www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз өкмөтүн кимдер жетектебеди. Өкмөттү эки ирет жетектегендердин бири Апас аксакал. Ал совет убагында эле совмин болуп, Акаевдин убагында көп жыл өкмөттү жетектеп азыркы өкмөт башчыларын башынан сылап өстүргөн адам. Фермер Өмүрбек Абдрахманов жакында Апас Жумагуловду коррупцияга айыптап, олуттуу билдирүү жасаган. Убагында жаш мамлекетибизди, Кыргызстанды ушул сазга батырганы, талкалаганы, аягында аксакал катары жасалма көрүнүп, жаштарга тескери үлгү жаратышканы кандай? Качанкыга чейин? Жалпы элибиздин да бул “аксакалдарга” маанайлары начар экен. Андыктан, Апас Жумагуловду ыңгайы келип турганда “кустуруп”, карапайым калк үчүн иштетип койсо болбойбу? Бул да учурунда “жеп-ичкен” катары бааланууда. Тарых, мезгил далилдеп атса, укук коргоо органдары тек турабы?

Эгерде Апас Жумагулов кыраакы болгонунда өз жардамчысынын «жуликтигин» убагында байкап, жанына жакын жуутпай койгондо кыргызга кылган жакшылыгы болот беле? Өзү өстүргөн кадр ага сыймык алып келбей, кыргыз элинин башына чычып алып баса бергенине аксакалдын азыр деле ичи ачышса керек.

 Кыргыз тарыхында өкмөт башчылыкты өңгөлөрдөн өзгөчө жетектеген бир инсан бар Совет маалында да Масалиевдин артынан көлөкөдөй ээрчип Совминди жетектеген,Акаевдин убагында да кайрадан премьер-министрликке келген. Ал Апас Жумагулов. Жараткан Жумагуловдун маңдайына эки ирет өкмөт башчылыкты жазган экен, экинчисинде дээрлик 5 жылга жакын премьер-министр катары эгемен өлкөбүздүн тарыхындагы эң узак башбакан болуп иштегенин тарыхтан кабары жок кийинки муундар анчейин жакшы биле беришпейт.

Мына ушул Апас аксакалга жардамчы болуп, анын арты менен бир катар «креслолорду жыртып отуруп», бир кездеги шефи сыяктуу өкмөт башчылыкты аркалап, бул орундан кыргызга кетпес кегиндей иш жасап, акыры өлкөдөн куулуп кеткен Данияр Үсөновдун да карьерасы алгач жардамчылыктан башталган. Анын Апас аксакалдын жардамчысы болуп, көп убакта жандоочусу болгонуна атасынын таасири болгону бизге маалым. Тагыраагы, Данияр Үсөновдун атасы менен Апас Жумагулов жакын достордон экендиги, экөөнүн ынактыгы аяш уулунун карьерасынын жол ачылышына алып келген.

Эгерде Апас Жумагулов кыраакы болгонунда өз жардамчысынын «жуликтигин» убагында байкап, жанына жакын жуутпай койгондо кыргызга кылган жакшылыгы болот беле? Өзү өстүргөн кадр ага сыймык алып келбей, кыргыз элинин башына чычып алып баса бергенине аксакалдын азыр деле ичи ачышса керек.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости