www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен Германиянын канцлери Олаф Шольцтун мамилеси муздак, эки өлкөнүн лидерлери биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүүгө да батына алышпайт. Бул тууралуу РИА Новости Politico басылмасына таянуу менен билдирди.

Басылма белгилегендей, француз жана немис жардамчылары жолугушуу жакшы өттү деп айтышканы менен, биргелешкен басма сөз билдирүүнүн жоктугу башканы көрсөтүп турат. "Евробиримдиктин эки экономикалык державасынын лидерлери Эммануэль Макрон менен Олаф Шольцтун мамилелери азыр ушунчалык муздак болгондуктан, алар басма сөздүн алдына чогуу чыгууга да батынбай жатышат", - деп белгилейт Politico.

Басылманын маалыматы боюнча, Шольц келерки аптада Пекинге Макронсуз барып, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушууну пландап жатканы француз өкмөтүн кыжырданткан.

Кошумчалай кетсек, эки өлкөнүн лидерлери акыркы кездери энергетикалык кризистен кантип чыгуу, Европанын коргонуу алсыздыгын кантип жеңүү, Пекин менен кантип эң жакшы мамиле кылуу тууралуу талашып-тартышууда.

Буга чейин Макрон канцлер Шольц француз бийликтери менен кеңешпей туруп өз өлкөсүнүн энергетика тармагына кам көргөнүнө нааразы болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости