www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Бишкектеги Өнүктүрүүчүлөрдүн биргелешкен жогорку штабынын” төрагасы кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестерине катталган кылмыш ишинин алкагында КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пункту ("Алдамчылык") жана 379-беренесинин 3-бөлүгү ("Документтерди жасалмалоо") менен Кыргызстандын “Т.А.” жана Т.М.Т. аттуу жарандарынын ишенимдерине кирип, өзүн Бишкек шаарынын мэриясынын кызматкеримин деп тааныштырып, борбор калаадан жер тилкелерин бөлүп берүүнү убада кылып, ири суммадагы акча каражатын алган КРнын жараны "А.М.М." кармалды.

"А.М.М." жабырлануучуларга турак жайларды куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү боюнча жасалма документтерди бергендиги аныкталган.

Белгилей кетсек, тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүү учурунда А.М.М. соттун санкциясы боюнча анын жогоруда аталган фактыларга катыштыгы бар экендигин тастыктаган төгүндөлгүс далилдер табылган. Ошол эле учурда акыркысы кылмыш ишине тиешеси бар документтерди өрттөп жок кылууга аракет кылган.

Учурда кылмышка шектүүнүн ушул сыяктуу башка фактыларга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.

"А.М.М." кылмыштуу аракеттеринен жабыркаган жарандар кандайдыр бир маалыматка ээ болсо, төмөнкү ишеним телефондоруна кайрылууга болот: 0312 62-05-85 жана 0312 64-04-75.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости