www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мындай жырткыч Бөлтүрүктү эмнеге алтынга кожоюн кылып койду экен. Жалпысынан дайынсыз кеткен сумманы эсептегенде, канча миллиард чачылды? Өкмөт так санын элге айтуусу зарыл. Теңгиз Бөлтүрүк камакта жатат. Кызык кырдаал жаралды. Өкмөт негизинен ушунча сумманын абага кеткенине эмне дейт? Карапайым калк суукта шишип-көөп, кыйналып жашоодо. Таңгаласың да. “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингди түзүүгө 3 миллард сомдон ашык каражат жумшалса, аны жоюу үчүн 700 миллион сом кетери болжонууда. Мынчалык эбегейсиз чыгымды мамлекетке ким төлөш керек? Келтирилген чыгымдын ордун толтуруу керек. Бирок кантип? Мына талуу маселе. Башында эле Теңгиз Бөлтүрүк шек жаратып, көзгө комсоо көрүнгөндө эле ири каржылык булактын башына отургузбаш керек эле. Чоң катачылык кетти. Элибиз карап турат.

Теңгиз Бөлтүрүк 1 айда 5 үй бүлөөнүн ипотека кредити 100 миң доллардан жесе, 1 жылда 60 үй-бүлөөнүн  ипотека ала албай жүргөндөрдүн акчасын жеп жүрүп торго илинди. Олчойгон сумманын ордун толтуруу боюнча баш ооруталы. Ийин куушуруп эле кутулуп кетүү жарабас. Тийешелүү жетекчилер буйтап кетишсе, аргасыздан Теңгиз Бөлтүрүктүн мойнуна илинет да, башка арга барбы? Мындан сырткары, эсептөө палатасынын текшерүүсү боюнча “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдинги арбын чыгашаларды кетирип, коррупцияга малынганынан башчысы камалып отурбайбы.

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын мурдагы тышкы менеджери Тенгиз Бөлтүрүктүн баш коргоо чарасы узартылды. Октябрь райондук сотунун чечими менен Бөлтүрүк 2023-жылдын 10-январына чейин УКМКнын СИЗОсунда камакта калтырылган. Жактоочу Кайсын Абакиров билдиргендей, ал чечим боюнча Бишкек шаардык сотуна кайрылган: «Жолугушуу азырынча белгилене элек. Менин кардарымдын ден соолугунда олуттуу көйгөйлөр бар - гипертония, жүрөк оорулары жана кан басымы. Тенгиз Бөлтүрүк үч жашы жете элек баласынын колунда. Мен аны камоонун кереги жок деп эсептейм», - деди Кайсын Абакиров.

 15-сентябрда Башкы прокуратура «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын мурдагы тышкы менеджери, учурда «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдингинин жетекчиси Бөлтүрүктү кармаган. Мунун негизинде Тенгиз Бөлтүрүк менен Рыспек Токтогулов ээлеген кызматынан бошотулган. Башкы прокуратура деталдуу текшерүүнү баштаганы маалым болду. Анын жыйынтыгында үч кылмыш иши козголуп, мамлекетке алдын ала 1 миллиард сом зыян келтирилген. Натыйжада Кумтөрдүн мурдагы тышкы менеджери кармалып, 2022-жылдын 10-ноябрына чейин УКМКнын СИЗОсуна камалган. Тенгиз Бөлтүрүк өзү күнөөсүн мойнуна албайт. Ал бардык айыптар жалган экенин билдирди. Анын жактоочусу айыпталуучу тергөө менен кызматташууга даяр экенин айтууда.

 Жакында эле «Кумтөр» көп жылдардан бери орун-очок алып калган «Учкундан» көчүп, жаңы имраттты ээлеп калган. Балким имараттын кусуру уруп кеткендир.  Көп өтпөй Бөлтүрүктүн «Кумтөрдөн» кеткени белгилүү болгон, бирок бийликке бекем мыкчып жармашып алган Бөлтүрүк «Улуу көчмөндөр мурасы» Улуттук холдингинин жетекчиси бойдон кала берген. Ага батынып ким «найза саймак» эле керек болсо «илибойуна» муштумун түйүп койчудай. «Кимдин, кимдин заманы, түлкү, бөрү, Бөлтүрүктөрдүн заманы» болбодубу.

Министрлер кабинети «Кумтөр» кенинин ишмердүүлүгүнө тийиштүү төмөнкүлөрдү маалымдайт: «Кумтөр» кенин иштеткен ишкананын ишмердигинде чоң өзгөрүүлөр болду. «Кумтөр» толугу менен Кыргызстандын менчигине өткөндүгүнө байланыштуу, үстүбүздөгү жылдын май айында Эсептөө палатасы тарабынан тийиштүү текшерүү жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында финансылык мыйзам бузуулар, атап айтканда, күйүүчү-майлоочу майлар, тамак-аш продуктулары, тетиктер базар баасынан жогорку баада сатылып алынгандыгы аныкталды. Буга байланыштуу, «Кумтөр» компаниясын буга дейре жетектеп келген Теңгиз Бөлтүрүк жана ишкананын финансылык директору Рыспек Токтогулов ээлеген кызматтарынан четтетилген.

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомуна жаңы жетекчилер дайындалды. Теңгиз Бөлтүрүк «Улуу көчмөндөр мурасы» Улуттук холдингинин жетекчиси бойдон калтырылды.Башкы прокуратура жалпы көзөмөл иретинде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Ички иштер министрлигинин, Эсептөө палатасынын кызматкерлерин тартуу менен текшерүү иштерин баштады. Аталган текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча коомчулукка так маалымат берилет. Бүгүнкү күндө кенде алтын казуу иштеринде эч кандай көйгөйлөр жок. Жылдык план толугу менен аткарылат. Быйыл 17, 5 тонна алтын казылып алынат».

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg     

Последние новости