www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шымы шыпырылган чиновник үй камагына чыкты

"13-июлда Бишкек шаардык соту зордуктоого аракет кылган деп айыпталган жигитти үй камагына чыгарды", - деп адвокат Замир Жоошев Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымында, айыпталуучунун пайдасына күчтүү далилдерди камтыган эки видеоматериал бар жана бул видеолор Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү Рустам Кубанычбековго берилген. Бирок тергөөчү арыз ээсинин сөзүн гана жетекчиликке аларын айтат.

Жоошев видеодо кыздын унаадан сыртка чыгып, жерге жатып калганы, анан ошол эле абалда чачын түздөп, колу менен ишарат кылып, жигит тарапка бир нерсе айтып жатканы көрсөтүлгөнүнө көңүл бурду.

“Тагыраак айтканда, ал өзүнө коркунуч жаратты делген адамдан качкан эмес, бул учурда жигит кыздын буюмдарын: алдында отурган кезде алдыңкы жүргүнчү отургучка чечип кеткен бут кийимдерин чогултат, мурда чечип койгон сөйкөлөрү жана сумкасы да бар”, - деп жазган Жоошев.

Ал белгилегендей, жигиттин шымынын шыпырылып калганынын себеби бар.

Жигиттин айтымында, ал кыз менен бир жылдан ашык убакыттан бери тааныш, ал менен турмуш курууну пландаган. Окуядан бир күн мурун кыз аны менен жигити катары тойго барууну сунуштаган, бирок бала баш тарткан.

“Окуя болгон күнү, 14-июнда үйдө уктап калыптырмын, ойгонсо кыздан билдирүү келип, WhatsAppтан жоопсуз чалуулар болуп жатканын көргөн, кыз апасы экөөнү тойдон алып кетүүсүн өтүнгөн. Макул болуп, аларды үйүнө чейин жеткирген.Түнкү саат бирлерде кыздын апасы үйдө калган. Ал эми жаштар унаасын улантып, Токтогул жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Пеликан Экспресс” дүкөнүнүн жанына токтотушкан. Кыз бут кийимин чечип, алдыңкы жүргүнчү отургучтан арткы олтургучка өткөн.

Жигит да кайра эшикке чыгып, арткы олтургучка олтурган. Алар ошол жерде түнкү саат үчкө чейин болушту. Эмнегедир алардын ортосунда чыр чыгып кеткен. Ошол маалда бала аны жеткирип коюуну сунуштаган. Бирок кыз бир маалда жигитти ура баштаган, натыйжада ал аны унаадан чыгарып, андан кийин буюмдарын тапшырып, ал үйгө жөө кеткен. Жигит кыз үйүнө жеткенин көрүп, өзүнүн үйүнө кеткен, — деп Жоошев айыпталуучунун сөзүн айтып берди.

Адвокат эртеси кыз апасы менен Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө барып, жаш жигитти зордуктоого аракет кылган деп айыптап арыз жазганын айтат. Жоошевдин айтымында, айыпталуучу тергөөгө жардам берген.

24-июнда тергөөчү айыпталуучуну эки айга СИЗОго камоо өтүнүчү менен сотко кайрылып, анын өтүнүчүн шектүү эркиндикте жүргөндө тергөөгө кийлигишет, күбөлөргө кысым көрсөтөт жана тергөө органынан жашырынып кетет деп түшүндүргөн. Сот шектүүнү 22-июлга чейин СИЗОдо камакка алды.

Бишкек шаардык соту шектүүгө карата баш коргоо чарасын үй камагына өзгөрттү. Сот тарабынан соттолуучу сакталышы керек болгон үй камагына конкреттүү чектөөлөр белгиленген.

“Тергөөчү Рустам Кубанычбеков кылмышка шектүү деп кармалган жигиттин көрсөтмөлөрүндөгү карама-каршылыктарды жоюу үчүн шектүү менен арыз ээсин беттештирүүгө аргасыз болгон. Бирок ал ушул убакка чейин мындай тергөө амалдарын жүргүзө элек. Тергөөчү 30-июнга чейин “Пеликан Экспресс” администрациясында сакталган окуянын толук видеосу өчүрүлгөн”, - деди Жоошев жана прокуратурага жазган арызында тергөөчүгө каршы чыкканын кошумчалады.

"Айыпталуучунун жана анын жакындарынын чыр-чатакты тынчтык жолу менен чечүүгө болгон мамилеси акырына чейин күчүндө. Бирок бул жаран кылбаганын мойнуна алат дегенди билдирбейт", - деп жыйынтыктады адвокат.

Эске салса кетсек, буга чейин социалдык тармактарда Токтогул-Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде жол тандабастын арткы орундугунда кыз менен жигиттин чыр-чатагы тартылган видео тараган.

Окуя болгон күнү, тагыраагы, 15-июнда, 27 жаштагы кыз тааныш жигит күч колдонуп жыныстык катнашка баргысы келгенин айтып, милицияга кайрылган.

Көп өтпөй видеотасмадагы адам чиновник экени белгилүү болгон. Ал тЖаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин мурдагы кызматкери болуп чыкты.

Айыпталуучу 1993-жылы туулган Б.Б. Кылмыш-жаза кодексинин 37-154-беренеси (Зордуктоого аракет кылуу) боюнча шектелип, 22-июнда милиция кызматкерлери тарабынан кармалган.  Ал 22-июлга чейин СИЗО-1ге жайгаштырылган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости