www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия Түркмөнстандын өтүнүчүн аткарды

Түркия Түркмөнстандын жарандары үчүн визасыз режимди жокко чыгарды. Бул тууралуу өкмөттүн расмий гезити билдирди.

Тиешелүү жарлыкка Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган кол койду. Жарлыкта визалык режим канча убакытка чейин жарактуу болоору так көрсөтүлгөн эмес.

Жарлык менен өкмөттүн 2007-жылдын 19-июлундагы токтому жокко чыгарылат. Ага ылайык, Түркмөнстандын жарандары туристтик максатта Түркияда 30 күнгө чейин визасыз жүрө алышат.

Буга чейин Түркмөнстандын өкмөтү түркмөндөр үчүн визасыз режимди жокко чыгаруу өтүнүчү менен Түркияга кайрылган.

Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, бул Түркмөнстандын жарандарынын Түркия Республикасында жүрүү эрежелерин жакшыртуу жана аны системалуу түрдө киргизүү максатында жасалды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости