www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Бала болуп башына жүн чыкканы» НПО менен келаткан Эдил Байсалов Жээнбеков президент болгону Улуу Британияга элчиликке кетсе, Жапаров келгени бийликтин бийик тепкичинде «ыңаалап» отурат. Дагы бир Жапаров анын түзмө-түз ачандиги. Эки Жапаровду мактаганда Байсаловдун оозунан кара көбүк былжырап чыгат. Адам укугун коргоочу аттуу-баштуу эле адам 2002-жылы Аксы окуясында 6 адам каза болгонун угуп: «6 эмес 6 миң адам каза болсо биз бийликке көрсөтмөкпүз» -деп айтыптыр, 6 адамдын артында алты үй-бүлө трагедияга учурады, алты үй-бүлөдө атасыз балдар өстү. Ал эми адам укугун коргоочунун оюу боюнча, ал чет мамлекеттен келген акчасын акташ үчүн алты миң адам өлүп, алты миң үй-бүлөдө трагедия болуп, алты миң үй-бүлөдө же атасынан, же энесинен айрылып калыш керек экен.

Өзүнүн капчыгына акча толтуруш үчүн аша чапкандар

Мына ушундай өзүнүн капчыгына акча толтуруш үчүн аша чапкандар да бар. Кыргызстан эгемендүүлүккө жетишкен соң өкмөттүк эмес уюмдар  жамгырдан кийинки козу карындай жабалактап чыга келди. НПОлордун күңгөйү жана тескейи да бар. Күңгөйү НПОлорго таянып алышып Кыргызстандын өнүгүүсүн камсыз кылып жаткан өндүрүштөр да бар. Тескейи адам укугун сактайбыз деген шылтоо менен кээ бир өкмөттүк эмес уюмдар чет мамлекеттин акчаларына таянып алышып, Кыргызстандын жаман жагын чукулап дүйнөгө таанытып жиберишет.

Кыргызстанда адам укугун коргоо кээ бир учурда жалпы элдин көз карашынан четтеп кеткен учурлар бар. Мисалы кээ бир өкмөттүк эмес уюмдар «агып жаткан суунун багыты менен кетпей», агымга каршы сүзүшүп,

көпчүлүктүн кыжырына тийип жаткан учурлар да бар. Мисалы, улуттук кагылышууну баштоого шык берген адамдарды өкмөттүк эмес уюмдар  адам укугуна шылтоолоп колдогон учурлар жок эмес.

Пул үчүн кул болгондор да табылат

Башкысы демократиянын шарданы НПО эркиндигине байланыштуу. Чыныгы адам укугу бузулуп жаткан жерлерде адам укугун коргой турган НПО ооздоруна талкан сугунуп алгансып унчукпай калат. Ошондон улам өкмөттүк эмес уюмдардын айрымдары  өз возуйпасын аткарышпай, пул  акчанын кулу  болуп кеткендер деле көп. Алар өз позициясын саатына үч маал алмаштырып, же оң колу менен бир позицияны колдосо, сол колу менен башка позицияны колдоп, күндүз бирөөнө чуркаса, түнкүсүн дикилдеп башкага чуркайт.

Өкмөттүк эмес уюмдардын күңгөйү

Өкмөттүк эмес уюмдардын бары эле акчанын кулуна айланып кетти деген ойдон алыспыз. Экономикада , өндүрүштө, айыл чарбасында түзүлгөн НПО алгылыктуу иштерди иштеп жатат. Кыргызстанда логистикалык борборлорду куруу боюнча өкмөт тарабынан коюлган иш –талаптар бар. Өкмөттүк эмес уюмдар  тарабынан жакшы долбоорлор түзүлүп, кароо-сынактар уюштурулуп жатат. Ушундай долбоорлордун негизинде Кыргызстанда логистикалык борборлор ачылды. Бул логистикалык борборлордо дыйкандар ортодогу ортомчусу жок эле өздөрүнүн жайкысын маңдай терин төгүп иштеген эмгегинен пайда болгон продукцияларды элге өткөрө алат. Болбосо мындай да дыйкандар жайы боюу тынбай эмгектенип тапкан продукциясын арзан сатууда. Ошол эле мезгилде бул продукцияларды сатып алган калк кымбат сатып алып жатышат. Эмнеге дыйкан арзан сатып жатса, калк кымбат сатып алып жатат?  Так ушул жерде ортомчулар кирип алышып, дыйкандан арзан алышып, элге кымбат баада сатууда. Логистикалык борборлордо дыйкандар продукцияларын өздөрүн канааттандыра турган баада сатышса, сатып алуучу калк арзан баада сатып алышат. Ортомчулар тапкан пайданын барын жокко чыгарып, логистикалык борборлордо түздөн-түз сатып алуу жүргүзүлөт. Ар бир тиешелүү жерлерде мындай логистикалык борборлор ачылып, чүй облусу бул жерде да авангард болуп элге үлгү көрсөтүп турганы кубандырат.

 Жаштарды өнүктүрүү фонду тарабынан «Нью-Бишкек» сынагы болуп өттү, бул жерде жаштар Бишкектин эртеңи тууралуу архитектуралык, дизайндык жасалгаларын  даярдашып, мыкты добоор тандалып алынып сыйлыкка көрсөтүлдү. Бул биринчиден жаштардын демине-дем кошсо, экинчиден  эртең борборубуз кандай болорун, бүгүнтөн баштап камын көргөнүбүз дурус иш.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости