www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ: Эли ачка, өзү ток министр

Быйылкы жылдын 10-июлуна чейин "Айыл чарбасын каржылоо – 11" долбоорунун алкагында жалпысынан 3 миллиард 096 миллион 628 миң сомдук 6 886 насыя берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. "Айыл чарбасын каржылоо — 11" долбоорунун алкагында насыя дыйкандарга 6 пайыздык чен менен берилет. Өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча 789 миллион 161 миң сомдук, мал чарбачылык категориясы боюнча 2 миллиард 307 миллион 467 миң сомдук жеңилдетилген кредит ээсин тапты.

Каражат төмөнкү банктар аркылуу бөлүндү:

"Айыл банк" — 1 миллиард 551 миллион 864 миң сом;

"РСК банк" — 1 миллиард 544 миллион 764 миң сом.

Баса, бул жылы арзан кредит берүү шарттары өзгөргөн. Мурда элеттиктер каражатты жети банк аркылуу алып келсе, эми "Айыл банк" менен "РСК банктан" гана алууга мүмкүн болот. Ошондой эле мал чарбачылыгы жана өсүмдүк өстүрүү категорияларына эле берилет.Быйыл "Айыл чарбасын каржылоо — 11" долбооруна республикалык бюджеттен 3,3 миллиард сом каралган.

Совет учурунда айыл чарба министри азык-түлүккө болгон баанын кымбаттоосу үчүн кызматынан шыпырылып түшмөк. Эми болсо мен эмнени билет элем деп ийнин куушуруп кетиши мүмкүн. Бирок айыл чарба министри менен Антимонополияга каршы комитет баанын өсүшүн тыя албаса, анда баанын өсүшүн ким тыят? Өзбекстандын базарларына малды чыгарар замат эт кымбаттады. Өзбекстан менен Казакстан жардам катары миңдеген тонна азык-түлүк, ун жана башкаларды берип жатат. Бааны жөндөбө калайык-калкка кыйынчылык туулганы турат.

Айыл чарба министрлигин кимдер жетектеген:

Жумгалбек Аманбаев (айыл чарбасы боюнча вице-премьер), Бекболот Талгарбеков (айыл чарбасы боюнча вице-премьер, айыл чарба министри), Асанов Карыпбек, Эмил Узакбаев, Турдуназир Бекбоев, Нурбек Мурашев, Чодуев Эркинбек, Тилек Токтогазиев, Аскар Жаныбеков.

Айыл чарба министрлигинин коррупцияланышканы тууралуу уу-дуу кеп эмгиче тарай элек. Бул жерде атка минерлер менен алыпсатарлар биригип алышып ЕАЭБге кирбеген Өзбекстан, Тажикстандан айыл чарба продукцияларын ЕАЭБге кирген Орусия, Казакстанга салыгы жок өз товарыбыз жок деп сатышып, кыргыздын имиджин кетирген. Министр Аскар Жаныбеков айыл чарбада иштеген дыйкандар менен жолугушууда кайрадан кооперативге кирүү маселеси тууралуу сөз кылып жатат. Мурун айыл чарбасында кооперациянын негизин түзгөн колхоз-совхоздор таратылган. Дыйкандар өтө майда дыйкан чарбаларына бөлүнүп кеткен. Ошондон бери нече ирет буларды ирилештирүү тууралуу маселе көтөрүлүп келатат. Кооперацияга бириксе айыл чарбасын пландаштыруу да жеңил болмок. Өлкөдө өндүрүлгөн продукцияларды ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге гана эмес, Европага ташуу мүмкүнчүлүгү дагы чоң. Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Евробиримдиктин "ВСП+" же жалпы жеңилдиктер системасын колдонууга уруксатты биринчилерден алган. Бирок ошол мүмкүнчүлүктү колдонуп жатабы? Ачык айтканда толук кандуу пайдалана албай жатат. Бул боюнча Пакистандан атайын эксперттер келип, бизнесмендер менен тажрыйба бөлүшүп кетишти. Учурда жалпы жеңилдиктер системасын колдонуу уруксатын мыкты өздөштүрүп кеткен Пакистан сыяктуу өлкөлөрдөн кеңеш алып, ишти алдыга жылдыруу керек эле. Маселен, Бангладеш, Шри-Ланка, Пакистан өлкөлөрү мындай мүмкүнчүлүктү жакшы пайдаланып кетти. Бангладештин продукцияларынын 90 пайызы Европага экспорттолот, бизде болсо 5-6 пайызы гана.

"ВСП+" менен Кыргызстан ийгиликтүү иш алып барып кете албай жатканынын бир топ себептери бар. Эң негизгилеринин бири - сертификациялоо, өлкөдө эл аралык деңгээлдеги лабораториялардын жоктугунан ишкерлер товарларынын сапатын тастыкташ үчүн коңшу өлкөлөрдөн текшертүүгө аргасыз болушат.

Мындан сырткары логистикалык борборлор жетишсиз. Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда талапка жооп берген 11 гана логистикалык борбор иштейт. "ВСП+" га жөнөтөлгөн бир топ товарлар бажы төлөмдөрүнөн бошотулган. Товарлардын көпчүлүгү Британия, Белгия, Германия, Литва сыяктуу мамлекеттерге жиберилет. Экспортко негизинен айыл- чарба продукцияларынан: козу карын, төө буурчак, жашылча-жемиштер, кургатылган жемиштер, жаңгак, пахта жөнөтүлөт. Эт-сүт экспорттолот. Жаңы айыл чарба министринин бул жакка да көңүл бурушуна тилектешпиз.

Министр болгуча элдин жыргатабыз дегендер, министр болор менен айлыкты ойлой баштады, эмне аларга алтындан айлык берсинби?

Бадыраң өстүргөндөн башканы билбей Текебаевдин командасына кошулуп тили менен жер жалагандар бар. Мурунку бийликти жоготуп элди жыргатабыз деген жөн эле саясий амбициясы экен. Анткени, Ак үйдү өрттөшүп, жанталашып бийлик талашып киришти. Ачка турган элди ойлогон эч ким жок, Кыргызстан мыйзам талаасынан чыгып, мүңкүрөп калды. Кечээ эле Текебаевдин командасында калкты жыргатам деген Тилек Токтогазиев айыл чарба министрлигине келгени катуу иштеп жаткандай болгон бирок көп өтпөй айлык маянасынын аздыгын, кызматкерлердин иштөө абалы айтып чыкты. Эмне Токтогазиевге алтындан айлыгына берсинби? Качан жумушчулардын иштөө шартын оңдоп бергенде гана ишин так билген адис кызматкерлерди сактап каларын белгилеп жүрүп кызматыф менен кош айтышкан.

Алдамчылыгы менен аты Ала-Тоого угулуп, кээ бирөөнөн бир жарым миллион доллар алып төлөбөй жүргөн Чодуев тууралуу сөз болмокчу. Өзүнүн башындагы чөптү көрбөгөн адамдар же ашынган сынчы, же Чодуевдей ырчы болуп калышат экен. Бир кездеги тияк-бияктан жулуп чогулткан акчалар Чодуевди безге сайып тынчтык бербей жатабы? Атамбаев учурунда Чодуевдин бийик кызматтарга жетишинин себеби каякта? Эл билбейт дейт көрүнөт. Эл баарын байкап, билип турат. Андан да бир кызык нерсе, Чодуев Жалал-Абад обулусунда пахта иштетем деп бир жарым миллион долларды эмне себептен жеп койду эле? Көрсө, Чодуев Жалал-Абаддагы өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө иле баштаган экен. Эшикти жапса тешиктен, тешикти бүтөсө эшиктен, баарын чүмбөттөп салса түндүктөн түшчү Чодуев не себептен мынчалык жигердүү болуп калган. Бирөөнүн таза эмгегин жеген адамдар каргышка калышат дешет. Аттиң, бети калың мындай мырзаларга эч нерсе таасир этпейт го,министрден кетсе башка жакка барып жармашат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости