www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Асанбек байке токтоо, ар бир сөздү баптап, тактап сүйлөр эле, жан дүйнөсү таза адам болгон. Адамкерчилик сапаттары мыкты болгон, мунун ынана турган жагдайлары тууралуу сөз кылабыз. Кээ бирөө итчиликтин ылайына тыгылып жүргөндө, Асанбек байке каткырып коюп, телегейи тегиз, эч нерседен жапагер тартпай, андай ыпластыкка жол бербей, бой көтөрбөгөн жөнөкөйлүгү, терең акылы менен, бийик адамкерчилиги булганыч дүйнөдө булганган жок. Кошумчалап койойун биз бала кезде Асанбек байке бир окуу жайында окуй турган. Дегеним, анын бой көтөрбөй улуубу, кичүүбү бирдей мамиле жасап, ушул өмүргө ток экендиги, кесирооздукту, өйдөсүнүп кекирейүүнү четке кагып койор эле. Анын карапайымдыгынан улам жан дүйнөсү таза, атак даңкка умтулбаган, карандай ак эмгектин кулу болгон.

Көп балалуу болуп балдарынын бары мектептеги окуунун алдыңкылары эле. Ошондуктан менин келинчегим Гүлайым айтып калат, кошуна катары Марипа жеңе да айтып калчу окшойт: «Сизде эмне жогорку билим барбы? Балдарыңыздын бары жакшы окуйт» деп андан көп кишилер сурачу экен. Асанбек байке да, Марипа жеңе да балдар, кыздарына сыймыктанып келген, чындыгын айтыш керек мындай бары тарбиялуу өскөн, мыкты үлгүлүү окуган үй-бүлөнү караңгы түндө шам менен издеп да таппайсың. Айрыкча ар бир кызы класстын көркү болуп, ошол класстын алга сүрөлүп чыгышы үчүн кам көргөн.

Акылбектин иниси катары, андан тышкары кошуна катары аны менен  көп дидарлашып калдык. Анын жүрөгүндө да балдары үчүн болгон сыймык бар эле. Асанбек байке менен Марипа жеңенин он эки баласы болгон. Мен Сайрадан аттарын жаздырып алдым: Болоткан, Гүлжан, Нуржан, Сайра, Анипа, Сиезбек, Айнура, Кундуз, Салтанат, Жылдыз, Каныкей, Кенжегүл. Ушундай катаал заманга карабай Асанбек байке менен Марипа жеңенин кыздары жогорку билим алышкан. Асанбек байкенин көзү тирүү болгондо мага балдарынын таржымалын айтып, сүйүнүп, сыймыктанып турмак. Анткени да туура болмок ушу заманда жогорку билим алыш оңой бекен. Ии баса, бир кызым Японияда деп айтып калчу. Менин Асел аттуу кызым да Японияда окуп жүрөт бир жылдан ашты, Японияны ойлогондо Асанбек байке көз алдыга элестейт. Анткени ал киши чоңурак жакшылыгы болгондо чакырып алып божурап калчу...

Биз бир убакта он беш жылдай мектепте иштеп кеттик. Анын көпчүлүгүн жетекчи кызматтарды жүрдүм. Ар бир 500 баланы билиш оор, бир гана Асанбек байкенин балдары класстын алдыңкылары экенин билер элем. Зайырбек байкенин баласы Каныбек айтып жатпайбы, аларга да сабак берген эмесмин: «Байке сабак бербегениңиз менен бизге сабак берген мугалимдерди башкарчусуз» деп, аныкы деле жөндүү. Мектепте иштеген учурда сабак бербесем да Асанбек байкенин балдарынын көпчүлүгүнүн окуучулук кези биз мектепте жүргөн учурга туш келди...

Биз Воронцовкага көчөрдө бир жагынан жакын иниси, бир жагынан чекеси тийишкен кошунасы Кулакмат: «Барган жериңен бак ачылсын, көшөгөң көгөрүп, таш түшкөн жерде оор деп, кайра жетип келбей отуруп калсаң»-деп атат. Асанбек байке: «Ой сен келинге айтчу батаны бересиң да»,-деди Кулакмат экөөбүз, каткырып жиберсек, ал да кошо күлүп турганы акыркы жолугушуу болуптур. 

