www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 «Кавказ туткуну» фильминин кыргызча варианты

Сатиралык сериал

Шурик – Бекболот Талгарбеков, Кыргызстандын экс-вице-премьери;

Саахов –Акылбек Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасы;

Шопур –Туманбаев, Атамбаевдин шопур болгон Илмияновдун шопуру, Президенттин Иш Башкармалыгынын жетекчиси;

Никулин  - Касымалиев, минкаб жетекчисинин 1 чи орунбасары;

Моргунов – Төрөбаев, минкаб жетекчисинин орунбасары;

Вицин –Эдил Байсалов, минкаб жетекчисинин орунбасары;

Нина – Гүлнара-Клара Самат, Орусиядагы элчи.

1-көрүнүш

Шопур Эдик: - Ушул чаң соргучтун "баранкасында" кудай урган күнү отурсам керек.

Шурик: - Кудай буюрса, таанышып алалы, Шурик. Акаевдин учурунда айыл чарбасынын королу болгом, Бакиевдин учурунда иштегеним жок, Акаевге каршы чыкпайын дедим. Атамбаев убагында «Элдик парламент» уюштуруп анын түбүнө жетерде, мени камап кутулган. Жээнбековдун убагында кутулуп чыккам. Жапаровго каршы сүйлөп менин айткандарым жер-сууга тараганы менен  чындыгын айтыш керек Ташиев менен пикирим жакшы

Шопур Эдик: - Эдик, эсиңе ал. Эдик, бул даңктуу кыймылдаткычтын үй-бүлөсүнөн чыккан татыгы жок учкундун кайда чачырап кеткенин бир алла билет.

Шурик: - Менин эшегим деле баспай жатпайбы.

Шопур Эдик: - Мунун карбюратору кылымдан кылымга соолуп калсын.

Шурик: - Бул кайсы сулуу кыз?

Шопур Эдик: - Эмне, тааныбайсыңбы, бул бүт кыргызды титиретип турган Орусиядагы элчи эмеспи.

Шурик: - Кыргыз кыргызга  душман! Чек арабызды чечип албасак кечигип баратабыз. Жогорку Кеңештин комитетиндеги чек ара боюнча талкууга катышыптым. Ал жерге ЖК мурдагы төрагалары.Шеримкулов, Матубраимов, оппозициянын жана биздин «Коомдук кеңеш» уюмунун өкүлдөрү катышты. Эскерте кетсем, биздин уюмдун бийликке да, оппозицияга да тиешеси жок. Калыс позицияны карманып келе жатабыз.

Шопур Эдик: - Эдик кыргыз! Мен деле мамлекеттин «баранкасын» тегеретип турам.

Шурик: Талкуу оң натыйжа берди. Ал өтө зарыл болгону анык тастыкталды. Анткени, каралган маселе боюнча толук кандуу маалымат боло элек болчу. Коомчулук негизинен имиштерге таянып ар түркүн пикирлерди айтып, жазып жатты. Буга чейин бийлик маалымат жагынан чабалдыгын көрсөтүп келген. Алгачкы ирет кеңири маалымат берилди. Баяндаманы УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жасады.

Шопур Эдик - Кеттик бул кыздын артынан.

Шурик: «Коомдук кеңеш» уюмунун теңтөрагасы, генерал Исмаил Исаков келишимдин долбоорун кубаттай турганын билдирди. Ал киши буга чейин бийликтин чек ара боюнча аракетин сындап келген. Бирок долбоор менен таанышкан соң, «мамлекеттик коопсуздук өңүтүнөн алганда оор чечимдердин ичинен бизге жарактуусун тандайлы» деген принципти айтып, эки өлкөнүн ынтымагы үчүн бул маселени кечиктирбей чечуу зарылдыгын белгиледи.

(Шурик Нинанын артынан жөнөйт)

Нина: - Сиз менин артымдан эмне ээрчип алдыңыз?

Шурик: - Мен эмес, мына бу эшегим.

Нина: - Аа, эшек дебейсизби...

Шурик: - Кудай буюрса, эшек. Баары тең баса белгилеген жагдай – бул чек ара маселесине өтө олуттуу, аяр мамиле жасоо жана аны саясатташтырбоо болду. Ал эми талкуу жүрүшүндө келишим боюнча ачакей пикирлердин айтылганын пайдалуу көрүнүш катары гана кабылдообуз зарыл. Бийлик өкүлдөрү да, аларга каршы тарап да өз жүйөлөрүн далилдүү жана ынанымдуу айтып жатышты.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости