www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Билим берүү тармагына мамлекеттик инвестициянын көлөмү келерки жылы 64 млрд сомго чейин жогорулатылат. Бул тууралуу Бишкек шаарындагы Мурас-Ордо жаңы конушундагы мектептин ачылыш аземинде министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

«Бүгүн 5 жылдан бери курулушу бүткөрүлбөй келген мектепти ачып жатабыз. Анын курулушуна 136 млн сомго жакын каражат бөлүнгөн. Мектеп заманбап технологиялар менен жабдылган жана эл аралык стандарттарга жооп берет. Тактап айтканда, 40 класска проектор экрандары орнотулуп, жыгач устачылык жана ашпозчулук класстары бар, тигүү жабдыктары орнотулуп, спорт залы жана спорт аянтчасы курулган. Мындан тышкары стоматологиялык кабинет иштейт. Бул шарттардын баары мурда жеке менчик мектептерде гана болсо, эми мамлекеттик мектептерде да мындай шарттар болот. Көрсөтүлгөн инфраструктура донорлордун эсебинен эмес, бюджеттик каражаттардын эсебинен түзүлдү», - деди ал.

Министрлер Кабинетинин башчысы билим берүү тармагында жүргүзүлүп жаткан реформаларга токтолуп, күчтүү кесипкөй кадрлар менен чыңдоо үчүн мектеп директорлорун аттестациялоо жана ротациялоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Акылбек Жапаров быйыл билим берүү тармагына 47 млрд сом бөлүнгөнүн, келерки жылы мамлекеттик инвестициянын көлөмү 64 млрд сомго чейин көбөйтүлөрүн белгиледи.

«Мектептерди өнүктүрүүгө 5 млрд сом бөлүүнү пландап жатабыз. Министрлер Кабинети мектеп окуучуларын ноутбуктар, жаңы электрондук окуу китептери менен камсыз кылуу, дүйнөнүн алдыңкы мамлекеттеринин тажрыйбасын өздөштүрүү боюнча иштерди жүргүзүүдө. Бул мектепке кыргыз элинин залкар жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун ысымы ыйгарылган.

Мындан ары мектептерге, бала бакчаларга жана башка социалдык-маданий объектилерге тарыхый инсандардын, улуттук классиктердин ысымдары ыйгарылат. Кыргыз Республикасынын Президенти мамлекеттик саясатты өзгөртүүдө. Мамлекет өнүгүү курсун алды. Бизге элдин колдоосу гана керек, бизге биримдик, тынчтык жана ар тараптуу өнүгүү керек», - деди Жапаров.

Андан соң Акылбек Жапаров жана Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров мектепти көрүп чыгышып, мектеп окуучулары менен баарлашып, билим берүү мекемесинин аймагын жашылдандыруу иш-чарасына катышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости