www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусундагы кырдаал боюнча акыркы маалыматты берди. 

«Чыңалуу бүгүнкү күндө көп деп айтсам да болот. Кечээ негизинен беш жерден биздин чек арага чабуул коюлду. Анын төртөө аскердик имараттарга болсо, бирөөсү жарандык объект болгон. Андан «Самаркандек» жерлигинде 10 жарандын имараты жабыркаган жана төрт жаран ар түрдүү жаракат алган. Кечээки чек арадагы чырдын негизги өзгөчөлүгү, булардын жарандар жашаган аймакка кол салгандыгы болуп жатат. Бул өтө кооптуу жана мыйзамсыз аракет. Мындан кийин да ушундай кадамдарын улантышса, биз сөзсүз түрдө адекваттуу чараларды колдонобуз. Ошол эле учурда биздин эки аскер кызматкерибиз да жаракат алышты» , — деди ал.

Эске сала кетсек, кечээ, 14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы үч жерде ар кайсы убакта ок атылган. Кыргызстандын Чек ара кызматы саат 08:10до Булак-Башыда, 14:00дө Как-Сай, 15:08де Паскы-Арык аймагында атышуу болгонун кабарлаган.

Кыргызстандын Чек ара кызматы атышуу учурунда тажик тараптан кара кийимчен, сакалчан адамдар эл жашаган аймактарды, үйлөрдү минемот менен аткылашканы өзгөчө кабатырлантып жатканын белгилөөдө.

Бишкек кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы чыр-чатакта Кыргызстан тараптан жалпысынан беш адам жараат алганын, алардын экөө аскер кызматкери, үчөө жай тургундар экенин кабарлаган.

Саламаттык сактоо министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы чатактан 11 жаштагы бала жараат алганын маалымдаган. Ал октон жаагынан жана сол ийнинен жараат алган. Абалы орточо оор деп бааланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости