www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өлкөдө электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилгенин тастыктады. Эмомали Рахмон Нурек шаарында жашоочулар жана активисттер менен жолугуп жатып, ушул тапта "дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү энергетикалык каатчылыкка кептелгенин, атүгүл айрым өнүккөн мамлекеттер да электр-жылуулук системаларына чектөө киргизгенин” айтты. "Азыр жылуу аба ырайынан пайдаланып, өлкөдө электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилген. Бирок бул убактылуу нерсе. Чектөө кыш мезгилинде калкты электр кубаты менен толук камсыздоо үчүн киргизилди", — деди Рахмон. Ал элди жарыкты үнөмдөөгө чакырды. Эмомали Рахмон Нурек шаарына Нурек гидроэлектростанциясынын биринчи агрегатынын ишке берилишине байланыштуу барган.

 "Алдын ала маалыматтар боюнча Тажикстан кайрадан согуш ачууга даярданып жатканы ыраспы? Бул жагы саясый чөйрөдө талкуулана баштады. Эгерде үчүнчү ирет тажиктер Баткенге бастырып киришсе, туруштук бере алабызбы?" деген собол жүрөктү түйшөлдүрүп жатат. Бир нече жылдардан бери Тажикстан согушка даярданып атат. Өзгөчө Афганистандын талибдери менен. Себеби, бүгүнкү күндө Афганистандагы тажиктер үч провинцияда: Тахор, Тоолуу Бадахшан жана Панджшер капчыгайларында талибдер менен катуу согушуп жатышат. Тажикстан расмий ачыгын айтпаса да акыркы маалыматтарга караганда, афгандык тажиктерди курал-жарак, ок -дары менен камсыздап, ал жактан качып келген боордошторун эки жылдан бери жаап-жашырып багып атканы белгилүү. Ошон үчүн алар талибдерге каршы согушка даярданганы анык.

Тажиктерди курал-жарак менен кимдер күчтөнтүп атат? "Талибдерге каршы согушабыз, ОДКБга кирген мамлекеттерге коркунуч келтирет" деген таризде көптөгөн глобалдуу себептерин айтып, акыркы убакта Орусиядан көп сандагы курал-жарактарды, акыркы үлгүдөгү танктарды, РСЗО, "Ураган", "Град", ж.б.у.с. аскер техникаларын алышкан. Чалгындоочу учкучу жок аппараттар көбөйгөн. Вертолет, СУ-24 самолетторун алышкан. Бүгүнкү күндө Тажикстандын согушка биринчи кезекте талибдерге каршы даярдыктары жаман эмес.

Афганистандан качкан тажик улутундагы аскерлер Тажикстанга көптөгөн учактарды апкелген. “Блэкхаус” деген Американын вертолетторун, транспорттук учактар, мындан тышкары, жакынкы арада тажиктерге АКШ тарабынан чоң жардам катары санариптик радио түйүндөрү, согуштук атайын техникалары берилип, мындан үч ай мурун машыгуусун өткөзгөнүн билебиз. Булар талибдерге каршы коргонуу, согушка даярдоо иштерин көрүп атышат.

Акыркы бир айдын ичинде Афганистандын талибдеринин талаа командирлери, ТИМдин орун басары тажиктер менен өзбектерге катуу эскертүү берди, "убагында Афганистандын аскерлери алып кеткен аба учактарын, техникаларын кайра кайрып бергиле же болбосо силер менен башкача сүйлөшөбүз" дешип.

А башкалары "биздин айтканды укпасаңар, афгандык тажиктерге жардам бергенди токтотпосоңор, эки жуманын ичинде силерди басып алабыз" деген мааниде эскертип келишет. Ошон үчүн согушка даярдыгы бар.

2021-жылдын апрель айынын аягында Лейлек районундагы Максат, Кулунду, Интернацонал деген айылдарга кол салып, өрттөгөнүн өрттөп, бир жарым миң баштай малын айдап кетти, административдик имараттарды, чек ара заставаларын талкалап, турак үйлөрдөгү мүлктөрүн уурдап-тоноп алып кеткендери белгилүү.

Головныйдын жанында жайгашкан айылдарды миномет менен атып, биздин жарандардын 36сы каза болгон. А биздин мамлекет аларды агрессор катары эл аралык сотторго бере алган жок, жыйынтык чыгарышпады. Талкаланган үйлөрдү куруу, калыбына келтирүү, алып кеткен мүлктөрдү кайтарып берүү жагына чара колдонулбай калды.

Өздөрүнүн жоопкерчилигин сезбегенден кийин быйыл дагы Лейлектен баштап Баткен районунун Аксай жергесине чейин катуу чабуул жасап, 3-4 айылды басып алып, 700гө жакын үйлөрдү өрттөп, талап-тоноп, агрессиялык иштерди жасап, ошонун натыйжасында биздин 63 жараныбыз каза болду. Эки жүздөй киши катуу жаракат алды. 140 миңдей адам үйлөрүн таштап, жер которууга аргасыз болушту. Эгерде ушулардын баарын эске ала турган болсок, демек, талибдерге даярданган согуштук ыкмаларын жөнөкөй, тынч жаткан коңшулаш элге көрөзгөнү – бул дагы бир жолу агрессордук иштерин айгинелеп турат.

Жакын арада тынчтык келишимине кол коюшуп, ошол келишимде убактысынча бир заставаны, үч чек ара постун алып, "эки жактыкы тең" деп алар кандайдыр бир тактикалык жактан утушка ээ болду. Ал эми Кыргызстан аргасыздан ушундай келишимге мажбур болду десем жаңылышпайм. Бирок ачыгын айтыш керек, бүгүнкү күндө Москвадагы сүйлөшүүлөрдөн кийин Кыргызстан менен Тажикстан президенттеринин ортолорундагы айтышуусу, бир пикирге келишпестик дагы бир жолу айгинеленип, ал эми тажик президенти "Кыргызстандын Лейлек районунун жартысы же болбосо толугу менен биздики, керек болсо басып алам" деп, андан тышкары, "Ворухка кеткен жол түз болуш керек, эч кандай анклав эмес" деген пикирин ачык билдиргени – алардын кокус жагдай болуп калса бизге агрессорлук чабуул жасап, согуш ачууга даярданганын көргөзүп турат.

Даярдаган: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости