www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кошоматчылар жоголмоюн биздин өлкөдө өнүгүү болбойт. Мындай пикирин экс-депутат Жылдызкан Жолдошева бүгүн, 25-ноябрда Бишкектеги Улуттук филармонияда өтүп жаткан Элдик курултайда билдирди.
"Бизге президенттик башкаруу болбойт экен. Башынан кандай кыйынчылык өтсө дагы, кимиси болбосун президенттик тактыга жеткенде "монстрга" айланат экен. Ошондуктан биздин өлкө парламенттик башкарууга өтүүсү зарыл", - деди Жолдошева.
Экс-депутат аталган маселеден сырткары дагы бир нече көйгөйлөрдү көтөрүп, кен байлыктар тууралуу сөз кылды.
"Менин билишимче 33 компания 300 сомдон сатып алып, азыр кен байлыктар сыртка чыгып жатат. Ушул маселени кароо керек.
Андан сырткары Баткен, Жала-Абад, Ош облусунда чек араны чечебиз дегенден кийин жерлерибиз тарып кетти. Миңдеген чакырым жерлерибиз кетип жатат. Бул маселеде өтө катуу тургула", - деди Жолдошева.
Андан соң ал өкмөт башчы Акылбек Жапаров менен президент Садыр Жапаровго кайрылды.
"Акылбек Үсөнбекович, Камбар-Ата-1 ГЭСин балким кошуна өлкөлөр менен салабыз деп айтып кеттиңиз. Билесиз да сиз кайсы бийлик менен гана иштеген жоксуз жана канча президентти кетирдиңиз. Айтайын дегеним, Камбар-Ата-1ди кошуна өлкө менен сала турган болсоңор, анда бизди эгемен өлкөдөн ажыратып коёсуңар. Алтындан кымбат бул - биздин суубуз, энергетика. Ошондуктан бул оюңардан кайткыла
Коррупция менен күрөшөбүз деп жатасыз, Садыр Нургожоевич. Кантип күрөшүп жатасыздар. 20 миллионду жеген Таалайбек Ибраев энергетика министри болуп отурат. Бул кышта биз өтө кыйналабыз.
Коррупция менен күрөшсөңөр анда депутаттарды коркутпай, өзүңүздүн командаңыздан баштаңыз, Садыр Нургожоевич. Аларга "крыша" болбоңуз.
Урматтуу Садыр Нургожоевич, сиз президенттик кызматка барып жатканда экөөбүз Ош шаарынын стадионунда кандай убадаларды бердик элек? Ошону аткарыңыз. Айрымдарын аткарып жатасыз, бирок, тескерисинче болуп жатат", - деди экс-депутат.
Ал ошондой эле, кошоматчылар жоголмоюн өлкөдө өнүгүү болбосун кошумчалап кетти.
Булак: NazarNews.kg