www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын президентинин азыркы аракетин түшүндүрүүгө болбойт. Ал бир жагынан Путинди өмөктөп коргоп Орусия тарабында болуп жатса, экинчи тарабынан Рим папасы Францискти кабыл алып, Дмитрий Медведев менен челкилдеше кармашып Батыштын саясатын колдоодо. Карасаң Франциск кете электе Кытайдын лидери Си цзиньпин Нур-Султанга келет. Нур-Султандын аты өзгөрүлүшү мүмкүн. Балким анын Москвага улам барып жатканы Токаевге жакпай жаткандыр.Казакстанга көзү түшкөн Батыш аны Путиндин карамагынан чыгарууга аракети зор. Эгер Казакстан Орусия бийлигин тааныбай калса Кыргызстан менен деги эле Борбор Азия менен Орусиянын байланышы үзүлөт.

 Жакында Рим папасы Франциск дүйнөлүк диний лидерлердин курултайына катышуу үчүн Казакстанга барды. Аны аэропорттон Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев тосуп алганын “Азаттыктын” казак кызматы жазды. Рим папасы Франциск Казакстанда үч күн болот. Ал Борбор Азия өлкөсүнө келген экинчи папа болуп калды. 2001-жылы Рим папасы Иоанн Павел II Казакстанга ошол кездеги президент Нурсултан Назарбаевдин чакыруусу менен барган. 85 жаштагы Франциск 2013-жылы шайлангандан бери Борбор Азияга бара элек болчу. Ал Орусиянын Украинага кол салышын бир нече жолу айыптап, согушка каршылыгын билдирген. Фрэнсис буга чейин патриарх Кирилл менен диний лидерлердин саммиттинде жолугууга үмүттөнөрүн билдирген. Бирок өткөн аптада Орус православ чиркөөсүнүн төрагасынын басма сөз катчысы патриарх Кирилл бул иш-чарага катышпай турганын билдирген.

Арийне, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Нур-Султан шаарынын аталышын кайрадан Астана деп өзгөртүү тууралуу парламент депутаттарынын демилгесин колдоду.

Бул тууралуу Токаевдин басма сөз катчысы Руслан Желдибай "Фейсбук" баракчасына жазды:"Парламенттеги депутаттар тобу борбор калаага Астана деген мурдагы атын кайтаруу сунушун беришкени белгилүү. Бул демилгени президент билет. Депутаттар эл менен болгон жолугушууларда айтылган сунуштарга, референдумдун жүрүшүндө жарандардын көптөгөн кайрылууларына таянышты. Мажилистин депутаттарынын сунушу мамлекет башчынын макулдугу менен Конституциялык мыйзам долбооруна киргизилди", - деп жазды.

Касым-Жомарт Токаев Казакстандын мамлекеттүүлүгүн бекемдеп, борбордун пайдубалын түптөөдө өлкөнүн биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин салымы чоң экенин айтканы жазылган. Ушундан улам биринчи президенттин ысымы ыйгарылган башка объектилер өз аталыштарын сактап калышы керектигин билдирген.

Сентябрь айынын башында Мажилистин депутаттарынан түзүлгөн "Жаңы Казакстан" тобу Нур-Султан шаарынын аталышын кайра Астана деп өзгөртүү сунушун беришкен. Казакстандын борбору Астана шаары 2019-жылы өлкөнүн биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин ысымынан аталып Нур-Султан деп өзгөртүлгөн. Мындай сунушту Касым-Жомарт Токаев президенттик ишине киришип жатканда берген.

Июнь айында Казакстандын бийлиги Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум өткөрүп, анда биринчи президент Нурсултан Назарбаевге байланыштуу бардык беренелер, анын ичинде катары менен эки мөөнөттөн ашык шайланууга болгон укугу алынган.

Талдоочулар Январь окуясынан кийин Нурсултан Назарбаевдин бийликке таасири азайганын айтып келишет. Ал бул башаламандыктардан кийин Коопсуздук кеңешинин төрагалыгынан кеткен. Назарбаевге жакын бир катар аткаминерлер, туугандары кызматтан алынып, айрымдары камалды.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости