www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн бүткүл дүйнөдө Адам укуктарын коргоо эл аралык күнү белгиленүүдө, анткени 1948-жылдын 10-декабрында Бириккен улуттар тарабынан Адам укуктары боюнча жалпы декларация кабыл алынган. Кыргызстан ал декларацияга 1994-жылы кошулган, кийин, Акаевдин учурунда, «Кыргызстан – адам укуктарынын өлкөсү» деп да жарыяланган, бирок адам укуктары эмгиче жетиштүү деңгээлде корголбойт.
Мамлекеттик пропаганданын айынан болсо акыркы жылдары адам укуктарын сактап-коргоо деген батыштан таңууланган, кыргыз коомуна жат баалуулук жана кыргыздар илгертен андай түшүнүксүз эле жакшы жашап келген деген маанай кеңири тарай баштады. Ага динчилдер да кошулуп, Куранда баары жазылган, адам укуктары боюнча эч кандай декларациянын кереги жок дейт.
Кыргызстан былтыр президенттик башкарууга өткөндөн бери адам укуктары ого бетер кордоло баштады жана жакында отузга жакын активист камакка алынганы ага далил. Сөз эркиндиги – адам укуктарынын ажырагыс бөлүгү жана заманбап өлкө болоюн десе, Кыргызстан бул багыттагы мындай саясатын оңдош керек.