www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 20-октябрда, Жогорку Кеңештин беш фракциясы депутат Чыңгыз Айдарбековду Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана миграция боюнча комитетинин төрагалыгынан алуу талабын койду.

Эл өкүлү Элмурза Сатыбалдиев кеп депутаттын өзүндө эмес, жоопкерчиликти мойнуна албаганы менен түшүндүрдү.

«Мен Чыңгыз Айдарбековду сыйлайм, ал Кыргызстандагы сабаттуу жаштардын бири деп ойлойм. Кеп чек арада эмес, Кемпир-Абадда эмес, комитеттин жыйынын ачып, өткөрүп, аягында жоопкерчиликтен качып, комитеттин чечимине кол койбой койгонунда. Муну билишиңиздер керек, кесиптештер. Мен да кандайдыр бир кагаздын астына кол койгондордон эмесмин. Комитеттин ар бир төрагасы комитеттин чечимине кол коюуга милдеттүү, эгерде андай болбосо, анда ал жоопкерчиликтен качып жатат. Бул тууралуу аны менен жеке сүйлөштүм. Ал жерде 10 депутаттын ичинен өзү, балким башкалар каршы чыкса, төрага нотариус катары кол коюуга милдеттүү», - деди ал.

Анын сөзүн спикер Нурланбек Шакиев да тастыктады.

Депутат Марлен Маматалиев «Ынтымак» фракциясынын жарымы Айдарбековду комитеттин төрагалыгынан алууга каршы экенин билдирди.

Эске салсак, эл аралык иштер, коргоо жана миграция боюнча комитеттин жетекчиси Чыңгыз Айдарбеков кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо боюнча макулдашуу долбоорун колдоо маселесин караган жыйында кабыл алынган протоколго кол коюудан баш тарткан.

Буга чейин комитеттин алты мүчөсү келишимдин долбоорун жактырган, ага ылайык Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы 4485 гектар жер Өзбекстанга өтүп, Кыргызстан 19699 гектар жерди алат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости