www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 2008-жылы 26-ноябрда эки тараптын коопсуздук кеңешининин катчылары кол койгон токтомдордо Ош-Баткен-Исфана жолун оңдоо эки тараптын тең кызыкчылыгына туура келет деп көрсөтүлгөн. Мына ошол кезде коопсуздук кеңешининин катчысы Адахан Мадумаров кол койгонум чындык, бирок юридикалык жактан токтом эмнеге жарайт эле деп жатат. Ал эмес эки президент кол коюшкан келишимдер ишке ашпай жатат деп.

Ал үчүн жол жана көпүрө курууга Исфара дарыясын жээктей кеткен 275 метр узундуктагы 5 гектар жер участогун Кыргызстанга өткөрүп берүү маселеси кайрадан каралган. Тажик тарап бирок бул милдеттемесин уруп да ойнобой, тоготпой койгон. Тажикстан убада кылган 5 гектар жер Кыргызстандын карамагына өтпөй калгандан кийин, кыргыз өкмөтү кыргыз-тажик чек ара тилкесин айланып өтмө жолду курууга киришкен. 23,5 чакырым аралыктагы автожолдун ал участкасы Европа Комиссиясынын долбоору боюнча 6 миллион 300 миң еврого каржыланган.

Мына ошондон кийин, кыргыз өкмөтү кийинки сүйлөшүүлөрдө, бөлүнбөй калган 5 гектар жер тилкесин Тажикстандын Исфара районундагы Ходжа-Ало участкасынан бөлүп берүүнү тажик өкмөтүнөн талап кыла баштаган. Бул тилке аркылуу кыргыз тарап Баткендеги “Айгүл-Таш” көмөк чордонунун жогорку чыңалуудагы электр линиясын Лейлекке алып өтүү жагын караштырган.

Бул боюнча кыргыз өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-апрелинде расмий Дүйшөмбүгө жолдогон кайрылуу катында көрсөтүлгөн. Бирок тажик тарабы маселени чечүүнү создуктуруп, ал сунушту кабыл алуудан да баш тарткан. Жыйынтыгында кыргыз тарабы аталган электр линиясын Тажикстандын аймагын айланып алып өтүүгө аргасыз болгон. Бул тажик тараптын экинчи ирет макулдашуунун шартын четке каккандыгы болуп эсептелет.

Макулдашуу шарттары аткарылбаганына карабай, ага өзгөртүү киргизүү боюнча кошумча токтомго 2009-жылы 24-декабрда Ош шаарында кол коюлган. Ушул колду ким койгон? Анда кыргыз тарап Ош-Баткен-Исфана жолунда кыргыз жарандарынын тоскоолдуксуз жүрүү максатын көздөп, Тажикстандын Чорку айылын аралап өткөн жолду оңдоого уруксат алуу менен гана чектелген. Бирок бул жол Тажикстандын миңдеген мигранттары Орусияга чыкчу бирден-бир артериялык автожол экенин кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү тажик тарапка эскертип, өзүнүн позициясын коргогон эмес. Макулдашууда тажик тараптын гана кызыкчылыгы бир тараптуу таңууланган.

Сөз аягы Тажикстанга кеткен 104 гектар жер тилкелери ал жакка толук өтүп кетти деп айтууга болбойт. Анткени, Тажикстанга өтөт деп болжолдонгон ЛЭПти курууга 104 гектар жер берилгени менен Тажикстан жол өтө турган 5 гектар жерди бизге берүүнү ойлоп да койгон эмес.

2009-жылы Лейлекке алып өтө турган электр линиясы үчүн да жер бербей койгон. Тажиктер бизден 5 гектар жерин аяп жатышса, биз эмнеге 104 гектарды баштан садага кылышыбыз керек?

Эл аралык конвенциянын негизинде бир тарап өзүнүн милдеттемесин аткарбай койсо, экинчи тараптын ошол келишимди бузуп салууга укугу бар.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости