www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бөлтүрүк алтынды милллиардап жей койом деп көргүлүктү көрүп жатат, эми алтынды көздөй эч тиешеси жок социалдык тармакта тейлеген Эдил Байсалов жутуна баштады. Кээ бирлер бийликтин накта учунда турушуп алжып калышат. Албетте, карыганда кээ бирөө карылыкка байланыштуу алжып калат эмеспи. Жапжаш туруп кошоматтын айынан алжып калгандар да кездешет. Эдил Байсалов социалдык тармакта жетектеген Минкабдын төрагасынын орун басары. Экономика, алтынды ансыз деле тейлегендер толтура, бирок анын алтынга аралашып кеткени кандай? Ал ушул жумушка иштегени ызы-чуу болуп, кызматынан четтетилет деген уу-дуу сөз көп болор эле.  Бирок ордун жай боюу катып койгон сүрсүгөн чучуктай сүрсүттү. Эми алтынга аралашып мурун элчи болуп келген Улуу Британияга жөнөдү.

Анан анын иши алдыга өтүп социалдык тармакты мындай кой алтынга да кийлигише турган болду.  2020-жылдагы октябрь башаламандыгында Башкы каармандардын бири болбой эле Сооронбай Жээнбековго ишенимдүү Англиядагы элчиси болчу. Эдил Байсалов айтмакчы бийлик алмашкан соң президент Петр биринчи болсо булар аны тегеректеп жүрүшүптүр. Жок жерден ал алтын үчүн Улуу Британияга барды. Сүрсүгөн чучуктай кызматы сакталып турган Эдил Байсалов алтынды жөнгө салса «Манас» орденине көрсөтүлөт. Ошондуктан ал «алжыма» болуп баратат, анткени оозуна эмне келсе оттоп, алжый берчү, эми ого бетер мактана баштайт го? 

Министрлер кабинети Эдил Байсаловдун Лондонго болгон сапары тууралуу үн катты. Эдил Байсалов баш болгон Кыргызстандын делегациясы Лондондун баалуу металлдар рыногунун ассоциациясынын (LBMA) президенти Пол Фишер жана уюмдун аткаруучу директору жана башкы юристи Сахила Мирза менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Улуу Британиядагы жолугушууда тараптар Кыргызстандын баалуу металлдарын дүйнөлүк, анын ичинде британиялык рынокко чыгаруу маселесин талкуулашты.

Кыргыз тарап жергиликтүү алтындын дүйнөлүк рынокто сатылуусун кайрадан жандантуу жана соода-экономикалык кызматташтыктын көлөмүн жогорулатуу маанилүү экендигин белгилеген. LBMA уюмунун адистери Кыргызстандын делегациясы үчүн рыноктун бардык катышуучулары колдонгон талаптар жана принциптер тууралуу маалымат семинарын өткөрүштү. Анда LBMAнын атайын жумушчу тобу тарабынан баалуу металлдар рыногун көзөмөлдөөнүн натыйжалуу кодекси иштелип чыкканы айтылган. Бул кодекс уюмдун бардык мүчөлөрүнө жана Good delivery ("Ишенимдүү жеткирүү") статусуна ээ болгон өлкөлөргө тиешелүү экендиги айтылган.

Кыргызстандан барган делегациянын курамына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев, “Кыргызалтын” ишканасынын башкармасынын төрагасы Эльдияр Калдарбеков жана каржы министринин биринчи орун басары Улан Даникеев кирген. Бул иш сапардын алкагында эки тараптык жолугушуулар, ошондой эле ири банктык корпорациялардын жана каржы институттарынын өкүлдөрү менен болгон кеңешмелер өтөт.

Кыргызстан акыркы жылдары алтындын негизги көлөмүн LBMA аркылуу сатып келген, бирок 2021-жылдын июнь айынан баштап (“Кумтөрдө” тышкы башкаруу киргизилгенден кийин) жеткирүү токтогон. Май айында министрлер кабинетинин маалымат кызматы “Кыргыз алтын” кайрадан Лондон фондулук биржасында ишенимдүү камсыздоочу статусун алганын билдирген. Бирок бул азырынча жардам бере элек.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

 

 

 

Последние новости