www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 «Проституткалар» байыркы кесип, мыйзам тыюу салабы, тыюу салбайбы бардык өлкөлөрдө бар. Кыргызстанда официалдуу мыйзам менен тыюу салган, ошондуктан анын үзүрүн көпөстөр, буржуйлар, милиция кызматкерлери көрүшүп «проституткаларды» көпчүлүгү бекер пайдаланышат. Батышта андай эмес, «проституткаларга» мыйзам боюнча уруксат беришкен. Эгер бул мыйзамды бузуп бекер пайдалангысы келгендердин мойнун «проституткаларды» «крышовать» этишкен рэкеттер кайрып коюшат.

Жапаровдун бир кездеги чет мамлекеттеги иш сапары эске түшөт. Ал жылдары президент Аскар Акаев болгон. Бир топ депутаттар Европага иш сапарына барышат, арасында ал кездеги экинчи чакырылыштагы депутат Жапаров да бар. Кыскасы эмне маселе каралганын ким билет, кечкисин мейманканага келгенде Жапаров «старший»  аракка абдан тоюп алат да мейманканада «дебош» жасап кирет. Отелге эптеп жаткырышып, сыртынан аны менен кошо баргандар күзөт коюп кайтарышат. Эргул Жапаров-«старшийдин» акылы толо эмеспи, акылы терезени ачып, андан секирүүгө жетет. Анан кайда барат эле, албетте,  «проституткаларга» барат да. Бизге окшоп чиновниктерге бекер десе керек, ал жерден «проституткаларды» «крышовать» этип жүргөн рэкеттер кармап алып, Кыргызстанда белдүү кызматта иштеп жатканын билеби, мойнун сындырып коюшат.

Мойну сынганы аз келгенсип, жаткан бөлмөсүн мас абалында талкалаган Акылбек акеңин мындай тентектигинен мейманкана абдан зыян тартат. Парламент депутаттарын жетектеп барган адам Жапаровдун тентектигинен жасаган жоруктарын жаап-жашырып, мамлекеттик бюджеттин эсебинен келтирген зыяндарын толуктап берет. Депутат Жапаров эбегейсиз зыян келтирген экен.

Акаев бийлик жүргүзүп жатканда парламент депутаттары экиге бөлүнүп кетет. Кытайга жер беришип, Акаевдин таманын жалагандар жана жер берүүгө каршы чыгышып, Аскар Акаевич менен тирешкендер. Акаев өзү жакка көбүрөөк киши топтоо үчүн өзүн колдогон Жапаров сыяктуу депутаттарга доллардан сугунтуп, үй-жай, жер берип, чет мамлекетке алып барып көңүлүн ачып келип турган. Эки палаталуу парламенттин отуз беш депутаттан түзүлгөн мыйзам чыгаруучу жыйынында Жапаров, Сариев, Сарпашев сыяктуулар мындай жеңилдиктерден пайдаланып турушкан да, соолуктап ыйлап 877,12 кв.км жер сыртка кеткен. Сариев, Жапаров, Сарпашев сыяктуулар 1934 төн ашуун Ватикан сыяктуу мамлекеттер бата турган Үзөңгү-Куушта 87 миң 712 гектар жерди берип жиберишкен.

Жапаров, Сариев, Сарпашев сыяктуулар мындай жеңилдиктерден пайдаланып Батышка байма-бай каттап турушкан. Ушундай Европага жасаган эксклюзивдүү саякаттардын биринде жогорку уяттуу окуялар болгон. Кыргыздан барган депутаттарга «швед» дасторконунун негизинде салтанаттуу кече уюштурушуп, аябай сый көрсөтүшүп, коноктошкону да бар. Бул конок тосуу учурунда биздин урматтуу депутатыбыз Жапаров ченебей согуп алып, алагүү болуп калган деп жүрүшөт. Депутаттарды чет элдиктер сыйлап эң ажайып жерде отелге жайгаштырышкан эле. Сый коноктон соң буларды отелине алып келишет. Ар бир депутатка өзүнчө бөлүнгөн бөлмөлөр да ажайып! Жапаровго ажайыптын кереги эмне, өзү чектен өткөн алагүү болсо. Кызуу неме жалгыз бир нерсеге кызыгуусу күч алат. Сыртында болсо кайтаруу, терезеден ыкчам секирип, ошол тарапка жөнөйт. Өз өлкөсүндө бекер оокатка көнүп калгандыр Акылбек аке бекер пайдаланам деген ой менен рэкеттерге кабылып, алар мойнун кайрый чабышат. Мойнунан «ранен» болгон Акылбек акең Кыргызстанга келген соң да моюнун таңып алып бир топко, ызы-чуу кылганын унуттурбай жүрдү. Кээ бир кейбирлер Жапаров-«старший» эркектик кылып эң туура иш кылган, эмне болмок эле. Эркектиги эркектик кылган, бирок мамлекеттик атка минерге чет мамлекетте мас болуу жарашабы? Ошонусунун айынан мамлекеттик бюджетке канча зыян келтирген?

Ошол кезде  жетимиш кишилүү палатанын өкүлү Болот Шерниязовдун өз оозунан уккам, бул палатада Шерниязов сыяктуу бирин-экин депутат эле каршы чыгыптыр. Шерниязовду президенттик аппарат жетекчиси, «доссекретарь» Мисир Ашыркулов өзү ынандырууга аракет кылыптыр. Ал кезде Ашыркуловдун кадыр-баркы чоң болчу. Шерниязов ага да көнбөй коюптур. Ал кездеги авторитеттүү инсандар Бекболот Талгарбеков, Абдыганы Эркебаев сыяктуулар кимге арачы түштү экен?

Ал мезгилде Азимбек Бекназаров, Адахан Мадумаров, Исмаил Исаков,  сыяктуу депутаттар Үзөңгү-Куушту Кытайга бербейбиз дешип, Аскар Акаичке каршы турушкан. Аларга кошулуп Өмүрбек Текебаев да каршы чыгымыш болуп кур сүрөөн менен жүргөн. Добуш экиге бөлүнүп, каршы чыккандар көпчүлүктү түзүшүп, бир гана кишинин квотасы жетпей калган.  Өмүрбек Текебаев  катышып, парламентте Кытайга жер берүүгө квота түзүп берип, квота түзгөнү үчүн гана азыркы Исанов менен Фрунзе көчөсүнүн кесилишиндеги элдин көзүн суктанткан бир топ кабаттуу турак-жайга ээ болот. Бирок Өмүрбек Чиркешович Аскар Акаевдин жеңилдиктерин пайдалана алган эмес.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg     

 

Последние новости