www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мындан сегиз кылым мурун 1274-жылы моңголдордун Хубилай ханы эң мыкты куралданган кырк миң колу менен тынч жаткан япон жергесине кеме аркылуу кол салып кирет. Моңголдордун түрдүү замбиректери жана бир топ согуштук куралдарына каршы туруштук берип, самурайлар жан аябай салгылашат. Ээлеп алынган бир канча япон майда аралдарында моңголдор түшүмдөрүн өрттөп, кемпир-чалы менен наристесине карабай жырткыч сыңары мамиле жасашат. Моңголдор жебелерди жамгырдай жаадырып, айланада адамдар өлүккө толуп чыгат. Япон төбөлдөрү кандай айла кылаарын билбей турушкан маалда табият да адамдардын зөөкүрлүгүнө түтпөй кеттиби, кайдан-жайдан пайда боло калган каардуу тайфун Хубилайдын миң-сандаган аскерлери менен кошо кемелерин тыптыйпыл кырып салат. Жергесинде тирүү жүрүшкөн айрым баскынчыларды самурайлар катуу жазалап, өлүмгө буйрушат. 
Арадан аз мезгил өтпөй Хубилай хан көп сандаган колу менен кыжылдаган кытайга бийлик жүргүзө баштайт. Бир кездеги самурайлардан кууй турган куну, алалбай жүргөн кеги үчүн каарданып жети жыл катуу даярдык көрөт. Анан,1281-жылы моңгол колу экинчи жолу Японияга кол салат. 107 миңдей аскери менен япондорду багындырам деп демиккен Хубилайдын колун экинчи ирет деңиздин каардуу толкуну уруп, түгөлү менен кырылат. Мына ошондон кийин деңиздин үрөй учурган тайфунун япондор «Теңирдин шамалы» же «улуттун коргоочусу» деп атап калышат. . . 
Камикадзелердин атасы вице-адмирал Ониси ыктыярдуу топтун алдында каргыладанган үн менен: «Силер бир нерсени билгиңер келет. Силердин өз жаныңарды кыйгандан майнап чыгабы? Тилекке каршы, биз силерге жыйынтыгын айтып бералбайбыз. Бирок, мен силердин аракетиңерге акыр аягына чейин көз салып турам жана силердин эрдигиңерди императорго билдирем! Мен силерден колуңардан келгенин жасагыла деп өтүнөм!» -деп көздөрүнө жаш тегеренген. Адмиралдын сөздөрүндө эч кандай чакырык же ураан жок эле. Ал чын дилден сүйлөп, жана империянын тагдырын жапжаш жигиттердин колуна тапшырган. Анткени, коркунучта турган Японияны бир гана жаш жигиттерден турган ыктыярдуу топ сактай алат деген үмүт, ишеним зор болчу.

«Ками» - деген «Теңир» же «Улуу күч», ал эми «кадзе» - «шамал» деген маанини туюндуруп, «камикадзе» сөзү келип чыккан.

Которгон: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg     
 

 

Последние новости