www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин 20-февралдагы Бюджет жана экономика комитетинин отурумунда Эльвира Сурабалдиева "Не сахар" аталышындагы берүүнү алып барган, өздөрүн журналист санашкандар ишкерлерди текшергенге укугу барбы деген маселени көтөргөн. Анын кожоюну Эрулан Көкүлов экенин да айткан.
Ошонун эртеси Көкүловдун "Не сахар" берүүсүнүн балдары Сурабалдиевага тиешелүү машинанын тетиктерин саткан "Кудайберген" базарына жетип барышты. Мындай жорукту көргөндөр, депутат айым баш болуп "эмне тетиктердин мөөнөтү өтүп, эскирип кеткенин текшеришкени барышыптырбы" деп алардын бөрк ал десе, баш алат" болгон кылыктарына таң калышты. Чындыгында, акылга сыйгыс иш эмеспи. Андан да Салык кызматынын ролун аткарып ККМ текшеребиз дешкени кызык. Өзүнчө эле анекдот.
Конституцияда жеке менчик кол тийгис. Аны ар ким эле текшерип, чокчоңдой бергенге укугу жок. Ушуну депутат Көкүлов түшүнбөй жатканы кызык. Түшүнсө да эл өкүлү, кесиптеши Эльвира Сурабалдиева "Арча медиага" кыйытып айткандай "заказ" жыттанган иштерге кынык алып алган. Болбосо, мыйзамдуу жолдор менен элге кызмат кылуунун үлгүсүн көргөзмөк.
Дегенибиз, Эрулан Көкүлов бир жарым жылдан бери депутат болуп отурат, эмнеге элдин ден соолугун, саламаттыгын ойлосо тамак-аш коопсуздугу боюнча мыйзам жазып киргизе элек. Эмнеге ашкана иштеткен коомдук жайлардын тазалыгына көңүл бурулбай жатканы боюнча Санэпидемстанциянын ишмердүүлүгү тууралуу бир да жолу маселе көтөргөн жок.
Демек, андай кызыкчылыгы жок. Депутат Эльвира Сурабалдиева дал ушул жагдайды ташка тамга баскандай таасын түшүндүрүп айтты. Эми Көкүлов эсине келээр.
Булак: NazarNews.kg