www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Арабдар Кытайды мусулмандаштырабыз деп, Кытай Борбор Азияны басып алууну көздөп Таласта беттеше турган болот. Таластагы салгылашуу ааламдагы эң ири он салгылашуунун бири болуп эсептелет. Ислам дини Батыш Арабияда VII кылымда Мухаммед пайгамбар тарабынан жаралган. Мухаммеддин көзү өткөн соң чексиз бийлиги бар халифат түзүлөт. Биринчи халифдер Абу Бакр, Омор, Осмон жана Али болушкан. Алардан кийин Омейяддар династиясы (661 – 750) жана Аббасиддер династиясы (750-1258) башкарышкан. VII- VII кылымдарда ислам халифаты Борбор Азияны, Жакынкы Чыгышты, Алдыңкы Азияны, Индия менен Кавказдын тең бөлүктөрүн каратып алышкан. Түркия аркылуу Балканга кирип келишкен.

 Таң калууга болот, Таластагы салгылашуу тууралуу угуп эле жүрөбүз, бирок Азияда эмес, Евразияда да эмес, тарыхтагы эң ири он салгылашуунун бири деп эсептешет экен. Бала кезден тарыхка үңүлүп  окуу китептеринен Таластагы салгылашуу тууралуу бир ооз кеп тапчу эмеспиз. Тарых боюнча Римди баш ийдирген Адил атабыз (Атилла) басып алганын, Муз үстүндө орустар менен крестчилердин ортосундагы салгылашууну, Кулиководогу орус менен монголдордун салгылашуусун. Бородинодогу орустар менен француздардын салгылашуусун, Сталинград, Курскиде СССР менен Германиянын салгылашуусун жадыбалдай жаттап беш манжабызды санагандай билебиз.

Ал эми өзүбүздүн жерибизде Таласта салгылашуу болгонун уксак да тарыхтагы эң ири салгылашуу экенине маани бербепбиз. Орус тилинде жазылган булактарды кайрылалы: "Таласская битва в 751 году, почти 13 веков назад, между арабами и китайцами, вошла в десятку крупнейших и значимых битв в истории, без преувеличения, всего человечества”.

Бул салгылашуу 751-жылдын июлунда Талас облусунун Манас районунда Борбор Азияда үстөмдүк кылыш үчүн арабдар менен ушул аймакта жашаган карлуктар биригип, ал кезде Борбор Азияны басып алсам дегенде эки көзү төрт кытайлыктардын ортосунда ири салгылашуу болгон. Бул согушта кытайлыктар жеңилип Борбор Азияга жологус болуп, исламдын Борбор Азияны көздөй жайылышына жол ачкан. Арабдар Улуу Жибек жолуна таасири күчөгөн.

751- жылы болгон салгылашууда эки тараптан отуз миңден адам катышкан. Бул салгылашуу беш күнгө созулган. Бешинчи күнү мурун түргөштөргө эрегишип жүргөн карлуктар жалпы душманы болуп эсептелген кытайлыктардан артынан кол салып, кытайлыктарды качууга аргасыз кылган. Ушул салгылашуу кытайлыктардын Борбор Азияны басып алуусун тамам кылат, ошону менен бирге кытайлыктар да арабдарга Кытайды көздөй жылышына катуу сокку урган. Араб халифаты да андан ары жылган эмес.

Таластагы салгылашуу эми ийне-жибине чейин иликтене баштады. “Мурас кыймылы” коомдук бирикмесинин демилгеси менен орто кылымдардагы археологиялык эстеликтерди иликтеп жаткан археолог жана нумизмат, тарых илимдеринин кандидаты Александр Камышевдин иликтөөсүндө бул салгылаш учурундагы жаа, жебе, байыркы монеталарды тапкан.

Талас облусундагы Манас районундагы салгылашуу болгон жерде, үч жүз метр бийиктиктеги мунарасы бар байыркы Атлах шаары азыркы учурда көрүстөндөрдүн мекенине айланган. Бул жерлерде көрүстөн дөбөчөлөр гана жайкалып көрүнөт. Бул көрүстөн дөбөчөлөр ушул тапта туристтерди тарта турган жайга айланып, Атлахтын айлана-тегерегин мамлекет коргоого алса, ачык асман алдындагы ахеологиялык жактан абдан баалуу зор музейге айланмак. Бүгүнкү күнү казак ишкерлери тарабынан кызуу талкууланып жаткан учуру. Биздин мамлекет тарабынан бул жерлерге көңүл бурулбай, чыныгы салгылашуу биздин аймакта өтсө дагы, казактар ушул салгылашуу болгон жерлерди тарыхты бурмалап өз тарабына өткөрүп алууга далалат кылып жатышат. Мындай окуялар мурун да болгон кыргыз мамлекети Карахандардар сулалесинин борбору болгон Бурана мунарасы бар Баласагынды чанышып. Карахандардын борбору Казакстандын аймагында болгон дешип кээ бир окумуштуулары өздөрүнө көчүрүп алышкан. Эми Таластагы салгылашууну Казакстандын аймагында болгон дегендер чыга башташты.

Казак окумуштууларынын мындай тарыхты бурмалаганын токтотуп, дүйнөлүк коомчулукка кеңири белгилүүболгон Талас салгылашуусун бренд кылып, келечекте Кыргызстанда “Атлах” тарыхий музей комплексин баштоого убак жетти. Учурда дүйнөлүк окумуштуулар, демөөрчүлөр Талас салгылашуусуна өзгөчө маани берип жатканда биздин мындай чыныгы тарыхий жайларыбызды Казакстанга көчүрбөй өз жерибизде алып калышыбыз керек.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости