www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

42

Түн караңгы, жылуу жана желсиз жымжырт болчу. Асмандын бир жагында гана жылдыздар жаркырайт, анын экинчи жагындагы чоң бөлүгүн тоодон бери карай бир чоң булут каптаган. Калдайган кара булут тоо менен туташа шамалсыз акырын жылган калыбында  ийилген бир жак чети суңгуюк асмандан өзүнчө бөлүнүп, барган сайын ары карай шыпырыла берди. Бейшенбектин бабасы Дыйкан болуш баштаган топ атчандар жүрүшүн улантып баратты. Алар бүгүн үйлөрүнө кеч кайта тургандарын билишет. Дыйкан болуш баштаган атчандар Көл кылаасындагы Тоң болушу Батыркан манаптыкынан кеч чыгышкан.Баса кийинчерек,  Үркүн маалында Батыркан болуш да элин баштап орус жазалоочуларына каршы күрөшкөн. Батыркан болуш конок каадасын кылып кысыр эмди тайын союп конок кылган. Жөндөн –жөн эле элди дүрбөтө берүүнү каалабаган, кайрадан аларды дүрбөтө бербей Дыйкан болуш атынын башын Кочкорду көздөй буруп, жолдо башка мыктылардыкына токтобой эле өтө берген. Дыйкан болуштун оюна Батыркан болуш тууралуу айтылып жүргөн сөз эсине түштү.

 

Оо, Батыркан ойронум,

Самаркандан пул алдың,

Солтодон тандап муну алдың.

Акылы тайкы, нааданды,

Мал коротуп неге алдың?

 

Бухардан тандап пул алдың,

Бугунун кызын тул алдың,

Баркыңды билбес жаманды,

Пул коротуп неге алдың?

 

Кашкардан тандап пул алдың,

Катагандан муну алдың.

Каада билбес,нааданды,

Калың берип неге алдың?

 

Анжияндан пул алдың,

Азыктан тандап мени алдың.

Баркыңды жаңы билерде,

Үстүмө күнү неге алдың?

 

Кызыл байтал бооз –деп,

Кытайдын пулу кооз –деп.

Кытайга бардың мен үчүн,

Кылгырамын сиз үчүн.

Кылгыртып кеттиң кантейин,

Кыйналамын сиз үчүн.

Көл кылаасынын Тоң жайытында Батыркан манаптын төрт аялы бар эле. Биринчиси солто, экинчиси бугу, үчүнчүсү катаган, төртүнчүсү азык. Бир күнү Батыркан болуш ой –чубап жатып, өлүм эсине түшүп: “Мен деле өлөт турбаймынбы” –деп бушайман болот. Жанагы аялдарын кашына отургузат. “Мен өлгөндө кандай кошосуңар? Өлгөн соң билбей калам. Кана, мен жөнүндө азыр кошуп көргүлөчү? Көзүмдүн тирүүсүндө, өз кулагым менен угайын. Кимиң мени жакшы кошсоңор, ошону өзгөчө жакшы көрөм, бөлөкчө көңүл бөлөм!" дейт чунак Батыркан болуш. Типтирүү кишиге кайсы дайны жок аял кошок кошмок эле? Мындан өткөн кыйноо жок да. Ошондо, биринчиси солто,экинчиси бугу, үчүнчүсү катаган аялдары кошо албай коюп, төртүнчүсү азык аялы Калыйча деген абышкасын жоктоп, какшыктап төмөнкүдөй кошкон экен:

 

Кашкардан таап алдырдың,

Кара кашка койонду.

Кайгырып журтуң табалбайт.

Кан баатыр сиздей ойонду.

 

Самооруң алтын киши элең,

Сайдан өрдөк учурбас.

Сарала туйгун куш элең,

Санаасы жаман душмандын,

Башына тийген муш элең.

 

Оо, Батыркан ойронум,

Ой –Талаада коргонум.

Төгөрөктү соргонум.

Аа, Батыркан ойронум,

Ала –Башта коргонум,

Алакөз менен каабаны,

Ажыдардай соргонум.

 

Уу, Батыркан ойронум,

Жеп –ичсең да тойбодуң.

Жетимиш жашап жалганда,

Жер алдында сойлодуң.

Сексенге чыгып өлбөдүң,

Токсонго неге толбодуң?

Оо, Батыркан ойронум!

Азык аялы Калыйча жалаң ырчылыгынын аркасында Батырканга жагат. Бирок, таалайдын тамашасын көр! Кошокчу азык аялы Калыйча абышкасы Батыркандан мурда өлүп жатпайбы. Ошондо Батыркан болуш жети күн удаа Калыйчанын көрүнө барып, өбөктөп ыйлаган дешет.

 

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

 

 

Последние новости