Бирок мунун баары текшерилип жатат, деп ишендирди.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg   

 

 

 

 

Последние новости