Биз бала кезде Асанбек байке көп келер эле. Анда биз билбейбиз да, көрсө Акылбек байке менен кыйбас, шилекей алышкан достор тура. Бир жолу маңдайкы үйдө отурушат. Бир бөтөлкө экстра болсо керек, анан «кильки» деген консерваны ачып алышып. «Килькини» көргөндө 4-5 жаштагы баламын да шилекейимди агызып, мен эки колумду ээгиме таянып жата калбаймбы. Байкашты окшойт, «Сен анча кыйын болсоң, мына стакандагы аракты алып жибер да, «килькини» көтөрүп кет» дешти. Көз ачып жумгуча стаканды бошотуп, «килькини» көтөргөн боюнча баса бериптирмин. Кийин Асанбек байке жолукканда ага сиз бала кезде эле арак ичирип үйрөтпөдүңүз беле десем, каткырып күлүп калчу.

Асанбек байке жогоруда айтып өткөндөй жогорку окуу жайында окуганы элес-булас эсимде. Ал кезде атасы Чалбайдын көзү тирүү. Бирок сельсоветке секретарь эмес, пенсияда карып үйдө отуруп калган. Атам Келдибек айыл-апага мени жетелеп алчу эле ошондуктан Чалбай, Айранчы, Мамбетсадык, Бектурдун кемпирин, Калдарбек сыяктууларды көрүп калдым. Момуш, Абдрасул, Атакан кийин эле каза болушту. Ошентип учурунда Чалбай атка минер болуп сельсоветти кармап туруптур, айтып калышчу. Чалбайдын Жумабек, Жамалбек, Жакыпбек, Белек, Асанбек, Алмазбек деген балдары бар. Жумабектин 60-жылкы кызы жана 62-жылкы биз менен чогуу ойноп калган Эсен деген баласы бар эле. Эсен эрте кайтыш болуп калды.

 Жамалбек байке колхоздун белдүү зоотехниги болгон. Айнагүл Сардарова деген жеңебиз кол өнөрчүлүгү боюнча кыргызга белгилүү ишмер. Булар тууралуу атайын таржымалды «Эсенбай эсепчи» китебине жаздык. Ошол үчүн кайталабай эле койолу. Белек байке илгери суу башы болгон. Байбичеси Токон эже, Төлөбектин эжеси. Тааныган кишилер да, «суу бербейсиңер» деп отуруп алдым. Жеңиш байке да билет. Эртеси суу берди резинка өтүктү Айдарбек байкелер алып кетип  калыптыр. Барсам жер таштуу болчу, жылаңайлак сугарып атсам Белек байке келиптир, өтүгүн чечип берип, өзү бир топко отурду, кийин жолуккан жерден: «Таштуу жерди жылаңайлак сугарган сени көрдүм» деп калчу. Мен Кулакматты «кушчу» деп тамашалап койчумун.Түбү кушчу, таздар таякелери болот, Асыкбек аталар ошону пааналап, таздарга аралашып жүрөт. Бир күнү Белек байкенин көзүнчө «Кушчу» десем, ушул сөздү айтпай эле койчу деген, ошол бойдон «кушчу» дебей калдым.

Мен директор кезимде Туз орто мектеби менен биз аларды, алар бизди текшеришкен. Биз барсак  Алмаз байке туугансынып, жалпы чакыруудан тышкары өзүнчө чакырыптыр. Кеңеш агай менен классташ эле. Үйү мектептин түбүндө эле экен, бизди сыйлады. Кийин Кара-Сууга келгенде Алмаз байке сый көрүп жүрүп эле кетти.

Асанбек байке көп нерселерди айтып калчу. Келди-кетти сөздөр, ошонун Момуш тууралуу айтканы эсимде. «Дос» деп койчу Акылбек байкени. Ал тууралуу кеп кылып жатып: «Досту абышкалар жакшы көрчү, өзгөчө Момуш аксакал, ал дүкөнгө кирип кеткенде эшегин катып коюп, издеп, таап, көрүндүгүн далай албадыкпы. Үйүнө чейин барып Сагын апанын сүйбөгөнүнө карабай эт салдырып жедик» -деп каткырып кала турган.  

Акылбек байке тууралуу китеп жазып жатып, Асанбек байкенин кызы Сайра менен байланышып калдым. Рахмат, тарбиялуу өскөн жердин кызы экени көрүнүп турат, илбериңкилик менен атасынын сүрөтүн салып жибериптир.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости