www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз эли, өзгөчө мына ошол Кемпир-Абаддын жээгинде жашаган эл, ата-бабасынын сөөктөрү кылымдап ошол жерге коюлган жергиликтүү калк абдан сыздап жатат. Мындай пикрин журналист Айданбек Акматов өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

“Өзбекстан ыраазы болуш керек эле, бийлик билиш керек эле...

Өзбекстан Кыргызстандын жеринде турган Кемпир-Абад суу сактагычын ондогон жылдардан бери бекер колдонуп келатат. Сууну каалагандай алат. Каалагандай колдонот. Жүз миңдеген гектар жерлерин сугарып, миллиарддап киреше таап жатат. Шаарлары гүлдөп, эли суу менен жашоосун жүргүзүп, өсүп-өнүгүп келатат.

Өзбекстан бул үчүн Кыргызстанга, кыргыз элине ыраазы болуш керек. Абдан эле ыраазы болуш керек. Каниет кылыш керек эле.

Бирок... Бирок Өзбекстан бекер колдонууга ыраазы болбой, Кемпир-Абадды суусу, турган жери, жээктери менен кошо эгемендүүлүгүнө алууну көздөп жатат. Ал максатына жетүү алдында турат. Анткени ага жардам бергендер биздин ичте болууда.

Бир-эки адамдын өз билемдиги, парламент мүчөлөрүнүн алардын көзүн карашы, айрым учурларда коркуусу менен бул ишке ашканы турат.

Кыргыз эли, өзгөчө мына ошол Кемпир-Абаддын жээгинде жашаган эл, ата-бабасынын сөөктөрү кылымдап ошол жерге коюлган жергиликтүү калк абдан сыздап жатат.

“Жүз гектарды ала бергиле дедим, андан кийин 50 гектар алгыла” дедим деп, бүтүндөй сүйлөшүүдө кабыл алынган чечимдерди ишенимден чыгарып, өтө чоң күмөн астына койгон оргу-баргы жетекчилер Кемпир-Абаддын стратегиялык маанисин да, мамлекет үчүн келечекте да өзгөчө керектүүлүгүн акыл-калчап көрсө болот эле...”, - деп белгилеген ал.

Эске салсак, 15-октябрда Ош облусунун Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу элдик курултай өтүп, ага бир катар оппозиционер саясатчылар катышкан. Анда суу сактагычты Өзбекстанга бербөө талабы коюлган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости