www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акчаны миллиарддап жеген «Улуу Көчмөндөр Мурасы» улуттук холдинг компаниясы» ачык акционердик коому жоюлат. Тиешелүү чечим Министрлер Кабинетинин жыйынында кабыл алынды. Аталган чечим Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 96, 97-статьяларына, «Акционердик коомдор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-статьясына жана «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык кабыл алынган.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-августундагы № 446-т тескемеси менен «Улуу Көчмөндөр Мурасы» Улуттук холдинг компаниясы» ААКсы убактылуу тышкы башкаруучу болгон, «Кумтөр Голд Компани» ЖАКсына киргизилген убактылуу тышкы башкаруу жол-жобосу токтотулган. Холдинг компания менен кытайлык СНМС улуттук компаниясы кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшкан. 2022-жылдын 24-августунда кытайлык СНМС оор машина куруу улуттук компаниясы менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлган соң бул компания «омийн» болду.
Иштебей жатып кайра жабылган "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингинен 700 миллион сомдон ашуун каражаттын дайыны чыкпай жатат. Теңиз Бөлтүрүк жетектеген "Улуу көчмөндөр мурасы" ишканасы ачылганда 3 миллиард сом бөлүнгөн. Финансы министрлиги бизге берген маалыматында 2 миллиард сом кайтарылганын, 700 миллиондон ашуун акча жоголгонун айткан. Бармак басты, көз кысты кылбай маалыматты так берүү керек. Кызык кырдаал жаралды. Өкмөт негизинен ушунча сумманын абага кеткенине эмне дейт? Карапайым калк суукта шишип-көөп, кыйналып жашоодо. Таңгаласың да. “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингди түзүүгө 3 миллард сомдон ашык каражат жумшалса, аны жоюу үчүн 700 миллион сом кетери болжонууда. Мынчалык эбегейсиз чыгымды мамлекетке ким төлөш керек? Келтирилген чыгымдын ордун толтуруу керек. Бирок кантип? Мына талуу маселе. Башында эле Теңгиз Бөлтүрүк шек жаратып, көзгө комсоо көрүнгөндө эле ири каржылык булактын башына отургузбаш керек эле. Чоң катачылык кетти. Элибиз карап турат. Олчойгон сумманын ордун толтуруу боюнча баш ооруталы. Ийин куушуруп эле кутулуп кетүү жарабас.
Бүгүн жумушчу орун түзүү, ошол эле кенди президент убада берген шарттарда иштетүү, жаңы инвестицияларды тартуу жана башка олуттуу стратегиялык максаттар алдыга коюлган. Иш жүзүндө биз жеңил, куру саясатташтырылган пиар кампанияны көрүп жатабыз. Ал киши токой чарбасына барып машина берип жатат, концерттерди уюштурууда. Кайрымдуулук иш-аракеттерди алып барууда.
Кандайдыр бир маңызы жок “тегерек үстөлдөрдү” уюштурганын көрдүк. Ал холдингдин ар бир тыйыны өлчөнүп, өтө сарамжалдуулук менен эффективдүү пайдаланылышы керек деген максатты көздөп жатканбыз. Эгер ал спорттук, маданий иш-чараларды өткөрө турган болсо, ошол иш-чараларды уюштурган мамлекеттик ыйгарым укуктуу бийлик бутактары эмне иш-аракет кылат анда?
Ошондуктан кылып жаткан иш-аракеттери кылдат, дыкат иликтениши зарыл. Буга чейин канча убакыт өтсө да, Теңиз Бөлтүрүк жетектеп келген жаңы холдингдин киреше-чыгаша бөлүктөрүн мындай ачык көрө элекпиз. Жалпыланган суммалар гана айтылат. Ал эми ким чечим кабыл алып, иш кандай жүргүзүлүп жатат – ал тууралуу жалпы кыргыз эли эмес, Кыргызстандын казынасын карай турган финансы министрлиги да жооп бере албай жаткандыгы өтө кооптуу жагдай жаралганы тууралуу маалымат берет. Себеби, биздин бюджеттин каражаты атайын бекитилген негизде гана сарпталышы зарыл. Финансылык саясат жүргүзө турган учурду токтотушубуз керек.
Теңиз Бөлтүрүк каражатты каалашынча сарптап, каалагандай кадр саясатын жүргүзүп, каалагандай чыгашаларды өзүм билемдик менен алып барып жаткандыгында. Бир иши буга далил болуп өттү – президент менен, министрлер кабинетинин төрагасы менен дагы эч бир макулдашылбаган имаратка көчүп кеткендегиси. Бүгүнкү күндө буга канчалык негиз бар эле?
Керек болсо сырттан, Канададан келген ошол “Центерра” дагы “Учкунда” эле канча жылдан бери иш алып барган. Анан биз өзүбүзгө алганда борбордон бизнес класстагы имаратты алуусу канчалык актуалдуу? Бүгүнкү күндө ал каражатты дагы жумушчу орундарын түзүүгө сарптаса туура болмок. Ошондуктан миң ишинин бир иши коомдо ушундай резонанс жаратты.
Бардык ишин ачыктаганда, маселе кабыргасынан коюлушу толук ыктымал. Теңиз Бөлтүрүктүн жүргүзүп жаткан иш-аракеттерин, ар бир айтып жаткан сөзүн, жасап жаткан иштерин тыгыз анализдешибиз керек. Маселен, бир гана чыгаша-киреше эмес холдингдин эртеңин жана алдыда болуп жаткан стратегиялык 36 долбоордун келечегин да тыкыр иликтөөгө алышыбыз абзел.
Анткени ал киши башкарган холдингге өтө көп стратегиялык бюджетти камтуучу долбоорлор берилген. Анын баарынын тагдыры кандай чечилип жатканын коомчулукка ачыктап беришибиз керек. Теңгиз Бөлтүрүктүн ишине баа берип тура турган атайын индикаторлорду дагы мамлекет тарабынан иштеп чыгышса болмок. “Мурун жана азыр кандай болуп жатат?” дегендей салыштырмалуу таблицалар болсо жарашмак.
Мисалы, коомчулукта кандай актуалдуу маселер болсо, азыркы күндө сырттан башкарууга алган Теңиз Бөлтүрүктүн ишмердүүлүгү дагы күн тартибинде актуалдуулугун жогото элек. Демек, ошол ишмердүүлүгүнө жараша олуттуу маселелердин чечилишинин таблицасы менен жооп алсак болот.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg